Атыр Абдрахматова: Жабырлануучу эч убакта күнөөлүү эмес, а зордукчуга аёо жок
10 март

Атыр Абдрахматова: Жабырлануучу эч убакта күнөөлүү эмес, а зордукчуга аёо жок

Укук коргоочу, мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматова аялдарга жана жаш балдарга жасалган кылмыштуу аракеттер жана аны алдын алуу боюнча боюнча көз карашын Караван Инфого бөлүштү. 

– Акыркы жылдары Кыргызстанда кордолгон, зомбулукка учураган аялдардын жана эрезеге жете элек балдардын окуясы көп катталууда. Биз көрүп жаткан цифралар реалдуу көрүнүшкө дал келеби? Анткени, укугу бузулган аялдар менен жаш балдардын саны расмий маалыматтардагы көрсөткүчтөргө караганда бир топ көп экенин айткандар да бар. 

– Чынында, бул ачык-айкын эле белгилүү болуп жатат: расмий статистика реалдуу көрүнүштүн 10-15 пайызын гана түзөт. Кыз-келиндерге, жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктун көбү жаап-жашырылып кетет. Анткени, биздин менталитет ушуга жакын: зордукка кабылгандар окуясын ачыктап, кылмышкерлерди мыйзам жообуна тартканга караганда, ичинен азап тартып, бирок элге чыгаргысы келбейт. Бирок ошол эле учурда ачыкка чыккан окуялар да аз эмес. Акыркы эки жылда эле жолдошу же башка жакындары тарабынан бычакталган канча аялдын тагдырына күбө болдук. Былтыр Рахима, Айжан, Айтургандын окуясына кейидик. Расмий тарап жыл сайын ушундай зомбулуктун курмандыктарынын он миңдин тегерегиндеги статистикасын берет. А мен мындан да көп деп ойлойм. Анткени, байкасаңар, өз жанын өзү кыйды деген аялдардын, өспүрүмдөрдүн көбүнүн иши аягына чыкпай калат, “өлгөндүн өзүнүн шору” болуп, далилденбей калып кетет. Жерге берилгенден кийин чындык издеп чыркыраган жакындарына “анда сөөктү казып чыгып экспертизага жөнөтөбүз” деп айтылганда, алар сөөктү ордунан козгогулары келбей, болоор иш болду деп калып кетишет. Ошону менен биз азыр зордук-зомбулуктун чыныгы деңгээлин аныктай албай жатабыз. 

– Үй-бүлөлүк зомбулукка карата мыйзам катаалдашты. Бул мындай кылмыштардын канчалык алдын ала алат деп ойлойсуз? 

– Президент, Жогорку Кеңеш жакшы мыйзамдарды демилгелешти, кабыл алышты. Өткөн жылы бул жааттагы мыйзамдар өзгөртүлүп, кылмыш жасаган тараптын да, тийиштүү мамлекеттик кызматтардын да жоопкерчилиги күчөтүлдү. Бирок мен укук коргоо жаатында он жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жүрөм, практика жүзүндө көп нерсени байкадым. Ошол эле тергөөчү, кызматкерлер жумушу көп болгондуктан, зомбулукка байланышкан ишти көп учурда аттап кетишет. Көп кылмыш далилденбей калат. Өспүрүмдөргө, аялдарга карата жасалган кылмышты тергөө учурунда сурак жүргүзгөндө керектүү ыкмалар киргизилген эмес. Алар көбүнчө коркутууну пайдаланышат, маалымат алуунун башка ыкмаларын колдоно билишпейт. Ошондуктан мен ойлойм, тергөөчүлөрдүн, ыкчам кызматкерлердин билим деңгээлин, тажрыйбасын жогорулатуу керек. 

Мисалы, ыкчам иш жасалбайт. Мыйзамда так жазылып турат: соттук-медициналык экспертиза кылмыш жасалгандан кийин дароо дайындалышы керек. Элдин соттук-медициналык экспертизага болгон нааразычылыгынын жөнү бар. Мисалы, сексуалдык зомбулукка кабылган аялзаты экспертизадан дароо өтө албай калган учурлар болот. Ал жакта иштегендер киши көп, жетишпей жатабыз деп күттүрүшөт. Анан бир канча убакыт өткөндөн кийин зордуктоо болгонун кантип аныкташмак эле? “Эскирип калыптыр, мөөнөтү белгисиз” деп чыгарып коюшат. Ошону менен зордукталган же ур-токмокко алынган адам өз көйгөйү менен калып кетет. 

– Демек, мыйзам жакшы, бирок аны аткаруучулар тарапты да жакшыртуу керек десек болобу? 

– Албетте, мен өзгөчө шарттарды киргизүү менен укук коргоо кызматтарынын, социалдык кызматкерлердин, билим берүү тармагынын да жоопкерчилигин чоңойтуу керек деп ойлойм. Акыркы эле окуялардан: 8-класстын окуучусу Аннастын ур-токмоктон каза тапканын, ага жасалган кылмышты билим берүү өкүлдөрү жаап-жашырып жатышпайбы. Окуучулар айтып баштабаса, балким, бул деое жаап-жашырылып кетмек. Менимче, кылмышты жаап-жашырууга көмөктөшкөндөрдүн билим берүү системасына жакындоого моралдык укугу калбай калды. Биз буларды айтып эле келатабыз, бирок реалдуу жыйынтык болбой жатат. 

Көбүнчө социалдык кызматкерлер тарабынан да кайдыгерлик болот. Ошол эле мигранттардын балдарын эсепке алууда, көзөмөл жүргүзүүдө ашыкча кагаз иштеринен качып, көбүн тизмеге киргизбей, маалымат чогултпай коюшат. Эмне себептен мындай кайдыгерликке барышат, белгисиз. Балким, жумушу көп, айлыгы аз дешеби... Андай болсо, башка жакка кетиш керек, ордуна көйгөйдү түшүнүп, так иштей турган адам келиши мүмкүн. Өлкөдө социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол коюлбадыбы, бул абдан жакшы нерсе болду. Эми алардын айлыгын да, ага кошо жоопкерчилигин да күчөтсөк дагы бир тепкичке өйдө жылган болмокпуз. 

– Негизи эле үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга мамлекет тарабынан кандайдыр бир жардамдар берилиши керекпи? 

– Зомбулукка кабылган адамга мамлекет тарабынан убактылуу баш калкалоочу жай берип, жумуш ордун тапканга, үй алганга көмөктөшкөн кепилденген милдеттенмелер бар, бирок ал ишке ашпай турат. Мисалы, 3 балалуу аял үй-бүлөлүк зомбулуктан качып чыкса, ага кайсы бир убакка, өз турмушун жолго коюп алганга чейин көмөк көрсөтүлүшү керек. Бирок бир да жолу ошондой аялзатына мамлекет тараптан, кайсы бир айыл өкмөт тараптан жер берилди, жумуш менен камсыз кылынды деген кабарды уккан жокпуз да. Анткени, милдеттенме иштебей жатат. Анан зомбулукка кабылган аял качып чыкса баш калкалаар жайы жок, балдарын багыш керек, кайсы шартта, кайсы акчага багам деген ой менен айласыздан кордук көргөн жерине кайтып барат. Ошентип чыдап, ден соолугун жоготуп жашап жаткан аялзаты абдан көп. 

– Зомбулукка кабылган аялдардын бул тууралуу ачыкка чыгарбаганынын дагы бир себеби коомчулуктун кабыл алуусунан болсо керек. Бизде эмнеге жабыркаткан тарапты эмес, жабырлануучуну күнөөлөгөндөр көп? 

– Негизи, буллинг, кодулоо, ыдык же зордук-зомбулук болобу, эч бири купуя бойдон калбашы керек. Бирок тилекке каршы, сиз айткандай себептер да үстөмдүк кылат. Бирок “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” деп коет. Зомбулук бир гана бизде эмес, башка өлкөлөрдө да чоң көйгөй. Францияда аялын баңгизат берип уктатып коюп, эркектерге салып берип жүргөн күйөө болмуштун окуясы чоң резонанс жаратты. Бул иш боюнча сот ачык жүрдү, акыйкат чечимин чыгарды. А биз тилекке каршы, зордукчу кандай болгондо да зордукчу, аны жактоо мүмкүн эмес деген түшүнүккө жете албай жатабыз. Зордуктоого кабылган кыздарды баскан-турганы андай болчу, кийингени мындай болчу, тынч жүрүш керек эле деген сыяктуу айыптагандар чекеден чыгат. Бирок ушундай кабыл алууга да карабай, мындай кылмыштарды жаап-жашырбаш керек. Биз канчалык жаап-жашырган сайын бул чирик, саз катары көбөйө берет. А кыздарыбыз, балдарыбыз үй-бүлө кургандан алыстып, мамлекетим мени коргобойт экен деген ойго келиши мүмкүн, биз ушунун алдын алышыбыз зарыл. Айрыкча, окуя чакан айылда болсо, жабыркаган тарап ачуу чындык менен жашап, тагдыры бузулган кыз-келиндер көп. Ал турмак анын айынан өзүнө кол салгандар да болот. Биз ушуну түшүнүшүбүз керек: жабыркаган тарап эч убакта күнөөлүү эмес, а зордукчуга аео жок!