Айсулуу Алмаз: Жакырчылыкка жол ачкан 7 адат
Адам бактылуу, бакыбат жашоого ээ болуу үчүн жакындары, ошол эле маалда өзүнүн чөнтөгү менен курган мамилеси өтө маанилүү. Кайсы адаттар бизди чыгашага батырып, кирешебизди кыркып жатат? Кайсы адатыбыз бизди бакыбат жашоого жетелейт? Бул суроолорго жоопту финансы тармагында 10 жылдан ашуун тажрыйбасы бар финансист Айсулуу Алмаз айтып берди.
1. Жеке бюджет
Ар бир үй-бүлө же адам өз алдынча акча таап баштаганда, жеке бюджетин аныктап алышы керек. Ал турмак балдарыбызга мектепке бараарда чөнтөк чыгашасына деп акча берип баштаган маалдан тартып, каражатты үнөмдүү, туура колдонууга үйрөтүшүбүз зарыл. Мисалы, 100 сом же 200 сом берип, муну үч күнгө же төрт күнгө жеткиришиң керек деп айтуу менен биз аларды финансылык сабаттуулукка баштаган болобуз. Адам тапкан кирешесин башкарып, канча таап атам, канча короттум, инвестицияга жасоого канчалык мүмкүнчүлүгүм бар – ушунун баарын жазып турбаса, киреше сиңимдүү болбойт, жашоону жакшыртуу оор болуп калат.
2. Жөнү жок соода жасоо
Элди тууроо түшүнүгү менен жашоого көнгөнбүз. Мисалы, жумушта отурсак, бирөө бир баштык косметика сатып келди дейли, сага андагы эч нерсе керек болбосо да, кесиптештериң алып жатканын көрүп, жок дегенде бир нерсени сатып аласың. Кошунаң жакшы машина алса, сенин машинаң жакшы жүрүп турса дагы, ошонукундай алгың келип, карыздасаң карыздап же кредитке алып жиберишиң мүмкүн. Кошунаң үй салса, сенин да үй салгың келет. Эгерде ошол нерселерди жасабай койсоңуз деле, жашооңузда эч нерсе өзгөрбөйт болчу. Алыңа жараша жана сарамжалдуулук деген баалуулукка тууроо адаты каршы келет. Башка бирөөгө окшошууга умтулбаңыз, башка бирөөнүн буюмуна кызыгып, ошондой алууга аракеттенбеңиз. Сиз өз кирешеңиз менен жашаңыз.
3. Кредит көп алуу
Кредитти киреше булагы катары көргөндөр бар: үйлөнсө, той берсе же буюм алса дагы кредитке чуркашат. Кошуна сонун килем алыптыр, мен да алайын деген ой менен кредитке үйдү килемге толтурдуңуз дейли. Кыргызстанда кредит абдан чоң пайыз менен берилет: 25-30. Ошол пайызды, аягында негизги суммага бир топ каражат кошуп төлөп берип калаарыбызды ойлонбойбуз. Мисалы, 100 миң сом кредит алчу болсо, үстүнө 30 миң кошулат.
4. Финансылык сабаттуулуктун жоктугу
Финансылык сабаттуулук жок, ал турмак үйрөнүп алайын деп умтулбоо адамды кедей кылат. Мен жакында бир окуя уктум, бир жигит 30 жашка чыга элегинде байып кетет. Сабаттуулугу болбогондуктан, катар-катар үй, машина алат, болушунча акчаны чачат. Банкрот болууга жакындаган фирманын акциясын да билбестиктен сатып алат. Ошону менен фирма банкрот болот, аны менен кошо жигит да банкроттукка учурайт. Бүт мүлкүн сатат, андан кийин да банкка олчойгон карызы менен калат. Ошондуктан, кирешенин көлөмүнөн мурда да финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Аны жазганды, окуганды үйрөнгөндөй эле үйрөнүү керек.
5. Акчаны чаржайыт коротуу
Күнүгө эмнеге акча коротом деп алдын ала план түзүү да жакшы адат. Бишкекте чаржайыт эле кофейняларга кирип жүргөн адамдарды көрөсүң. Алган кофесин түгөтө ичпей кетип жаткандары да бар. Он мүнөт басчу жерге такси чакырышат. Мен мисалы, кандай учурда такси чакырам, кандай учурда автобуска отурам, кандай учурда кофе ичем ж.б. баарын так билем. Андан эч убакта чыкпайм. Мисалы, күнүгө 200 сомго кофе ичсең деле, он күндө 2 миң, бир айда 6 миң сомуң бир гана кофеге кетип жатат.
6. Көп катыш
Катыштар өтө эле көп. Адамдын айланасында тааныштары аз эле болот: үй-бүлөсү, достору, жакын туугандары. А тойлорго 300, 400, 500 адам кайдан таап чакырылды деп таң каласың. Ошол адамдар менен күн алыс көрүшпөйсүң, чай ичишпейсиң, ооруп калганыңда көрүүгө келишпейт. Той аз келгенсип «черная касса», шерине ойноп алабыз. Катташтарга берген акча да бизди байытпайт. Жакында Инстаграмдагы баракчам аркылуу сурамжылоо жүргүздүм: акыркы 3 айда ким тойго канча кошумча алып барды? Жооптор абдан көп болду, арасында бир айымдын айтканы эсте калды. Ал айтып атам, 4 баланын энесимин, кир жуучу машинем жок, эгерде 3 айда тойго барбаганымда кир жуучу машине алып алмак экенмин деп. Көрдүңөрбү, той бир аялдын төрт баланын кийимин жуугандан үнөмдөй турган энергиясын, убактысын алып койду. Айтор, бул сурамжылоо аркылуу көпчүлүктүн көзү ачылгандай болду.
7. Сапатсыз буюм сатып алуу
«Сапатсыз буюм сатып алгыдай анчалык бай эмесмин» деген тамашалуу сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, сапаттуу буюм сатып алуу канча бир жылга сизди ошол буюмду кайра сатып алуу чыгашасынан куткарат. Мисалы, арзан бут кийим сатып алсаңыз бир сезон киесиз, а кымбат сатып алсаңыз бери дегенде 3 жыл. Ошондуктан, күнүмдүк колдонгон буюмдарды канчалык сапаттуу кылсаңыз, ошончолук утушка ээ болосуз.
