ILAB системасында 4,6 млн ашык лабораториялык анализ тастыкталды
Саламаттык сактоону санариптик трансформациялоонун алкагында Sanarip Clinic, «Түндүк», iLAB маалыматтык системаларын жана «Иммунизация» маалыматтык системасын киргизүү иштери уланууда.
2026-жылдын башынан бери iLAB лабораториялык маалыматтык системасынын колдонуучуларынын саны 3 699га жетти. Тастыкталган лабораториялык анализдердин саны 4 млн 655 миңден ашты. Sanarip Clinic системасынан лабораториялык системага 2 млн 71 миң жолдомо жөнөтүлдү.
«Иммунизация» системасында биринчи жарым жылдыкта 3 млн 577 миң эмдөө катталып, колдонуучулардын саны 3 866ны түздү. Sanarip Clinic системасында 2 300дөн ашык электрондук медициналык китепче катталган. Аскердик-дарыгердик комиссияны санариптештирүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында аскерге чакырылуучу курактагы 788 жаран медициналык кароодон өттү.
