Рыскулбек Жумабаев: “Кыргыз темир жолунун” жүк ташуу мүмкүнчүлүгү 9 миллион тоннага жетти
17 октябрь

Рыскулбек Жумабаев: “Кыргыз темир жолунун” жүк ташуу мүмкүнчүлүгү 9 миллион тоннага жетти

“Кыргыз темир жолу” Мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу тууралуу “Караван-Инфо” редакциясына айтып берди.

– “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу Кыргызстандын аймагында Торугарт ашуусунан башталып, Ат-Башы районунун бир бөлүгүн, Ак-Талаа районун камтыйт, андан ары Тогуз-Торо районуна, Макмалга кирип, ал жерде бир станция болот. Андан өтүп Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагына Фергана ашуусу аркылуу кирет. Жалпы узундугу – 311 чакырымды түзөт. Темир жол эки стандарт менен курулат: биринчи Торугарттан Макмалга чейин кытай колеясы, эндиги – 1935 мм, Макмалдан Жалал-Абадга чейин биздин колея, эндиги – 1520 мм. Бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашыруу үчүн темир жол боюнча үч мамлекеттик: Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан компаниялары биригип биргелешкен ишкана түзүлгөн. Ал ишкана менен КР Министрлер Кабинетинин ортосунда инвестициялык макулдашуу негизделип, Жогорку Кеңеш бекитип берди. Эми практикалык иш жүзүнө ашырууну ноябрдын биринчи жумасында баштайбыз деп турабыз. Биргелешкен ишкана бул жаатта ишти алып барууда.

– Долбоор канча жылда жүзөгө ашырылат?

– “Кыргызтемиржолу” Мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу тууралуу “Караван-Инфо” редакциясына айтып берди.

Мөөнөтүн 5 жыл деп коюлган. Бирок кытай өнөктөштөрдүн айтымында, андан да батыраак куруп бүткөрүүгө болот. Мөөнөт быйылкы жылдан баштап эсептелинет, курулуш иштери башталган чекит – 2024-жыл.

– Канча салмакка чейин жүк ташууга болот, бул жагы кандай белгиленди?

- Жүк ташуу жөндөмдүүлүгү 6,5 миллион тоннадан 15 миллион тоннага чейин. Бул долбоорлонгон бөлүгү. Андан көп болсо дагы боло берет, анткени запас бар, 18 станция куруу пландалууда. Ошондуктан ортодогу тапшырык менен 15 миллион тоннадан да көп жүктү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эки жыл мурда 6 өлкөнүн ортосунда жүк ташуу макулдашуусу түзүлгөн, анын негизинде учурда жүк ташууну алдын ала ишке ашыруу үчүн жүк ташуу жүрүп жатат. Кыргызстандын аймагына Торугарттан өтүп келген жүк контейнерлерге жүктөлүп, ал темир жол аркылуу Бишкектен Ош тарапка, андан ары Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Афганистанга кетип жатат. Жүк кабыл алуучулар тарабында Азербейжан дагы бар. Бул келечекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аркылуу ташылуучу жүктөр.

–3 мамлекеттин биргелешкен курулушу кандай болот, ошондо ар ким өз аймагы үчүн жооп береби?

-Биздин долбоор Кыргызстандын аймагына гана тиешелүү. Кашкарга чейин темир жолду Кытай куруп келет, биздин чек арага жеткиргенден кийинки курулушту биргелешкен ишкана колго алат. Андан ары Өзбекстанга өткөн жерден баштап жоопкерчилик коңшу мамлекетте болот.

–“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу “Кыргызтемиржолунун” өнүгүүсүнө негиз болобу?

– Албетте, Кыргызстандын аймагында учурда 420 км темир жол болсо, ага дагы 300 км темир жол кошулат. Келерки жылы биз азыр куруп жаткан Балыкчы-Кочкор темир жолунун бүтүшүн күтпөй эле Кочкор-Кара-Кече-Макмал багытын баштаганы турабыз. Ал дагы 300 км болот. Ошондо кыргыз темир жолунун узундугу үч эсе узарат. Бул “Кыргыз темир жолундагы” жумуш орундарын көбөйтөт, ири көлөмдөгү алыска ташылуучу жүктөрдү арзан жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Сырткы дүйнө менен жүк алмашууда абдан жакшы нерсе. 

– “Кыргызтемиржолу” ишканасынын дагы кандай жетишкендиктерин айта аласыз?

-2021-жылдан тартып жаңы стратегиялык пландарды ишке ашыра баштадык. 2022-жылдан бери Балыкчы-Кочкор темир жолун өз күчүбүз менен куруудабыз. Мурда 2,5-3 миллион тонна жүк ташуу мүмкүнчүлүгүбүз бар болсо, азыр 9 миллионго жеттик.