«Раймалы менен Бегимай» мюзиклинин башкы каарманы Арууке Абдыкалыкова: Тагдырдын буйругунан эч кайда кача албайсың
7 март

«Раймалы менен Бегимай» мюзиклинин башкы каарманы Арууке Абдыкалыкова: Тагдырдын буйругунан эч кайда кача албайсың

Жакында эле Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын залына «Раймалы менен Бегимай» мюзикли коюлду. Андагы башкы каарманды ойноп, мюзикл башталгандан бүткөнгө чейин өзүнүн талантын элге тартуулаган, Бегимайдын образын жараткан жаш талант Арууке Абдыкалыкова редакциябыздын төрүндө болду. 

– Саламатсыңбы Арууке? Алгач бул ролго кантип, кандайча болуп келгениңден кеп баштасак...

– Саламатсыздарбы? Негизи, буйруктан эч жакка качып кутула албайсың деген чындык экени мен үчүн  далилденди. Ошол күнү эл сыяктуу кастингге баргам. Эч даярдыгы жок тандоого барган мен эле болсом керек. Ал кездеги абалымды эстесем азыр да уялып кетем. Кастингден эки күн мурун мен жакшы тааныган Шер Жаннет деген эже вотсап номериме «27синде бир чоң долбоорго кастинг болот. Саат 13:00гө филармонияга бир кыргызча, бир казакча шаңдуу ыр даярдап кел!» деп жазды. Мен да «макул» деп койгом. Эки күн өтүп, мен  окуу, жумуш менен жүрө бериптирмин. 26-ноябрь кечинде мени кастингге чакырган эжеге «Эже, мен эч нерсе даярдаган жокмун, барбай эле коеюн. Даярдыгы жок барып жөн эле уят болом го», – дедим. Ал эжем мага ишенгенби, айтор: «Эч нерсеңди билбейм!  Өзүң сүйгөн бир-эки ыр менен келе бер. Жөн эле байкайбыз», – деди. 

– Даярдыгы жок кастингге барып кантип өтүп кеттиң анан?

– Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Буйруп койсо айла жок экен. Ошентип эртеси Москвага конкурска кете турчу курбума жардам берип базарда жүрсөм, баягы эжем чалып «бат кел» десе, коркуп кетип «баратам» дей салыпмын. Баш тартканга болбой калды, барайын деп автобуска түшүп алып филармонияны көздөй жөнөдүм.  Баратып ыр карап баратам, казакча ыр таппайм же шаңдуу ыр таппайм. Мен сүйгөн ырлардын баары жамгыр, булуттар, арзуу, арман жөнүндө экен. Филармонияга жетип чалсам «409-кабинетте күт» деди. Кирсем 5-6 кыз отуруптур. Сулуу кыздар. Бүт баарында бирден комуз. Шаңкылдап ырдап улам бирөөсү чыгат, кийинкиси кирет. Ошондо өзүмдү эч нерсеси жок жылаңачтай же бир тобунан адашкан өрдөктөй эле сездим. Ичимдеги ойлорумдун баары ушул таризде чубашты. Бүт комузда катыра ойногондор, элдик ырларды тыткандар,  мен эле ашыкча болуп турдум. Мен эми классиканы окуйм деп таптакыр элдик музыкадан алыс калыптырмын деп өз оюмда өзүмдү жемелеп коём. 

– Ал күнү кастингге кирдиң да...

– Чачтары өрүлгөн, кыргызча азем кийинишкен, колдорунда аспабы бар кыздарды көргөндө спорттук кийим менен барган мен ыңгайсыз эле калдым. Даярданып көрөйүн деп ыр караштырсам ал учурда казакча эмес, кыргызча сөздөр мээме кире турган эмес. Аңгыча уюштуруучуларга тыныгуу деп калышты. 

Ушундан пайдаланып уят болбой акырын кете берейин деп жыла басып качып жөнөдүм. Төртүнчү кабаттан түшүп келатып экинчи кабаттан режиссёр Умар байкени жолуктурдум. Учурашып эле «мен кете берейин. Өлүп кетейин, эч нерсе даярдаган  жокмун, - дедим. Режиссёр болбой кайра 4-кабатка көтөрүлдүк. 

Өйдө чыкканча өпкөм көптү, демим кысылды. Бышылдаган боюнча кастингге кирдим. Төрдө Умар байке, жанында мурда такыр көрбөгөн адамдар отурушту. Өзүмдү тааныштырган соң ырда дешти. К.Букалаевдин «Булуттар» ырын созолонттум. Элдик ыр ырдаш керек болгондо отургандардан кеңеш сурасам «Нарындан жазган салам кат» ырын ырда дешти.  Шаңдууга «Жазым келчи» деген элге кеңири тараган ырды, айтор, баарын ырдап бердим.  «Ай жарыкты» билесиңби? дешти.  Кагаз кармап аны да ырдап бердим.  «Эми биринчи куплетин орточо темпте, экинчисин тийишип, үчүнчүсүн уялып ырда» дешти эле, ал тапшырмаларды да аткардым.

– Кастингге ырдатып эле тандаштыбы же башка да талаптары болдубу? 

– Көп этаптан өттүк. Көркөм окутуп, монолог айттырышты. “Ыйлай берсем болобу?” – деп сурасам, «абдан жакшы болот» дешти. Бир күн мурда соц желеден студент баласына кат жазган эненин катын окуп калгам. Ошону таап, кенен-кесири ыйлап, мурдум акканына карабай монолог кылып айтып бердим. «Эч ким жашабаган аралда жалгыз калдың. Ошондогу жашооңду элестетип аткарып берчи?»,- дешти. Килемдин үстүнө жатып эле аткара баштадым. Алыстан көрүнгөн кемени токтотууга да далалат кылдым. Ошентип аягында «Имарат өрттөнүп жатат деп бизди ишендирип сыртка алып чык, актёрлук талантыңды көрөлү», – дешти. Эшикке чыгып, мойнумдагы шарфты мурдума басып эле чуркап кирдим. Баарынын шаштысын кетирип «эшикке чыккыла!» деп баштадым. Эч кимиси кыймылдабайт. «Анда силер отура бергиле, мен кеттим», – дедим да наушнигимди алып, кетип баратканымда кол чаап, каткырып күлүп токтотушту. 

– Өзүңдүн искусство тармагында билимиң бар турбайбы? 

– Өзүм Ош облусунун Араван районунан болом. Ата-энемдин алты баласынын экинчисимин.  Шаарда окуп билим алсын дегенби, ата-энем эжем экөөбүздү Ош шаарындагы жатак мектеп интернатынан математика багыты боюнча окутушкан. Мектепте окуп жүргөнүмдө театр, көркөм окуу, вокал өңдүү көптөгөн ийримдерге катыша берчү элем. Адатымча дагы бир жолу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга скрипка бөлүмүнө тапшыргым келип барсам, менин курагыма болбойт экен. Ошентип  флейтага окуп калдым. Кийин ал жакты окуп бүтүрүп, борборго келдим. Улуттук консерваторияга тапшырып, учурда билимимди тереңдетип жатам. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштейм. 

– Домбра черткенди мурун билчү белең?

– Жок, билчү эмесмин. Кастингден кийин эки айда үйрөндүм. Домбраны мага Закирбек Дүйшөнбеков агай үйрөтүп, өзүнүн домбрасын берип да турду. Сахнада мен ойногон домбра ошол Закир агайдыкы. Комуз менен аздыр-көптүр окшоштугу болгон үчүн үйрөнүү кыйын болгон жок. 

– Жашооңдо Раймалыга жолугуп калсаң кандай болот?

– Мен былтыр жолугуп, 22 жашымда турмушка чыгып алгам (күлүп). Оштон Караколго келин болдум. Жолдошум да музыкант.  Чыгармачылыгымды абдан жакшы түшүнүп, кайын журтум ар тараптан колдоп турушат. Кастингден өтүп даярдана баштаганы эки ай тамак жасаган жокмун. Менин ишимди түшүнүү менен караган, колдогон, мени менен кошо сарсанаа болгон апама (кайненеме) өзгөчө ыраазымын. 

– Жакындарың баары көрүштү да...

– Ооба, атайын Оштон ата-энемди чакыртып алганбыз. Бул жактан кайын журтум баары барышты. Мюзиклдин аягында домбра менен ырдаган жерим бар. Апам (кайненем) көрүп отуруп, «келиним домбраны дырылдатып жакшы ойной албай жатты эле, кантет болду экен?» деп сарсанаа болуптур. Жакшы ойногонумду көрүп аябай сүйүндүм деди. «Жакындар, кошуналар, тааныштар баары келинимди сурап, куттуктап жатышса сыймыктандым», – дейт апам. Өзүмдүн атам болсо «Оштон Бишкекке окуйм деп кеттиң эле. Ишеничимди актадың, кызым», – деди. Жакындарымдын кубанычтан аккан көз жаштары, толкундануусу, колдоосу, чыгармачылыгыма чоң жоопкерчилик арттырды. Мындан да жакшы иштеп кызмат өтөөгө өбөлгө болду.