Наззара Раззакова: Өзүнө, дараметине ишенбеген адамдар гана көралбастык кылышат
Наззара Раззакова көп кырдуу талант. Ал – актриса, ырчы, акын, обончу, аткаруучу. КР Жазуучулар союзунун, КР Театр ишмерлер союзунун мүчөсү. Эң башкысы, ал тамсилчи. Кыргыз адабиятында Мухтар Борбугуловдон кийин үзүлүп калган бул жанрды жанданткан, болгондо да жалгыз аял-тамсилчи. Жакында “Тамшандырган тамсилдер” аттуу китебинин ачылышын өткөргөн Наззара Раззакова бизге чыгармачылыктагы жолу тууралуу айтып берди.
– Биринчи суроо – сизди белгилүү куудул Рахман Разыковдун кызы деп айтышат, ушул чынбы?
– Ооба, мени ал кишинин кызы деп жаңылыш ойлоп алгандар көп. Фамилиябыз окшошуп кетет, бир тамгада гана айырма бар, анын үстүндө ал киши дагы саясий мүнөздөгү тамсилдерди жазчу. Балким, ушундан улам да кызы деп ойлошобу.
– Актриса, ырчы, акын, тамсилчи деп жатабыз, бир убакта баары болуу мүмкүн болбосо керек, жолуңуз кайсы тармактан башталган?
– Мектепти аяктагандан кийин театралдык окуу жайына тапшырып, өз заманынын чыгаан режиссеру Искендер Рыскуловдон билим алдым. Менин актриса болуум апама жакчу эмес, каршы чыкты. Жалгыз кызмын да, “өзүң жалгыз кыз болсоң, анан артист болосуңбу”, – дечү. Апамдын көңүлүн кыя албай КМУга журналистика факультетине тапшырып, бирок ошол эле убакта өзүмдүн да кыялымды кое бергим келбей, театралдык окуу жайга да өттүм. Акыры өзүмдүн көксөөм жеңди, актриса болдум. Абдан күчтүү педагогдор окутту. 2-курста окуп жүргөн кезимде Арсен Өмүралиев өзүнүн театрына актерлорду топтоп жаткан экен, бизге да келди. Менин ойногонумду жактырып калып, жумушка алды. Ошентип, 2-курстан тартып окуп да, иштеп да жүрдүм. Башкы ролдордун баарын ойнодум, театр менен бүт дүйнөнү кыдырып келдим.
– Ал кездер кандай элестери менен эсиңде калды?
– Ал кезди эстесем, сагыныч күчөйт. Жаштыктын шарапатында эртеден кечке жамаатыбыз менен ачка-токту да сезбей жыргап иштей берчүбүз. Жалаң фанаттар иштедик окшойт. 2000-жылдар, кыйынчылык кез болчу. Ачкачылыктан да өттүк десем болот. Бир самсы жеп алып эле керели кечке тынымсыз, жемиштүү иштеп, бизден өткөн бактылуу адам жок болчу. Арсен Өмүралиев таланттуу актер гана эмес, абдан мыкты, көрөгөч жетекчи да эле. Шаардык театр ошол жылдары доорун сүрдү. Казакстан, Россия, Түркмөнстандан режиссерлор келип бизге мастер-класс өткөрүшчү.
– А эмнеге театрдан кеттиң?
– Турмушка чыктым, балалуу болдум... Турмушка чыккандан кийин жумуш баары бир баштагыдай болбойт экен, башка толкунга түшөсүң. Өзүм да турмушка кеч, 29 жашымда чыктым. Анын үстүнө көкүрөгүмдө бир боштук пайда болду. Дагы өскүм келдиби, өзүмдү башка тармактан сынап көрүүгө убакыт жетти беле, айтор, бирдеме жетишпегенсип, туңгуюкка түшүп калгандай абалга кептелдим. Балким, бул чыгармачылык умтулуубу же чыгармачылыктагы өзгөрүүнү күттүмбү... Чыгармачыл адамдар чыгармачылыгы бир ордунда токтоп калганын сезишет. Андан ары кадам таштагысы, өскүсү келет.
– Чыгармачылыктагы жаңы демди ыр, тамсил жазуудан таптыңбы?
– Негизи, актерлукка кабыл алууда сөзсүз түрдө тамсил айттырат. Биздин бала кезде азыркыдай интернет, телефон деген жок, китеп менен чоңойбодукпу. Кыргыз жазуучулардын, дүйнөлүк жазуучулардын чыгармаларын окуп, китеп казып жүрүп, сөз байлык көбөйөт, андан барып жазуучулукка өзүңдөгү шык ойгонот экен. Мен тамсилдерди жөн гана окуп койбой, аткарып окуганды жакшы көрчүмүн. Театралдык окуу жайга киргенден кийин тамсилге куштарлануу башталды. Бизде бул жанрга кайрылган калемгерлер аз экен. Болгон чыгарманын баарын окудук, анан аларды улам кайталай бербей, жаңысын каалайсың. Ошентип жүрүп, өзүм жазып калдым. Быйыл бул жанрга кайрылганыма он жыл болду. Белгилүү жазуучу, акын Меңди Мамазаирова окуп калып, “Бизде тамсил жазгандар сейрек кездешет. Сен ушул жолуңдан кайтпа, Жазуучулар союзуна кел”, - деген акыл-насаатын айтып, кайсы бир деңгээлде устатыма айланды.
Поэзияга 2009-жылдан тартып кирдим. Обондуу ырларды да жаздым. “Билип кой”, “Куштар менен”, “Кетпе, досум кетпе” – алгачкы обондуу ырларым. 2016-жылы жашоомдо бурулуш орун алды – кыялымды беттеп баратып, сынгандай болдум. Бирок ошол сынганым мага трамплин болуп берди да, анткени, “Курттун кыялы” деген алгачкы тамсилим жазылды. Кыскача мааниси – курт күн сайын асманды тиктеп, көк аалам менен бир болуп учууну кыялданат. Ошондой күндөрдүн биринде чымчык тиштеген бойдон көккө көкөлөтүп чыгып, уясына алып барып, балапандарына жем кылып берет. Кыял орундалды – аз убакыт болсо да көктө учту, бирок ошончолук тез бүттү, курт жем болду. Мен ошондо өзүмдү жазгандай болгом, депрессия учурунда өзүмдү ким бирөөгө жем болгондой эле сезгем. Театрдан кеткениме өкүнгөндөй да болгом.
Кийин ушул тамсилимди театрды, сахнаны, ролдорумду сагынганда образга кирип айтып жүрдүм. “Курттун кыялы” менин чыгармачылыктагы экинчи чыйырымды таптап берди. Он жылдан бери 72 тамсил жазып, 3 китебимди жарыкка чыгардым.
– Театрдан кеткенден кийин эмне менен алектендиңиз?
– Ортодо ырдап да жүрдүм. Поэзия жазып, аны аткардым дагы. Мектепте да иштеп, балдарга сабак бердим. Азыркы максатым – көркөм сөз боюнча Наззара Раззакованын студиясын ачайын деп жатам.
– Көп кырдуу таланттар ошол көп кырдан өзүн издегендер болот го деп ойлойм. Сиз өзүңүздү кайсы жактан таптыңыз?
– “Мен киммин?” деген ырым бар. Ал так ушул өзүмдү издеген, анализдеген ойлорумдан улам жаралган. Азыр бул ыр менин визиттик карточкам. Бардык чыгармачылык кечелерим ушул ыр менен башталат.
Канча казып, өзүмдү изденсем да,
Түбүнө жете элекмин кен алуучу, – деген саптары бар.
Менде дайыма бир тынчсыздануу жашачу да. Азыр ойлоп көрсөм, ал менин башка да шык-жөндөмүм каккан коңгуроо окшойт. Мисалы, кээде үй жыйнап бүткөндөн кийин бир ишти жасабай унутуп койгондой сезим пайда болот го, ошол сыяктуу. Театрда иштеп жүргөндө эле ушундай боло берчүмүн. Аябай ойлондум, толгондум, жооп издөөгө аракеттендим. Акыры ушул ырым жазылды. Анан эле бардык кыйсыпыр түшкөн ойлор жоголуп кетсе болобу. Алардын баарын ушул ырга тизип койгондой, жашоом бир нукка түшүп, жандүйнөм тынчтанып калды. Азыр көкүрөгүм ток. Бактылуумун, сахнадан, чыгармачылыктан, деги эле жашоодон тапкан бакыттарым – тамсилдерим болуп калды. Театрга болгон кусалыгымды алар толуктады.
– Тамсилге идеяны кайдан аласыз?
– Кудай өзү берет. Ар кандай адамдарды жолуктурам же бир окуя угуп калам. Көчөдө баратканда да жөн жүрбөйм, ар бир көрүнүштөн, ар бир добуштан болочок чыгармамдын учугун табам.
– Жогоруда апаңыз актриса болууңузга каршы чыкканын айттыңыз, ал эми акындыкты кандай кабыл алды?
– Апам эч убакта мен ойногон театрга келген эмес. Өзүнүн чакан дүкөнү бар, андан бошобойт, анын үстүнө жол алыс. Айылда тиричилик да бүтпөйт эмеспи. Ага кошумча менин чыгармачылыгыма бир да кызыккан эмес. Каршы чыккан кесибине ээ болуп алганым үчүнбү, кайдыгер болчу. А атам театрга келип, аткарган ролдорумду көргөн үчүн, мени колдоп жүрдү. Бир жыл мурда Таласка чыгармачылык кечемди өткөрдүм, апам ага келди. Башында автобиография кетет да, кайсы ролдорду аткардым, кайсы жактарга бардым – баары сүрөт менен чагылдырылат. Анан апам айтып жатпайбы, “Көрсө, сен жөн жүрбөптүрсүң да, мунун баары канча деген эмгек. Чын эле сен менин кызымсыңбы? Мен сени баалабай жүргөн турбаймынбы”, – деп. Азыр аябай колдойт, китептеримди кошо сатышат.
– Бул сизге чоң стимул болсо керек?
– Албетте. Ошон үчүн да көкүрөгүм толуп калды окшойт. Болбосо, ага чейин апам “Ой, жыргап эле жүрөсүң да, артисттерге эмне”, – деп айтчу да. А чыгармачылык кечемде баарын түшүнүп, канча адамдын мени куттуктаганын көрүп, кубанып, кесибимди акыры кабыл алды. Бир сөзү эсиме катуу сакталды: “Сенин өмүрүң текке өтпөптүр, сени көп жыл түшүнбөй, колдобогон менин өмүрүм текке өтүптүр”, – деген. Башка адамдардын берген баасы башкача, а эненики такыр башкача эмеспи. Энеңдин сенин сүйгөн, берилген кесибиңди кабыл алганы өзүнчө айтып бүткүс керемет экен.
– Кесибиңиз жеке жашооңузга тоскоолдук жараткан учурлар болдубу?
– Жаш кезде сөз айткан күйөрман жигиттер көп болчу. Негедир менин аларга убактым болбоду. Анан бир жигитти жакшы көрдүм, бирок ал баш кошууга эки жолу бир шарт менен сунуш киргизди. Шарты – актрисалыкты ташта, үйдө отурасың. А мен театрды жүрөгүм, акылым менен сүйчүмүн. Театрга барбай калган күндөрү кадимкидей ооручу элем. Сахнанын тузу оор деп коет эмеспи. Ушундай абалда кантип шартына көнөт элем, албетте, баш тарттым. Жүрөгүмдүн тереңинде ал жигиттин мени сүйөөрүн сезчүмүн. Баары бир баш кошобуз деген ишеним бар болчу. Бирок капысынан башкага үйлөнүп алды. “Апам сага үйлөнүүмө каршы болуп койду”, - деп түшүндүрдү мындай кадамын. Бул мага катуу сокку болду, депрессияга түштүм.
– Театрдан баш тартсам болмок экен деген өкүнүч болдубу?
– Жок, ага өкүнгөн жокмун. Сенин тандооңду, сенин багыт алган жолуңду, кыялыңды адамдар өзүнүн ыңгайына бурууга аракеттенгени, эгер ал ишке ашпаса, бурулуп басып кетээри катуу тийди. Ушуга гана кейидим. Бирок азыр ойлосом, бул окуя мага чоң сабак болуптур, чыгармачылыгыма жаңы күч бериптир. Анткени, стресстин артынан жаңы нерсе жаралат. Башкысы – сабылып жата бербей, өзүңдүн ар бир сыныгыңды чогултуп, бүтөп, ордуңдан убагында туруп кетишиң керек. Мен кейип бүткөнүмдөн кийин обондуу ырларды жаздым. Мен үчүн ал жаңы тепкич болчу. Жашоомдогу ар бир кейиштүү окуя мага руханий өсүш гана болуп берди. Ошондуктан, ошол окуянын каармандарына рахматымды гана айтам. Силер болбосоңор, мен азыркы Наззара боло алмак эмесмин.
– Сиз депрессиядан жаңы күч алып чыгып кетиптирсиз, бирок бардык эле адамдарда мындай кылууга дарамет жетиштүү эмес да. Негизи эле, күчтүү болуу мүнөздөнбү?
– “Мүнөз – адамдын тагдырын аныктайт” деген сөз бар, мен ушуга ишенем. Мүнөз, кайрат болушу керек. Адамда руханий өсүш болбосо, Кудайга ишенбесе, Кудайга жалынбаса, өзүн изилдебесе, сабырдуу болбосо кыйын. Жаш кезде менин да сабырым жок болчу. Сындырган нерселердин баары сабырдуулукка алып келет экен. Азыр күткөндү билип, сабырдуу болуп калдым.
– Чыгармачылыкта интрига көп болоорун билебиз. Ушундай абалга да кабылдыңыз беле?
– Чыгармалык өсүү болуп жаткан жердин баарында атаандаштык болоору ырас. Бирок атаандаштык менен бут тосуу такыр башка нерсе. Мен бут тосууга каршымын. Ал эми интригадан абдан сокку алдым дей албайм, анткени, күчтүү болчумун. Бетке айтып, айтканымды талантым менен сахнада далилдечүмүн. Бирок менде бирөөгө көралбастык кылуу, бут тосуу деген жок, болгон да эмес. Биринчиден, Кудайдан корком, экинчиден, абийирим жол бербейт, үчүнчүдөн, өзүмө абдан ишенем. Тескерисинче, бирөө жакшы нерсе жасап жатса, чын дилимден суктанам. Айрым учурда ошондон өзүмө пайдалуу, керектүү нерсени алууга аракеттенем. Менимче, өзүнүн талантына, дараметине ишенбеген адамдар көмүскөдө, көшөгө артында калып кетпейин деген коркунучтан улам көралбастык кылышат.
