Альбина Имашова: Мен жетекчиликке келгенде жолдошум режиссёрлук ишинен баш тартты
Кыргыз элине ташкындаган таланты менен таанымал актриса кечээ жакында Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма теарынын көркөм жетекчиси кызматына дайындалып, жамы журт куттук айтып турган чагы. Биздин редакция жамааты да куттуктап, маектешип кайттык.
– Альбина айым, иш ордуңуз кут болсун! Жооптуу кызматка күтүүсүздөн дайындалып калыптырсыз...
– Ооба, бул мен үчүн күтүүсүз сунуш болду. Алгач театрга 19 жашымда келип секелек кыздын образынан баштап эненин ролуна чейин сахнада ойноп жүрсөм, Жараткандын буйругу менен бүгүнкү күнү театрыма көркөм жетекчи болуп калдым. Кудайым тараптан берилген оомат жана эң чоң жоопкерчилик деп кабыл алдым.
– Театрдын ички ашканасын бала кезиңизден бери жакшы билет турбайсызбы?
– Артист катары эмгектенип келип, кийин бул театрда көркөм кеңештин мүчөсү, он жылдан ашык профсоюз башчысы болуп иштеп келгем. Кандай гана иш-чара, спектакль болбосун, баарына активдүү катышып жүрөм. Буга чейин көркөм жетекчи кеткенде «театрыбыз эми эмне болот? Биздин чөйрөнү, ишти жакшы билген, идеяга бай адам келсе экен...» дегем. Ошол күнү министрликтен “документтериңизди алып келе калыңыз!” деп чакырып калышты. Барсам, аталган театрга көркөм жетекчи болуңуз деген сунуш айтышты. «Балким мен татыктуу эместирмин. Креативдүү ой жүгүрткөн, жакшы идеялары бар башка адамдарды карап көрөсүздөр» дедим. Бирок менин талапкерлигимди жактырышып, жетекчилик да, коллектив да ишеним көрсөтүп жаткандан улам “мейли” дедим. Бирок эң алгач өзүм чечимди кабыл алардан мурун жолдошум менен кеңештим.
– Ал кандай кабыл алды?
– Өзүңүздөр билгендей, Арнис мырзанын өз күйөрмандары бар. Абдан таланттуу актёр экенин мен айтпасам деле билесиздер. Анын үстүнө акыркы жылдары өзүн режиссёр катары сынап көрүп, ишинин жыйынтыгы эл аралык фестивалда бааланып “мыкты режиссёр” наамына татыган. Театрдын мыйзамына ылайык эгер жакын адамы жетекчи болсо, режиссёр катары ал театрда иштей албасы көрсөтүлгөн. Ошого карабастан жолдошум мага эң биринчилерден болуп ишенип, колдоду. Экөөбүз баш кошкон күндөн тарта бири-бирибизге арка жөлөкпүз. Арнистин “сенин колуңдан келет, министр атайын сунуштап жатса, макул боло бер” деген оюнан кийин гана мен макулдугумду бердим.
– Ошондо жолдошуңуз сиз үчүн режиссёрлук ишин токтотууга кайыл болдубу?
– “Искусство үчүн бир нерсени курман кылыш керек” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай “сен жетекчи болуп жатсаң мен режиссёр болбойм” деп өзүнүн максаттарынан баш тартты. Жолдошум менин ишмердүүлүгүмдү колдоду, театрдын түйшүгүн коллектив менен биргеликте алдыга сүйрөп кетериме ишенди. Арнис экөөбүздү ушул театр табыштырган, анда мен 20, Арнис 21 жашта эле. Ошол кезден бери ысык-суукка чыдап бирге жүрөбүз. Жаштыгыбызда келген театрыбыз үчүн жолдошум да түйшөлүп, сарсанаа болуп мени менен бирге жоопкерчилик алгандай эле болду. Ал үчүн Арниске абдан чоң ыраазымын.
– Театр табыштырган деп калдыңыз, ошол учурга кайтып көрсөңүз, кантип тааныштыңыздар эле?
– Арнис экөөбүз студент кезде, Искусство институтунда окуп жүрүп таанышып калганбыз. Айтканын аткарган, чечкиндүү, мырзаларга тиешелүү бардык сапатка ээ адам эле. Ошол сапаттары менен жүрөгүмдү ээлеп алган. Экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Мен бойлуу, Арнистин бою кыскараак болгондуктан, мага «бойлуусу жок бекен?» дегендер болчу. Бирок мен үчүн бою эмес, анын жан дүйнөсү маанилүү эле. Экөөбүздө тең «бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба» деген девиз бар, андыктан кыз-жигит болуп бир жыл жүргөндөн кийин, 2004-жылы баш кошуп алдык. Экөөбүз үлпөт тою жок эле кыргыздын салты менен айылга барып үйлөнгөнбүз. Биз баш кошкондо кайнатам: «Экөөңөр тең чыгармачыл адам экенсиңер, жашоодо ар кандай нерселер болот. Үй-бүлөңөрдү бекем сактагыла», – деген кеп-кеңешин айткан. Атабыздын ошол кеңешин дайыма эстеп жүрөбүз.
– Ал кездерде маданият кызматкерлерине азыркыдай көңүл бурулбаса керек эле, жашооңуздарды кантип жөнгө салып кеттиңиздер?
- Биз баш кошкон учурда экөөбүз тең студент, ошол эле учурда мен Улуттук драма театрында, Арнис шаардык театрда иштечү. Экөөбүз үй-бүлө куруп шаарга келип, окуу жайдын жатаканасында кыздар менен бирге жашап калдык. Ортого көшөгө тартып бир тарабында биз, бир тарабында кыздар жатышчу. Кийин өзүбүзчө бөлмөгө чыгып кеттик. Биринчи кызымды студент кезде төрөдүм. Ошондо да үйдө олтуруп албай баламды көтөрүп барып экзамендеримди тапшырып жүрүп окуумду калтырбай бүтүрүп алдым. Кийинчерээк кызымды кайненем алып кетип, ошол боюнча айылда болду. Биз Арнис экөөбүз бирдей иштеп жүрдүк. Үй-бүлө курганыбызга 2-3 жылдай болгондо мага француздар тарткан «Теңгири» деген тасмадан сунуш түшүп калды. Арнис да казактар менен бир долбоор боюнча иштеди. Экөөбүз аталган долбоорлордон жакшы каражат таптык да, жер тилкесин алып, үй салып алдык. Азыр: «Ошондо Кудай бизге берген дөөлөттү туура кармап калдык окшойт», – деп калабыз.
– Ооба да, эми минтип бакыйган жетекчилик кызматка келдиңиз. Эң алгач ишиңизди эмнеден баштаганы турасыз?
– Келерки жылы кыргыз жергебизде театрлардын уюшулганынын 100 жылдыгы болот. Улуттук театрыбыздын иши менен бирге дал ушул мааракени уюштуруп, өткөрүү милдети турат. Эң чоң масштабда уюштурсак, залкарлардан тарта театр босогосун аттаган жаш артисттерибизге чейин камтылган китеп чыгарабыз деген ойлорубуз бар.
– Биз билгенден бир эле театрда иштеп келесиз?
– Мындан чоң театр жок да. Республикада эң аксакал улуу театр деп биздин улуттук театр аталат. Анын үстүнө “дарак бир жерден көгөрөт” деген кеп бар эмеспи. Ушул жерде окуп, ушул жерде иштеп , студенттерге сабак берип ушул жер мага экинчи үйүм болуп калганына 23 жыл болуптур. Өткөндө министрибиз Мирбек Кемелович резюмемди көрүп: “Сиз бир эле жерде ушунча иштеп койдуңузбу?” деген суроо берди. Анын сыңары ак эмгегим менен эли-журтума таанымал болуп, адал нан таап, ушул жерден сүйүүмө жолугуп үй-бүлө курдум. Жакшылыктарыма күбө болгон куттуу театрым десем жаңылышпайм.
– Тасмаларга эми деле тартыла бересизби? Негизи ушул кезге чейин канча тасмага тартылгансыз?
– Чыгармачыл адамдар баарына жетишебиз. Балдарыбызды көтөрүп алып деле иштеген күндөрүбүз болгон. Ушул кезге чейин мынча спектаклде ойнодум, тасмага баланча жолу тартылдым деп таптакыр эсептеп көрбөптүрмүн. Көп эле роль жараттым. Резюмени да канча жылдан бери толуктай элек экемин. Бир топ эмгектерим кирбей калыптыр. Ал эми фильмге тартылуу сунушун беришсе иштен тышкары, убакыт саатка карап тартыла берем.
– Үй-бүлөнү, ишти, чыгармачылыкты бирге алып кетүү оорбу?
– Туура убакыт бөлсөң баарына жетишсең болот. Арнис экөөбүздүн үч кызыбыз бар. Кыздар чоңоюп калышты, жардам беришет. Биздин курак жетекчилик ишке келсең - жашсың, ролго келгенде - улуусуң деген сыяктуу бир кызыктыдай жаш курак экен. Биз деле чоң апа куракка жеттик.
– Социалдык тармактарда үй-бүлөлүк чыгармачылык топ катары да таанымалсыздар. Кыздарыңыздын артист болушун каалайсызбы?
– Улуу кызыбыз Маделина бой жеткен кезде башка кесипти тандайт го десек болгон жок. 18 жашында турмушка узаттык. Күйөө балабыз да актёр, сценарист. Абдан таланттуу балабыз бар. Замандын талабына ылайыктап биз да үй-бүлөлүк чыгармачыл топ болуп, тамашаларды тартып калабыз. Негизи эле кыздарыбыз биз менен сахнада чоңоюп, спектаклдерде балдардын ролдоруна катышып ойноп жүрүшөт. Өзүлөрүнө жаккан кесипти тандашсын. Эң башкысы жаңылышпаса, өкүнүп калбаса болду.
– Атактуу айым кайын журтуна жоолук салынып кызмат кылабы?
– Мен өзүм Тоңдун кызымын, кайын журтум Түп районунан болот. Бизде ырым-жырым, каада салт абдан жакшы сакталган. Билесиздер, кайсы куракка барбайлы жүгүнөбүз. Эл катары келиндик кызматымды кылып келем. Бирок мага келиндей мамиле кылышпайт. Биз бир туугандай болуп калганбыз. Кайын журтума ыраазымын...
