Асель Керимбаева: Кооздук жаратып, адамдардын дүйнөсүнө жарык тартуулаган дизайнер
15 ноябрь

Асель Керимбаева: Кооздук жаратып, адамдардын дүйнөсүнө жарык тартуулаган дизайнер

Асель Керимбаева – жеке ишкер, дизайнер-интерьер, “Нан Дан” фирмасынын негиздөөчүсү.

– Асель айым, маегибизди баштаар алдында өзүңүздү кыскача тааныштырып өтсөңүз. Кайдансыз, кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз?

– Мен – Асель Керимбаева, 1979-жылдын жаз жыттанган 7-март күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарык дүйнөгө келгем. Балалыгымдын көп бөлүгү Таластын көк жайык талааларында өттү. Апамдын мээримдүү үнү, айылдын бейкапар жашоосу, эртең мененки ак таңдын жарыгы — баары менин жан дүйнөмдө унутулгус из калтырган. Ошол кездерде эле тагдыр мени кооздукка, тынчтыкка жана жаратууга багыттап жатканын билбесем да, жүрөгүмдүн тереңинде бир шоола бар болчу – укук коргоочу болуп, элге кызмат кылуу.

– Демек, юриспруденцияны тандаганыңыз да ошол тилек менен болгон экен да?

– Ооба. Ошол максат менен мен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетине тапшырып, “юрист” адистигин алдым. Бул мен үчүн чоң сыймык болчу. Ал кезде жаш, демдүү, идеалист адам катары коомго өз салымымды кошкум келчү. Бирок жашоонун өз жолу, өз сценарийи болот экен.

– Анан турмуш жолуңуз башталган экен, туурабы?

– Ооба, кийин турмуш жолум башталып, Москва шаарына көчүп кеттик. Он жыл бою ошол жакта жашап, балалуу болдук. Ал жылдар мен үчүн жаңы турмуш барактары ачылган мезгил болду. Чоочун өлкөдө жашоо, жаңы чөйрө, жаңы жоопкерчиликтер мени чыңдады. Эне катары да, жубай катары да, инсан катары да өсүү учуру болду.

– Андан кийин Кыргызстанга кайтып келгенден кийин жашооңуз жаңы өңгө ээ болгон тура?

– Туура айтасыз. 2015-жылы жүрөгүмдү сагындырган мекениме – Кыргызстаныма кайтып келдим. Алгач колума ийне-жип кармап, кийим тигүүчү цех ачтым. Ал менин алгачкы ишкердик кадамым болду. Жети жыл бою ар бир тигилген көйнөктө, ар бир жасалгадан менин колумдун жылуулугу, көзүмдүн көркү, ички сезимим байкалчу. Бирок убакыт өтүп, жүрөктүн түпкүрүндө дагы бир муктаждык пайда болду – “жаратуу” деген күч мени жаңы жолго чакырып турду.

– Ошондо интерьер дизайны ошол ички чакырыктын жообу болгон турбайбы?

– Дал ошондой. Мен интерьер дизайнын тандадым. Курс окуп, андан кийин ишке кириштим. Бул чөйрө мени толук бойдон өзүнө арбап алды. Азыр үйдүн төрт дубалы мен үчүн жөн гана курулуш эмес. Ал – адамдын ички дүйнөсүн, каалоосун, табитин жана түшүн айкындап турган сахна. Ар бир батирге киргенде мен ошол үйдө жашай турган адамдарды элестетем: алардын жылмаюусун, үй-бүлөлүк кечки чай үстүндө отурганын, балдарынын күлкүсүн. Ошондо мен кооздукка шыктанып, дем берип, ар бир бурчту махабат менен жасап чыгам. Бул – менин чыгармачылыгым, менин тилсиз поэзиям.

– Кооздукту жаратып жатып, кайсы стилди көбүнчө жактырасыз?

– Мага өзгөчө этно-стиль жагат. Бул – биздин тамырыбыз, элестүү тарыхыбыз, жыттанган байыркы салтыбыз. Этно-стиль – бул жөн гана жасалгалоо эмес, бул мурас. Айрыкча чет өлкөдө жашаган мекендештер ушул стилди өтө баалашат. Алар “үйдүн дубалдарында, килемдерде, жыгачтарда мекендин жыты жашайт” дешет. Бул сөздөр мага абдан жакын. Себеби менин ишимде мекендин деми дайыма сезилип турушу керек.

– Аял катары бир эле учурда ишкер, дизайнер, эне болуу — бул оңой эмес сыягы...

– Албетте, оңой эмес. Мен эки кыздын энесимин, алар менин демим, эргүүм, жашоомдун маңызы. Аял үчүн эң чоң жоопкерчилик — эне болуу. Бирок бүгүнкү заманда аялдын ролу муну менен чектелбейт. Аял үй-бүлөнү кармап, бизнес жүргүзүп, коомго да салым кошушу керек. Бизнесте да оор учурлар болот. Кээде кечинде “жумушчуларга айлык берилиши керек, кыздарыңдын керектөөсү бар” деген ойлор мээни өйүйт. Бирок ошол эле учурда мен өзүмдү колго алам. Себеби ар бир оор күндүн артында жарык келет. Ар бир тоскоолдуктун артында мүмкүнчүлүк жашынат. Ошол учурда аялдын ичиндеги күч, кайрат жана ишеним аны кайра көтөрөт.

– Сиз “Нан Дан” деген фирма ачкан экенсиз. Ошол тууралуу айтып берсеңиз.

– Ооба, бул дагы менин жүрөгүмө жакын долбоор. “Нан Дан” аттуу фирманы ачып, таза, ачыткысыз (дрожь) нан чыгарып баштаганбыз. Бул ишим да өзгөчө мааниге ээ болгон. Азырынча токтоп турат, бирок мен аны “жашап турган үмүт” катары көрөм. Себеби ар бир иштин артында адамдын ишеними жана энергиясы турат.

– Кызыңыздар менен көп саякат кыласыз деп уктук. Бул сиз үчүн жөн гана эс алуу эмес окшойт?

– Туура. Мен саякатты жөн гана эс алуу катары эмес, изденүү катары көрөм. Кыздарым менен дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө болдук. Мен туристтик жайларды эмес, ошол эл жашаган көчөлөрдү, базарларды, үйлөрдү көргүм келет. Эл менен сүйлөшүп, алардын жашоо образын, дүйнө таанымын түшүнгүм келет. Ар бир элде, ар бир көчөдө жаңы ойлор, жаңы сезимдер бар. Ошолор мени кайра Кыргызстанга болгон сүйүүмө кайтарат.

– Кыргызстанга болгон сүйүүңүз сөзүңүздүн ар бир жеринен сезилип турат. Биздин өлкө жөнүндө кандай ойлойсуз?

– Кыргызстан – менин мекеним, менин жүрөгүмдүн жери. Бул жерде дем аласың, бул жерде тамырың бар. Биздин өлкө кооз жаратылышы, меймандос эли жана жашоонун терең маңызын түшүнгөн маданияты менен өзгөчө. Чет өлкөдө иш жүргүзүп көрдүм, бирок Кыргызстанда чакан бизнес ачуу кыйла жеңил. Бюрократия азыраак, мүмкүнчүлүк көп. Болгону – кесибин сүйгөн, билимдүү кадрлар жетишпейт. Кээде жаштар материалдык жакты эле ойлоп калышат, бирок руханий канааттануу да маанилүү. Биздин эл – кыйынчылыкты жеңе билген, кайраттуу жана шыктанган эл. Аялдардын орду өзгөчө. Алар тарбиячы да, ишкер да, коомдун багытын көрсөтүүчү да болуп келишет. Мен ар бир кыргыз кызы өз тагдырын өзү жаратып жатат деп ишенем.

– Асель айым, акырына жете турган болсок, сиз үчүн бактылуулук эмнеде?

– Мен үчүн бактылуулук – өз жолуңду табууда. Сүйгөн ишиң менен алектенүүдө. Мен азыр ошол жолдомун. Колумдан келгендин баарын жасап, билгенимди башкалар менен бөлүшкүм келет. Ошол – чыныгы бакыт. Менин жашоом – жаратуунун, аракеттин, ишенимдин, үй-бүлөнүн жана мекенге болгон сүйүүнүн чагылдырылышы. Ошондуктан толук ишеним менен айта алам: мен бактылуумун!

– Рахмат, Асель айым! Сиздин жашооңуздагы мисал көп аялдарга дем берет деп ишенебиз.

– Рахмат. Эң негизгиси – өзүңө ишенүү, өз жолуңдан коркпоо жана сүйүү менен жашоо. Ошондо жашоо чындап бактылуу болот.