Нурдөөлөт Копоев, актер: “Кинодо жакшы ролду жаратууну күтүп жүрөм...”
5 апрель

Нурдөөлөт Копоев, актер: “Кинодо жакшы ролду жаратууну күтүп жүрөм...”

Актер, теле алып баруучу Нурдөөлөт Копоев жыйырма беш жылдан бери кыргыз маданиятына салымын кошуп, Мамлекеттик “Учур” жаштар театрында үзүрлүү эмгектенип келет. Бул жылдар аралыгында актерду бир нече республикалык сыйлыктар коштогон жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 

– Нурдөөлөт мырза, алгачкы суроомду өнөр жолуңуз, чыгармачылыгыңыз кандай нукта уланып жатканы тууралуу баштасак? 

– Арыбаңыздар, менин күйөрмандарым! Мен чыгармачылыктын чыйыр жолунда келе жатканыма жыйырма беш жылдын жүзү болду. Негизги иштеген жерим Мамлекеттик “Учур” жаштар театры болгондуктан, мен ал жакта актер жана труппа башчысы катары эмгектенип келем. Труппа башчысы – актерлердун келгени, кеткени, спектаклге кийген костюмдарына чейин карайт. Ошондой эле профсоюздук комитеттин төрагасы болуп иштейм. Мындан сырткары, теледе жана маданий иш-чараларда кызмат кылып келем.

– Сизди эл буга чейин "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр" деген сериалдардан көрүп жүргөн. Азыр эмнеге киного тартылган жоксуз?

– Ооба, кыргыз сериалдары жаңыдан башталып жаткан учурда мен да кастингден өтүп, “Апамдын махабаты” сериалында Кадыр агайдын образын жараттым. Азыркыга чейин мени жаман көрүп, Кадыр агай деп эстеп калышат (күлүп). Алгач “Учур” телетеатр болуп ачылгандыктан биз теле жаатында котормо, үн коштоо, алып баруучулук менен бирге алектендик. Анын ичинде, мен он жыл тынымсыз “Замана” таңкы студиясында теле алып баруучу болдум. Мындан сырткары, “Ала-Тоо таңшыйт”, “Жылдыздар манежде”, “Нукура кыргыз” долбоорлорунда алып баруучу болдум. Ошондуктан мени кино режиссерлор көбүнчө актер катары эмес, теле алып баруучу катары көрүштү окшойт деп ойлойм. Кино жаатында ийгилигим жок деп айтканым ушул. Кээде ичимден актер катары киного тартылбай жүргөнүмө өкүнүп калам. Кайра кинодо жылдызым жанган учур алдыда деп үмүттөнөм. Актриса эжебиз Анара Назаркулова өмүр бою театрда эмгектенип жүрүп, “Бейиш” киносунда жылдызы жанды. Жакында эле бир маегин окуп калдым “мен жетимишке келип улгайып баратканда жылдызым жанды” дептир. “Эч болбосо дагы кеч болсун” дегендей, менде да үмүт пайда болду. Кинодо жакшы ролду жаратууну күтүп жүрөм...

– Сахна сизди эмнеси менен тартып турат?

– Сахнанын өзүнүн касиети, өзүнө тартып турган күчү бар. Кээде үйдө ооруп жатканда спектаклдин репетициясына атайын барабыз. Себеби, спектакль ойноп жатып сакайып кетебиз. Канчалаган өнөр адамдарын бактылуу кылган сахна. Негизи тынбай аракеттенип эмгек кылса, сахна сөзсүз ийгиликке алып барат. Кыргызга супара кандай ыйык болсо, актерлорго сахна супарадай ыйык. Сахна алдамчылыкты, эки жүздүүлүктү жаман көрөт. Сахна аруулукту, иштермандарды дайыма касиети менен колдоп турат. Элге көрүнбөгөн өзгөчө сыйкыры менен арбап турат. Эсимде, Сабира Күмүшалиева апа 90 жашында кызына “мен улгайып театрга бара албай калдым, мени Кыргыз драма театрына алып баргылачы, сахнамды бир жыттап алайын” – дептир. Чындыгында саханын аурасы, өзүнүн жыты бар.

– Түрк элинин “Даңазалуу доор” сериалы кыргыз тилине которулуп, анда сиз Сүмбүл аганын үнүн коштодунуз, бул роль кандайча сизге буюрган?  

– “Даңазалуу доор” сериалы Кыргызстандагы абдан белгилүү долбоорлордун бири. Бул долбоорду “Котормо” студиясында иштеген “Учур” театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири, кесиптешибиз Кыял Төрөгулова жетектеп, өзү режиссерлук калып, башкы каарман Хюремдин үнүн коштогон. Анан ал кастинг менен баарыбызды алган. Ар бир ролго 2-3 актердун үнүн жаздырган экен. Бардык ролдогу актерлордун үнү табылып, бир гана Сүмбүлгө келгенде актерлордун үнү туура келбей жатканын айтып, Кыял мага чалды. “Сүлүк курттай болгон бирөө жүрөт, үнү дайыма “ойноп” турат экен, бул каарман бир учурда өзүн кыйын сезип, кээде байкуш экен. Сен сүйлөп көрчү” – деп. Мен ал сериалды көрбөптүрмүн. Эртеси барып сериалдын ар кайсы жеринен сүйлөтүп көрүп, жазып алып комиссияга көрсөтөм деди. Комиссия меникин дароо жактырыптыр, себеби, менден башка атаандаш жок эле (күлүп).  Бул сериал узун болгон үчүн көп убакыт которулду. Биз да кадимки гаремде, хан сарайда жүргөнсүп, көнүп да калганбыз. “Даңазалуу доор” сериалынын кыргызчага которулган үн коштоосунун 80 пайызын “Учур” театрынын актерлору жасаган. Бул сериал жүрөгүбүздө жашайт, оюбуздан кетпейт. Өзүбүз ойнобосок дагы, үнүбүз менен көрүүчүлөргө жеткирген чоң долбоор болду. Кийин актриса Мерли Узерли (Хюремди ойногон актриса) Бишкекке келгенде уюштуруучулар мени чакырып атайын жолуктурушту. Иш-чарага чейин аны менен учурашып, Сүмбүлдүн үнүн мен коштоп, элге Сүмбүл ага аталып калганымды айткам. Ал жакта тартип боюнча сахнага эч ким чыкпашы керек болчу экен. Бирок, Мерли Узерли өзү мени сахнага чакырып, чыгып калгам.

– Келинчегиңиз да актриса, экөөңүздөр бир спектаклде чогуу роль аткарган учур болобу?

– Келинчегим Зулфия Бейшенова Жамал Сейдакматова атындагы студияны бүткөн. “Учур” театрында экөөбүз чогуу иштейбиз. Спектаклдерде чогуу ойногон учурларыбыз болот. Мисалы, ал Акмөөрдүн ролун, мен Келдибек байдын ролунда болочоктогу кайнатасы болуп аткарган же мен атасы ал кызымды ойногон учурлар болот. Театрда бир үй-бүлө чогуу иштеген абдан жакшы. Театрдын ишин жакшы түшүнгөн үчүн бири-бирибизди колдоп гана турабыз. Акыркы убакта келинчегим бөйрөк оорусуна кабылып, бир топтон бери ден соолугу менен алышып жүрөт. Мен да колумдан келген жардамымды берип жатам.

– Балдарыңыз чоноюп калышса керек, канча жашка чыгышты, алардын таланттары байкалып жатабы?

– Тун уулубуз Кылычбекке бир жума толгондо чарчап калган, жерге бергенбиз. Андан кийин 2015-жылы уулубуз төрөлдү, “бул дүйнөнү байырлап, жашап калсын” деп ысымын Нурбайыр деп өзүм койгом. Азыр Нурбайыр 4-класста окуп жатат. Анан 2016-жылы 20-июнь өзүмдун туулган күнүмдө кызым төрөлдү. Ошол күнү “Замана” студиясынын эфирин бүтүрүп, театрга келип “бир аз эс алып турайынчы” – деп отургучта отуруп уктап кетиптирмин. Ойгонсом “Нуршайыр, Нуршайыр” деп сүйлөп жатыптырмын, “ой Нуршайыр дейм да, ал ким?” деп коем. Аңгыча эле келинчегим телефон чалып калды, “төрөт үйүнө келе кал, толгоом башталды” деп. Барсам, кыз төрөлдү. Мага Нуршайыр деген ысым аян сыяктуу берилгендей болду. Кызымдын ысымын Нуршайыр деп койдум. Азыр экөө ээрчишип мектепке чогуу барып келишет. Үйдөн чогуу жумуш кылышат. Театрга барып көрүүчү болушат. Биздин балдар “отличник” деп сүйүнүп жүрөбүз. Келечекте ким болушаарын убакыт көрсөтөт.  Бирок, азырынча менин балдарым ырчы-чоорчу, актерлукка шыктары жок.      

– “Учур” театры бүгүнкү күнгө чейин имараты жок, бирок, бир топ спектаклдерди чыгарып, элге тартуулап, чет элдик театр фестивалдарга да катышып келет. Театрда кандай жаңылыктар бар? 

– Мамлекеттик “Учур” жаштар театры алгач 2001-жылы президенттин колдоосу менен ачылган. Учурда театрда жыйырма актер эмгектенет. Биз өзүбүздү “араба үстүндө жүргөн театр” деп коебуз. Жыйырма беш жылдан бери театрыбыз, сахнабыз жок болгону менен ишибиз жакшы. Биздин репертуарда бала бакча, мектеп, окуу жайларга ылайыкталган чыгармалар, жомоктор, спектаклдер бар. Кыдырып, чакыруулар боюнча оюн-зоок тартуулап турабыз. Ал эми чоң сахнада ийгиликтерибиз абдан жакшы нукта келе жатат. Өткөн жылы Татарстанга барып “Чиркин өмүр” спектаклин ойноп, эл аралык Арт-Ордо фестивалында баш байгени алдык. Ошол эле спектакль менен Ош жергесинде Сейитказы Андабековдун 100 жылдыгына карата өткөн 13-театр фестивалында дагы баш байгени жеңип келдик. Демек, биздин театр алдыда келе жаткан театрлардын сап башында турат. Иранда өткөн эл аралык фестивалда “Бугу эне” спектаклин көрсөтүп келдик. Ушул жылдын июль айында Франция жергесинде өтө турчу “Авиньон” дүйнөлүк театр фестивалына “Бугу-Эне” спектаклибиз менен барган жатабыз. Франциядан атайын беш комиссия келип, Кыргызстандан беш-алты спектакль көрүп, биздин “Бугу-Эне” спектаклибизди жактырышты. Азыр бизде даярдыктар жүрүп жатат. Дагы бир жакшы жаңылыгыбыз буюрса, жакында биздин театр жаңы имараттуу болгон жатат. Азырынча сыр болуп турсун!