
Светлана Лаптаева: Чүйдүн Панфилов айылындагы И.В.Панфиловдун эстелигин оңдоодон өткөрүү манилүү
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Кыргызстандын «Биздин Жеңиш – Наша Победа» издөө кыймылынын координатору Светлана Лаптева эстеликтерди калыбына келтирүү жана тынчтыкты өз өмүрү менен коргогон жоокерлердин ысымдарын калтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Светлана Лаптева Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Жеңиш комитетинин медалы менен сыйланган, Ленинград блокадасынан аман калгандардын Кыргыз коомунун ардактуу мүчөсү.
– Кыргызстанда издөө кыймылы качан түптөлгөн?
– Кыргызстандагы “Биздин Жеңиш – Наша Победа” издөө кыймылы 2008-жылы Кыргызстан элине Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жана курман болгон жакындары тууралуу маалымат алуусуна көмөк көрсөтүү максатында Россияда түзүлгөн маалымат банктары тууралуу маалыматты жайылтуу, издөө темасына коочулуктун көңүлүн буруу үчүн уюштурулган.
Ушул эле максатта өлкөнүн ар кайсы аймактарында ушундай эле аталыштагы издөө топтору түзүлүп, алардын максаты аскер комиссариаттарындагы, ОБД Мемориал базасындагы, айыл архивдериндеги, үй-бүлөлүк маалыматтарды, ошондой эле бар болгон булактарды жалпы тактоо болгон. Ошондой эле маалымат жактан жана көмүлгөн жерлерди табууда жарандарга жардам көрсөтүлөт.
– Согуштун катышуучуларын издеп жаткандарга жардам көрсөтүү кантип ишке ашат?
– Бул үчүн издеп жаткандарга жардам иретинде 2010-жылы “Кантип издөө керек” жыйнагы чыгарылган. 1941-1945-жылдардагы баатырлардын эрдиктери боюнча издөө иштери жүрүп, алардын эрдиктери тууралуу массалык маалымат каражаттарында айтылып, видеотасмалар чыгып жатат. Эрдиктердин жаңы баяндары табылып калчу болсо, мектептерде, музейлерде баатырлардын жакындары, жердештери менен биргеликте «Жердештин эрдиги» бурчтары уюштурулуп, эрдиктер күнү, класстык сааттар жана «Баатырлар күнү» жолугушуулары өткөрүлөт.
Биздин кыймыл ошондой эле согуштун катышуучуларынын урпактары болгон кыргызстандыктардын согуш тууралуу эскерүүлөрүн чогултуу менен “Менин согуштагы окуям” акциясын өткөрүп келет.
Санкт-Петербургдун архиви менен иштөөнүн натыйжасында биз бир нече “блокада балдарынын” документтерин калыбына келтирүүгө жана курчоодон аман калгандардын юридикалык күбөлүктөрүн алууга көмөктөшө алдык.
Кайра куруу маалында жаракаттан каза болгон жоокерлердин жалпы көрүстөндөрү унутулуп калган. Россиянын, Кыргызстандын демөөрчүлөрүнүн жана элчиликтин катышуусунда бир нече сөөк коюлган жайлар табылып, оңдолду.
– Сиздердин “Биздин Жеңиш – Наша Победа” кыймылы жоокерлердин сөөгү көмүлгөн жерлерди издөө жана табуу боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Канча мүрзөлөрдү таап, ошол каардуу согушта курман болгондордун ысымдарын түбөлүккө калтыра алдыңыздар?
– Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Кыргыз ССРинде жайгашкан госпиталдарда каза болгон дарыгерлердин, жоокерлердин жана жарадарлардын толук маалыматтарын, тизмелерин издөө иштери жүрүп жатат. 2003-жылы «Биздин Жеңиш – Наша Победа» кыймылы тарабынан Ысык-Ата курортунда жоокерлердин көмүлгөн жери табылган, ал боюнча эч кандай документтер болгон эмес – күбөлөрдүн эскерүүлөрү жана бейит гана болгон. 2005-жылы ал жерге мемориалдык такта орнотулду.
Кант шаарындагы Жеңиш сейил багында иликтөө иштеринин жыйынтыгында жараатынан каза болгон эки офицердин аты-жөнү такталган – 1970-жылдары кайра көмүү учурунда алардын ысымдары эстеликке чегилген эмес. Алардын ысымдарын эстеликтин жанындагы тактага жаздырдык.
Жалал-Абадда беш жоокердин сөөгү коюлган жалпы көрүстөн жана Жалал-Абад облусунун башка айылдарында курман болгон дагы беш жоокердин ысымы жазылган белги табылды. Мүрзө Жалал-Абад облусунун славян диаспорасынан келген мекендештер жана издөө кызматтары тарабынан калыбына келтирилди.
Согуш учурунда Ак-Суу районунун Соколовка айылында каза болгон эки жарадар бейтаптын аты-жөнү да белгилүү болду. Жоокерлердин ысымдары жазылган такталар жасалып, учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат – ачылышы 9-майга чейин болот. Токмоктогу жалпы көрүстөндө да эч кандай белги болгон эмес, шаардык архив менен биргеликте мэриянын кызматкерлери көмүлгөндөрдүн тизмесин табууга жетишти, азыр тактада 20 адамдын ысымы бар.
Бишкектеги Кызыл-Аскер жалпы көрүстөнүндөгү 23 адамдын ысымы аныкталып, такталар орнотулду. Азыр аскер участогунда 260 ысым бар. Ош шаарында жалпы мүрзөлөрдү жергиликтүү тургун таап, аларды россиялык чек арачылар, мекендештер жана россиялык аскерлер өз каражатына калыбына келтирүүгө жардам беришкен. Учурда Коргоо министрлиги, атташе жана жергиликтүү бийлик органдары менен паспортторду бардык стандарттар боюнча тастыктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ошондой эле өмүрүн курмандыкка чалып эрдик көрсөткөн жоокерлерибиздин элесин түбөлүккө калтыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Эки баатыр белгилүү болгон эле, азыр Россиянын Смоленск жана Новгород облустарында, Ысык-Көлдөгү Григорьевкада, Чокталда мемориалдык такталар орнотулду. Россиянын Коргоо министрлигинин тарыхында биринчи жолу ЖККУнун Кант авиабазасындагы чабуулчу-учакка Советтер Союзунун Баатырынын ысымы ыйгарылды.
– “Боордош эс тутум – мектептердин боордоштугу” кыймылы тууралуу айтып берсеңиз.
– “Боордош эс тутум – мектептердин боордоштугу” кыймылынын максаттары – баатырлардын туулган жериндеги мектептерге баатырлардын эрдиги, өлүмү же Кыргыз ССРинде түзүлгөн аскер бөлүктөрүндөгү эрдиги тууралуу элестерди сактап калууга мүмкүнчүлүк берүү, биргелекте маалыматтарды издеп, Россияга бийлигинин жана башка өлкөлөрдүн органдарына жердештердин ысымын жалпы көрүстөндөрдө түбөлүккө калтыруу өтүнүчү менен кайрылуу. Кыймыл маалыматтарды бириктирет.
Бишкек шаарындагы №24 орто мектеп Россиянын Волоколамск областындагы Привокзальная орто мектебинин 40-атайын бригадасынын боордошу. Ысык-Көл районундагы Чоктал айылындагы орто мектеп Новгород районундагы Поддорье орто мектебинин боордошу (баатыр Акматша Түмөнбаев), Ичке-Жергез орто мектеби Старая Русса шаарындагы орто мектептин боордошу (баатыр Ранбек Огомбаев).
Кыймылдын катышуучулары болгон балдар жана мугалимдер Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы, тынчтыкты куруу жана медиация боюнча ар кандай масштабдуу конференцияларга катышышат. Маалыматтар жайылтылууда, ишке орус тили жана тарых мугалимдери, китепканачылар тартылган.
– Көп жылдар бою кыргызстандыктар Жеңиш күнүндө 1941-жылы панфиловчу баатырлар фашисттик баскынчыларга каршы салгылашкан жерлерге барышат. Чүй облусунун Панфилов айылындагы И.В.Панфиловдун эстелигин реставрациялоо иштери кандай жүрүп жатат?
– Панфилов дивизиясынын тарыхына байланыштуу эки районду: Кыргызстандагы Панфилов жана Россиянын Москва областындагы Волоколамский райондорун боордоштурууга уруксат берилген. 1941-жылдын 19-21-октябрында душманды өткөрбөй курман болгон 316-аткычтар дивизиясынын 9-ротасынын дайынсыз жоголгон жоокерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу үчүн Волоколамск облусунун Осташево айылына орнотуу үчүн эстелик жасалды. Кыргызстандын Чүй облусундагы Панфилов айылында орнотулган И.В.Панфиловдун эстелигин реставрациялоо маанилүү.
– Кыргызстанда Жеңиш күнүнө карата дагы кандай иш-чаралар өттү жана өтүп жатат?
– Биз бир нече жылдан бери Билим берүү министрлиги жана Коргоо министрлиги менен биргеликте “Жеңиш эстеликтерин сактайлы – Кыргызстан!” акциясын жүргүзүп келгенбиз, анда курман болгондордун элеттеги эстеликтеринин сүрөттөрүн аймактардан мектеп окуучулары, мугалимдер, жана айыл тургундары жөнөтүшөт. Издөө системасынын волонтеру аларды Россиянын Коргоо министрлигинин “Эскерүү жери” долбоорунун маалымат базасына, ошондой эле Фейсбуктагы “Бишкек жана Кыргызстандагы эстеликтер” баракчасына киргизет. КР Куралдуу Күчтөрүн колдоо, авиациянын тарыхы, медиация, тынчтыкты куруу боюнча акциялар жана сынактар өткөрүлүүдө.