Жалал-Абадда 113 объектте курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
23 август

Жалал-Абадда 113 объектте курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунда быйыл жалпы 113 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алардын катарында Манас шаарындагы ири долбоорлордун бири болгон «Акылман» Президенттик мектеп-лицейи, 5200 орундуу спорт сарайы жана 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукана бар.

Облустун аймагында министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда 27 социалдык объект бүткөрүлдү. Учурда калган объекттерде да курулуш иштери кызуу уланууда.