Таланттан аракетке: "Социалдык лифттер" Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?
20 ноябрь

Таланттан аракетке: "Социалдык лифттер" Кыргызстандагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө кандай таасир берет?

Өз мекенинде толук дараметин ача аларына ишенүү эмне үчүн маанилүү — бул жеке адам үчүн гана эмес, жалпы улуттун келечеги үчүн да эмнени билдирет? Россиялык "социалдык лифттер" жеке дараметти ачууга кандайча жардам берет жана Кыргызстандан катышкан жаштар алардан азыр кандай пайда көрүшүүдө? Бул суроолордун тегерегинде "Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү" ("Россия – страна возможностей") президенттик платформасынын Регионалдык жана эл аралык кызматташтык боюнча директору Василий Боков ой жүгүртөт.

 – Василий Сергеевич, эмне үчүн бүгүнкү күндө адам капиталын өнүктүрүү маселеси жөн гана билим берүү же карьера эмес, мамлекеттин келечегине тиешелүү маселеге айланып калды?

Анткени, түпкүлүгүндө, ар бир өлкөнүн өнүгүшү жаңы нерсени жаратууну билген жана жоопкерчиликти өз мойнуна ала алган адамдардан көз каранды. Ишканаларды курууга, технологияларды киргизүүгө жана университеттерди ачууга болот, бирок экономикалык жана социалдык натыйжалар адамдардын билими менен жөндөмдөрү иш жүзүндө колдонулганда гана жаралат.

Жөнөкөй бир аналогия бар. Адам өмүр бою окуйт: билим алат, ой жүгүртүүсүн машыктырат, мурда колунан келбейт деп ойлогон маселелерди чечүүгө аракет кылат. Анын потенциалы өзгөрүүсүз калбайт. Мамлекеттик масштабда да ушундай эле принцип иштейт. Кеп адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, алардын өсүшү, өз ордун табышы жана башкаларга пайда алып келиши үчүн шарт түзүүдө турат. 

Бүгүнкү күндө мамлекеттер технологиялар жана инвестициялар менен гана эмес, таланттуу адамдарды тартуу жана сактап калуу жөндөмү менен да атаандашууда. Эгерде адам өз мекенинде күчүн жумшай турган келечекти көрбөсө, ал аны башка жактан издей баштайт. Ошондуктан социалдык лифттер – бул жаштар үчүн экинчи даражадагы программа эмес, өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн куралдарынын бири. Бул милдет Россия үчүн да, Кыргызстан үчүн да актуалдуу.

– «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» президенттик платформасы дал ушул маселенин үстүндө иштеп жатат. Анын негизги натыйжасын кандай аныктайсыз? 

Платформа rsv.ru 2018-жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен түзүлгөн. Андан бери долбоорлорго жана сынактардын катышуучуларынын саны 25 миллиондон ашты. Бирок биз үчүн эң негизги көрсөткүч – бул катталгандардын же жеңүүчүлөрдүн саны эмес. Андан да маанилүүсү – адамдардын өз өлкөсүндө өзүн ишке ашыра аларына, жөндөмдүүлүктөрүн колдонуп, өз эмгеги менен жыйынтыкка жете аларына ишенүүсү. 

2017-жылы, Платформа түзүлгөнгө чейин, сурамжылоого катышкандардын 37%ы гана Россиядагы жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ишенишкен. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, ВЦИОМдун маалыматына ылайык, россиялыктардын 83%ы Россияда жаштар үчүн өзүн-өзү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилешкен. Биз үчүн бул маанилүү багыт – барган сайын адамдардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн кесиптик жана жеке келечегин Россия менен байланыштырышы принципиалдуу маселе.

 Ошондуктан таланттарды издөө менен эле чектелбейбиз. Долбоорлордо катышуучулар бааланат, окушат, насаатчылардын колдоосун алышат, командаларды табышат жана сынактардан кийин да байланышта болушат. Ушундай жол менен адамдык капитал – билим жана компетенциялар, ошондой эле социалдык капитал – ишеним, кесиптик байланыштар жана жаңы милдеттерди чогуу аткарууга жөндөмдүү адамдардын коомчулугу өнүгөт. 

– Мындай иштин принциптеринин бири катары сиз меритократияны атайсыз. Анын артында эмне турат жана ал практикада кантип колдонулат? 

Меритократия «татыктуулардын бийлиги» катары аныкталат. Мен үчүн бул принциптеги эң негизгиси – адамдын тегине, үй-бүлөсүнүн байлыгына же керектүү тааныштарынын бар-жогуна карабастан, өзүнүн жөндөмдүүлүгүнүн жана натыйжаларынын аркасында таанылууга жана кесиптик өсүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгү. 

Аны менен бирге, билим жана кесиптик тажрыйба келечектүү жетекчини мүнөздөгөн нерселердин бир гана бөлүгү. Мотивация, сынчыл ой жүгүртүү, командада иштөө, чечим кабыл алуу жана натыйжа үчүн жоопкерчилик алуу жөндөмү дагы кем эмес мааниге ээ. Дал ушул сапаттар татаал башкаруучулук милдеттерди аткара ала турган адамдарды аныктоого жардам берет.

 Мисал катары «Россия лидерлери» сынагын алсак болот. Анын катышуучулары башкаруучулук компетенциялары боюнча баалоодон өтүп, практикалык тапшырмаларды аткарышат. «Россия лидерлери. Команда» сынагынын алтынчы сезонунда башкаруучу командалардын ишине өзгөчө көңүл бурулган: мында жеке лидерлик гана эмес, башкалар менен биргеликте жыйынтыкка жетишүү жөндөмү да маанилүү. 

– Ал эми сынактан кийин эмне болот? Катышуучулардын андан аркы карьерасына карап, социалдык лифт иштеди деп айтууга болобу? 

«Россия лидерлери» сынагы өткөрүлгөн убакыттан бери 700дөн ашык катышуучу бийлик органдарында, муниципалдык башкарууда жана ири компанияларда жогорку кызматтарга дайындалды. 

Бирок кеп бир гана дайындоолордо эмес. Кимдир бирөө үчүн кийинки кадам стажировка, насаатчылык, жеке долбоор же пикирлеш адамдардын командасы болуп саналат. Биз бүтүрүүчүлөр менен иштөөнү улантабыз, сыйлык тапшырылгандан кийин эле өнүгүү токтоп калбайт эмеспи. Колдоо алган адам убакыттын өтүшү менен өзү да насаатчы болуп, жумуш орундарын түзө алат же өз шаары үчүн чечим сунуштай алат. Социалдык лифттердин кеңири таасири ушунда.

 – Бул мүмкүнчүлүктөр Кыргызстанда кандай колдонулуп жатат? Бүгүнкү күндө атап айта турган жыйынтыктар барбы? 

Президенттик платформанын rsv.ru долбоорлоруна жана сынактарына сегиз миңге жакын кыргызстандык жаран катышты. Бул көрсөткүч боюнча республика Россиядан тышкаркы бардык өлкөлөрдүн арасында экинчи орунда турат. Кыргыз-Орус Славян университети менен кызматташуунун алкагында 2024-жылы алгачкы чет элдик Компетенциялар борбору ачылды, анда студенттер өздөрүнүн универсалдуу көндүмдөрүн баалап, аларды кантип өнүктүрүүнү түшүнө алышат. Өткөн жылдар ичинде төрт миңден ашык студент компетенцияларды диагностикалоодон өтүштү. 

2026-жылдын июль айында КРСУнун «Проф.Старт» жайкы мектебинин алкагында Президенттик платформанын долбоорлорунун катышуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Билим берүү программасына 120 адам катышты. Катышуучулар ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана стратегиялык коммуникация көндүмдөрүн өркүндөтүштү.

– Социалдык лифттер биринчи кезекте келечектеги жетекчилер үчүн керек деп эсептелет. Ал эми спортто же заманбап маданиятта өзүн көрсөтүп жаткан жаштарчы?

Жөндөмдүүлүк башкарууда гана эмес, башка тармактарда да байкалат. Платформанын экосистемасына кирген «КАРДО» көчө маданияты жана спорту боюнча эл аралык сынак-сыйлыгы ар кайсы өлкөлөрдөн келген таланттуу жаштардын башын бириктирет. 2023-жылы кыргызстандык Данил Слета Гранд-финалда «Фриран» дисциплинасы боюнча «Мыкты трюк» атайын сыйлыгын алган. Кийинки жылы ал Японияда өткөн паркур боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан чыккан. 

2026-жылдын сентябрь айында Алтынай Исакунова Владивостокто өткөн «КАРДО» Гранд-финалында «Хип-хоп» багыты боюнча өнөрүн көрсөткөн. Алтынай берген маегинде Кыргызстанды жана өзүнүн «Nimble Fam» командасын таанытуу, башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен таанышуу жана эл аралык мелдештердин деңгээлин баалоо ал үчүн канчалык маанилүү болгонун айтып берген. 

Мындай долбоорлор чыгармачыл жана спорттук жамааттарга өз өлкөсүнүн чегинен тышкары да таанылууга жардам берет.

– Кесиптик чөйрөдө катышуучулар өздөрүнүн тармагы үчүн чечимдерди сунуштаган мисалдар барбы? 

2024-жылы «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын «Nomad Energy» командасы Президенттик платформанын колдоосу менен өткөрүлгөн «CASE-IN» эл аралык инженердик чемпионатында «Бурулуш жасаган чечим» сыйлыгына ээ болду. Жаш адистер керектөөчүлөр менен иштөө үчүн санариптик инструменттерди, анын ичинде «Менин жарыгым» тиркемесин жана кайрылууларды эсепке алуу тутумун сунушташкан. 

Кийинчерээк команда Кыргызстандын Энергетика министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланды.

 – Мындай долбоорлорго катышуу үчүн ал тууралуу маалыматка ээ болуу маанилүү. Ар кайсы аймактарда жашаган жаштар үчүн мындай мүмкүнчүлүктөрдү кантип жеткиликтүү кылса болот? 

Муну катышууну түшүнүктүү кылуу жана маалыматты ачыктоодон баштоо керек: кимдер арыз бере алат, тандоо кандай өтөт, катышуучу эмне алат дегендей. Дистанциялык этаптар каралган жерлерде биринчи кадамды жол кире чыгымдарысыз жасоого мүмкүндүк берет. Бирок бир гана санариптик аянтча жетишсиз. Долбоорду түшүнүүгө, даярданууга жана ага кошулууга жардам бере турган адамдар – жер-жерлердеги университеттер, окутуучулар, жаштар жана кесиптик коомчулуктар керек. 

– Кыргызстан башкаруучу кадрларды жана кадрдык резервди даярдоонун өзүнүн механизмдерин өнүктүрүүдө. Кызматташуунун кайсы багыттарын эң келечектүү деп эсептейсиз? 

Кыргызстанда ачык сынак процедуралары, анын ичинде e-Kyzmat порталы аркылуу документтерди тапшыруу иштеп жатат, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервин түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Президенттик платформа дагы келечектүү башкаруучуларды аныктоо жана өнүктүрүү боюнча олуттуу тажрыйба топтогон. Биз өз тараптан компетенцияларды баалоо, башкаруучу командаларды даярдоо жана сынактын катышуучуларын коштоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турабыз.

Биз кыргызстандык кесиптештерибиз менен биргеликте конкреттүү милдеттерди аныктоого жана республиканын муктаждыктарын эске алуу менен чечимдерди иштеп чыгууга даярбыз. Мындай иштин натыйжасына эки өлкөнүн адистеринин кесиптик өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачкан биргелешкен программалар жана долбоорлор айланышы мүмкүн. 

– Кыргызстандык жаш окурмандарга кандай кеңеш берет элеңиз? Ошондой эле Платформанын ишмердүүлүгүнүн кайсы коомдук натыйжасын негизги деп эсептейсиз? 

Мен жеке кызыкчылыктардан жана кесиптик максаттардан баштоону сунуштайт элем. Президенттик платформанын сайтынан (rsv.ru) учурдагы долбоорлор жана катышуу шарттары менен таанышса болот. Кыргызстандын жарандары үчүн шарттар конкреттүү сынакка жараша болот. КРСУнун студенттери да Компетенциялар борборунун кызматынан пайдалана алышат.

Эгерде башкы натыйжа жөнүндө айта турган болсок, биз үчүн бул адамдын өз мекенинде өзүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө болгон ишеними. Адамдар өзүнүн өнүгүүсү үчүн келечекти көргөндө жана келечегин өз өлкөсү менен байланыштырганда, мамлекетке жана анын институттарына болгон ишеним артат. Ал эми бул коомдун заманбап чакырыктарга туруштук берүүсүнүн эң маанилүү факторлорунун бири. Дал ошондуктан биз Президенттик платформаны Россияда калыптанып жаткан ишеним инфраструктурасынын бир бөлүгү катары карайбыз. Социалдык лифттерди өнүктүрүү эки өлкөнүн тең узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет.

Урмат Биринчиев