ЛФК инструктору: Кесибимди адамдардын көздөрүнөн кубанычты көрсөткөнү үчүн жакшы көрөм
Дарылоо дене тарбиясынын (ЛФК) инструктор-методисти Алия Караван-Инфо менен болгон кызыктуу маегинде майыптуулугу бар жарандарга кандай жардам берээрин, майыптуулук бул өкүм эместигин, эң башкысы үмүттү үзбөй, жашоого болгон каалоону жоготпой, айыгып кетээрине ишенүү керектигин айтып берди.
– Алия, майыптуулугу бар адамдарга кантип машыктыруучу болуп калдыңыз?
- Көп жылдар бою Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында гимнастика кафедрасында сабак бердим. Анан өзүмдүн дипломумдун негизинде дарылоо дене тарбиясынын кабинетин ачып, далысы туура эмес калыптана баштаган жана май таман менен жабыркаган балдарга, далысы ооруган чоңдорго жардам берүүнү чечтим.
Кабинет ачылгандан беш жыл өткөндөн кийин гана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ден соолукту калыбына келтирүүчү машыгууларга келе башташты. Негизинен менталдык бузуулулары, церебралдык шал оорусу бар балдар, ошондой эле жол кырсыктарынан жана башка кырсыктардан жабыркаган адамдар келишти.
– Эмнеге ушул кесипти тандап алдыңыз эле?
– Кесипти мен тандаган жокмун, ал мени тандады (жылмайып).
– Кесибиңиз менен иштеп жатканыңызга көп болдубу?
– Болжол менен 15 жылдай.
– Кыйынчылыгы эмнеде жана эмнеси үчүн жакшы көрөсүз?
– Биздин кесиптеги эң оор нерсе, үмүтүн артын келген адамга жардам көрсөтө албай калуу же реабилитация каражаттарын тандоодо жаңылыштык кетирүү.
Кесибимди оорудан же кырсыктан кийин айыгаарынан үмүтүн үзүп, шаабайы сууп калган адамдарды жандантып, көздөрүнөн кубанычтын учкунун көрүүгө мүмкүнчүлүк бергени үчүн жакшы көрөм. Жөнөкөй машыгуулар жашоо сапатын жакшыртып, өзгөрүүлөргө жетелеши мүмкүн!
– Мен сизди кайсы бир деңгээлде психолог да болуп калганыңызды байкап жатам. Практикаңыздагы позитивдүү окуяларды айтып бере аласызбы?
– Андай окуялар абдан көп. Мисалы, ДЦП менен жабыркаган кыз машыгып жүрдү, ал 16 жашына чейин башка бирөөлөрдүн жардамы менен гана басчу экен. Менде 6 жыл дарылоо дене тарбиясы менен машыкты, Воронцовкада бир жылда бир жолу дарыланып жатты. Азыр анда баары жакшы: турмушка чыкты, эки балалуу болду. Мен ушинтип айткым келет: майыптуулук – бул өкүм эмес! Эгерде адамда жашоого болгон умтулуу болсо, баары ордуна келет!
– Бул окуя жүрөктү оптимизмге толтура экен. Бирок Кыргызстанда бул тармакта майыптуулугу бар адамдарга жардам бере турган адистер аз. Сиздин көз карашыңызда эмнеге ушундай жана акыбалды кантип өзгөртүүгө болот?
– Кыргызстанда дарылоо дене тарбиясы боюнча инструкторлор аздыгынын себебин так айта албайм. Кыязы, мурда Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында «Дарылоо дене тарбиясы жана массаж» кафедрасында 4 жылдап адистерди даярдаган окутуучулар азыр жок окшойт. Бирок учурда Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын базасында врач-реабилитологдорду даярдоо ачылганын айта алам. Менимче, бул майыптуулугу бар адамдарга жардам берүүдөгү эң маанилүү кадам.
– Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат! Оор, бирок асыл ишиңизге ийгилик каалайм!
