Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда башкы роль - аялдарда
31 август

Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда башкы роль - аялдарда

Заманбап жашоонун эң бир татаал жана комплекстүү көйгөйлөрүнүн бири – арасында климаттын өзгөрүшү олуттуу орунду ээлеген экологиялык маселелер. Климаттын өзгөрүшү жашообуздагы дээрлик бардык жагдайларга, калктын аялуу катмарына, анын ичинде аялдарга таасирин тийгизет. Гендер маселеси менен климаттын өзгөрүшүнүн байланышы тууралуу ПРООНдун долбоорунун, Регионализм жана өнүктүрүү борборунун эксперти, БИОМ Экологиялык кыймылынын аткаруучу директору Анна Кириленко айтып берди.

- Климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери тууралуу айтканыбызда бул терминге көптөгөн процесстерди жана көрүнүштөрдү бириктиребиз, бирок алардын ар бирин өз алдынча кароого болот. Климаттын өзгөрүшү адамдын жашоосундагы бардык чөйрөгө таасирин тийгизет – тамак-аш, ден соолук, өзгөчө кырдаалдар, суу, энергетикалык ресурстарды колдонуу, гигиена жана тазалык ж.б. Булардын баары ар кандай роль жана функция аткарган эркектер менен аялдардын жашоосуна таасирин берет, ошондуктан климаттын өзгөрүшүн ар кимибиз ар башкача кабылдайбыз. Мисалы, аялдар убактысынын көбүн балдарына жана карыган жакындарына бөлөт, эгерде таза суу жетишсиз же үй суук болсо, үй-бүлө мүчөлөрү ооруп баштайт, бул биринчи кезекте аялга кошумча түйшүк жаратат.  

Гендер маселеси менен климаттын өзгөрүшү эл аралык саясат деңгээлинде түз байланышта. Климаттын өзгөрүү маселелерин жөнгө салган дээрлик бардык эл аралык документтерден гендердик маселени эске алуу талабын табууга болот. Гендердик аспектилер БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына, Париж макулдашуусуна жана Лимадагы Гендердик аракеттердин күн тартибине кошулган. 

2015-2030-жылдарга табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасында аялдар калктын аялуу катмары катары көрсөтүлгөн. Анткени аялдар бала төрөө, үй-бүлөгө кам көрүү түйшүгүн көтөрүп жүргөндүктөн кандай өзгөчө кырдаалдар жаралбасын, биринчи кезекте ага таасирин тийгизет. Бирок аялдар бир гана аялуу топко кирбестен, алардын тажрыйбасы климаттык көйгөйлөрдү жана чакырыктарды чечүүдө абдан маанилүү. Программа аялдар табигый кырсыктардын тобокелдигин натыйжалуу башкарууда чечүүчү роль ойнооруна жана алардын кырсыктан кийинки маалда альтернативдүү жашоо ыкмаларын издөөгө болгон потенциалын көбөйтүүгө басым жасайт. 

- Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде гендердик теңчилик жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу канчалык эске алынган? 

 - Улуттук стратегиялык документтердин толук тизмесин караганда, гендердик маселе 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча КР Улуттук стратегиясында жана 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү Программасында камтылган. Акыркысы учурда жаңыланып жатат. Так ушул эки документтен гендер менен климаттын байланышын байкоого болот. 

Мындан улам улуттук жана тармактык, аймактык документтердин ортосунда айырмачылык бардыгы белгилүү болот. Улуттук документтердин деңгээлинде гендер менен климат байланышта, бирок тармактык жана аймактык деңгээлде ал нерсе жок. Бул деген климаттын өзгөрүшү жана ага ыңгайлашуу темасы, ошондой эле гендер темасы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары же айрым мекемелер үчүн жаңы болгондуктан, стратегиялык документтерге шайкеш келтирүү үчүн кошумча аракеттер керек экендигин билдирет. Бирок бул багытка кадам ташталды, негизи жакшы.

- Гендердик теңчиликке жетүү механизми тармактарда канчалык эске алынган, ошол эле айыл чарбада, саламаттыкты сактоодо, табигый кырсыктардын тобокелдигин башкарууда жана биоартүрдүүлүк тармагында? 

- Кыргызстанда тажрыйба бар, 2015-жылы биринчи Париж макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын улуттук жактан аныкталган салымы (ОНУВ) кабыл алынганда алгачкы сектордук адаптациялык пландар иштелип чыккан, анда үстүртөн болсо дагы гендердик маселелер эске алынган. Учурда гендер менен климатты интеграциялоо чаралары Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында бардык секторлор боюнча камтылган. 

Сектордук программаларды талдап көрсөк, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо тармагында гендер менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну башкаруу көбүрөөк байланышкан. “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” стратегиясы 2019-жылдан 2030-жылга чейин убакыттагы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо жаатын өнүктүрүүнүн маанисин көрсөтүп турат. Айыл чарба тармагы гендер менен климаттын өзгөрүү маселелерин камтыган стратегиялык документтерди эми иштеп чыгышат. Бироартүрдүүлүк тууралуу айтчу болсок, бул жаатта 2023-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун стратегиялык артыкчылыктары иштелип чыккан, азыр ал дагы жаңыланууга муктаж.

- Учурда ПРООНдун колдоосу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу Улуттук планы иштелүүдө. Кыргызстандын климатынын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда аялдардын ролун жогорулатуу үчүн эмнелерди сунуштаса болот?  

- Менимче, мында кайрадан эле аялдарга да, эркектерге да климаттын өзгөрүшү, ролдордун ар түрдүүлүгү, күнүмдүк иш аракеттер биздин аялуулугубузду жана ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатууга же азайтууга кандайча таасир эте тургандыгы жөнүндө кеңири билим бере турган сегиз универсалдуу механизм тууралуу сөз кылууга туура келет. Мисалы, үй иштерине сууну керектөө, электр энергиясын колдонуу ж.б. 

Экинчи маанилүү аспект – бул климаттык орчундуу чечимдерди алууда аялдар дагы, эркектер дагы бирдей катышуусу керек. Улуттук, аймактык, сектордук стратегиялык документтерде аймактардын, айыл коомчулугунун, айыл аялдарынын үнү эске алынууга тийиш. Анткени бул документтердин башкы максаты  айыл калкынын жашоо сапатын жакшыртуу эмеспи. Аны менен катар аялдар аялуу катмар эмес, өзгөрүүлөрдүн каармандары, өзгөчө тажрыйбанын ээлери катары каралышы керек.

Албетте, мигрант, качкын сыяктуу топторго социалдык колдоо көрсөтүү дагы эске алынышы кажет. Анын үстүнө Бүткүл дүйнөлүк банктын божомолунда, жакынкы жылдары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу миграция да күчөйт. Айрыкча аялдар кожойкелик кылган үй чарбаларына каржылык колдоо көрсөтүп, технологияларды бере турган механизмдер иштелип чыгышы керек. Башкача айтканда, бизге эркектер жана аялдар өздөрүнүн чарбалык түйшүгүндө климаттын өзгөрүшүнө кантип адаптация боло турганын көрсөткөн позитивдүү практика керек. Бул технологиялар жана каржы ресурстары, мисалы адаптацияланууга каржы линиялары - жеткиликтүү болууга тийиш.