Жанара Акматбекова: Кыргыз журналистикасы азыркы күндө изденүүдө
16 ноябрь

Жанара Акматбекова: Кыргыз журналистикасы азыркы күндө изденүүдө

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун эл аралык журналистика билим берүү программасынын жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жанара Адылбековна Акматбекова.

– Бүгүнкү күндө социология, политология, филология ж.б. илимдин бир бутагы болуп саналат (же өз алдынча илим), ал эми журналистикачы, журналистиканын илимдеги орду кайда?

– Журналистика бул эң байыркы кесип, себеби адам жаралганда эле анда айлана-чөйрөнү таанып билүү муктаждыгы кошо жандап келет. Адамдын көзү көрүп, кулагы угуп, жытты сезип турган абалында ал көп нерсени таанып билгиси келет, кармап көргүсү келет. Аны менен кошо анын дүйнө таанымы кеңейет, акылы өөрчүйт, логикалык ой талдоосу күчтөнөт. Алгачкы мезгилде чабармандар, ырчы-жарчылар, элчилер, ошол эле учурда соодагерлер маалыматты жеткирүүчү катары журналисттин айрым милдетин, кызматын да аткарышкан. Ал эми бүгүнкү заманда журналистика деген тармак пайда болуп, журналисттерди даярдап жатабыз. Суроонун башына келсек, дүйнө жүзүндө илим чөйрөсүндө эки ача пикир болуп жатат, АКШда журналистиканы Science of communication деп аташып, анын астында журналисттер, жарнамачылар ж.б. адистерди даярдап жатышат. Ал эми, Батыш, Чыгыш, ошол эле постсоветтик өлкөлөрдүн окумуштуулары арасында айрымдары журналистиканы “коммуникология” деп атап, илимдин бир бутагы катары тааныйлы дешсе, айрымдары жок журналистиканын теориялык аспектилери толук иштелип чыгып, бир жолго коюла элек, азырынча эрте деп келишет. Менин жеке пикиримде, он-он беш жыл аралыгында журналистиканы толук илимдин бир бутагы катары тааныйбыз ойлойм. 

– Сиз жогоруда айтыңыз, журналистиканын теориялык аспекттери толук иштелип чыга элек деп, бүгүнкү маалыматтык ачык мейкиндикте, технологиялык мүмкүнчүлүктөр кеңир. анда эмне тоскоол болууда?

– Бир маселени, көйгөйдү аныкташ үчүн ошол тармакка түздөн-түз тиешелүү адистин пикири, тажрыйбасына таянабыз, жана акыркы чечимди ошол адис берген сыяктуу эле, журналистиканын, анын теориялык аспектисин толук, терең түшүнүп-аңдаган адистердин санын аздыгында жатат. Мисалы, Кыргызстанда эле бул тармакта 3 илимдин доктору, 15ге жетпеген илимдин кандидаттары бар, коңшу мамлекеттерде деле ушуга окшош эле көрүнүш. Демек, журналистика илим болушу үчүн анын изилдеген илимпоздор өсүп жетилиши керек. Бул жагына келген Кыргызстанда журналистиканы изилдейм деген жаштардын катары жыл сайын көбөйүп жатканы мени кубандырат. Бизде маалымат алуу булактары ачык жана кеңири болгону менен технологиялык, техникалык тоскоолдуктар жаралат. Мисалы, айрым телеканалдардын, радиоберүүлөрдүн эфирдик материалдарын изилдөөдө архивдик материалдарды ала албайбыз. Көпчүлүк медиа уюмдардын архивдик материалдары көпкө сакталбайт. Аны эфир учурунда жаздырып алууга мүмкүн, бирок бул чоң көлөмдүү хаптарды талап кылат, ал эми мындай көлөмдүү маалыматтарды сактоочу түзүлүштөр арзан турбайт ж.б. деген сыяктуу маселелер келип чыгат. Андыктан, идимпоздор, бул тармакка кызыкккандар бар нерселер менен изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз. 

– Сиздин пикириңизде бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасынын абалы кандай?

– Жакшы эле, изденүү жолундабыз (жылмаю менен). Башка кубулуштар сыяктуу эле, кыргыз журналистикасынын өсүп-өнүгүшүнө өткөнкү басып өткөн тарыхыбыз, саясий системалар, элдин жашоо турмушка карата калыптанган кулк-мүнөзү, маанайы терең таасир этет. Анан ар бир элдин “маалыматты кабылдоо өзгөчөлүгү” болот, биз илимпоздор ошол кыргыздын маалыматты кабылдоосун толук изилдеп, жолго кое албай жатабыз го ойлойм. Бүгүн эми социалдык медиа биздин жашообузга сүңгүп кирди, аны менен кошо ар бирибиз маалымат жасоочу жана маалымат таркатуучуга айландык. Мындай учурда салттык ММКнын күчү, таасири басаңдай түшкөнү менен алар деле изденип, ошол соцмедиадан өз ордуларын табуунун аракетинде. Негизгиси, “сөз эркиндигин” туура түшүнүп, туура колдонгондугубузда жатат. А чындыгында Кыргызстанда журналисттик кесиптик этикалык кодекс коңшу мамлекеттерден алда канча эрте кыргызстандык журналисттердин демилгеси менен иштелип чыгып, жолго коюлгандыгы, биздин салттуу журналистиканын туура жолдо келе жаткандыгынан кабар берет.