Нуркан Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: Сахна-менин тагдырым, обон-менин демим
18 май

Нуркан Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: Сахна-менин тагдырым, обон-менин демим

85 жашта да сахнадан түшпөй, көрүүчү менен дем алып жашаган өнөрпоз сейрек. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуркан Турсунбаев үчүн театр – жөн гана кесип эмес, бүтүндөй өмүрдүн маңызы. Ал алтымыш жылдан ашуун убакыттан бери сахнага кызмат кылып, бүгүн да чыгармачылыктын чокусунда. Нуркан Турсунбаевдин 85 жылдык мааракесин сахнада тосту. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында улуу сахна чеберинин чыгармачылык жумалыгы жарыяланып, бир жума бою анын катышуусундагы спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланды.

– Нурканбек агай, 85 жашта да сахнадан түшпөй, көрүүчүлөргө кубаныч тартуулап келесиз. Ушул жашта сизди сахнага кандай күч тартып турат?

– 60 жылдан бери эмгектенип келе жаткан театрым — бул менин ыйык супарам. Сахнага тартып турган улуу күч – бул менин сүйгөн кесибим. Кезинде, 1966-жылы бир тууган карындашым Таттыбүбү Турсунбаева экөөбүз Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы көркөм-театралдык институтту ийгиликтүү аяктап келип, эмгек жолубузду ушул ыйык сахнабызда чогуу баштаганбыз. Тагдыр экен, Татыкем театрда 15 гана жыл эмгектенип, 30дан ашуун спектаклдерде, 10дон ашуун фильмде башкы каармандарды элдин жүрөгүнүн түнөгүндө калтыра ойноп, эл сүймөнчүлүгүнө айланып, баралына жетип турганда ичи тарлык менен көралбастыктын курмандыгы болуп, 37 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Татыкемдин изи калган театрым ар дайым көз алдыма анын баскан-турган элесин эске салып турат. Мени театрымдан ажырагыс кылып тартып турган экинчи улуу күч ушул.

– Ушул куракта роль жаратуунун  жаш кездегиден  айырмасы барбы? 

– Жаш өйдөлөгөндө театрда каармандардын образын жаратууда эч кандай деле тоскоолдук жаралбайт. Тескерисинче, жылдар менен топтолгон бай тажрыйбаңды каармандарыңдын образдарын көрөрмандарга жеткирүүдө мурдагыдан да кейипкериңди тереңирээк ачканга аракеттенесиң. Театр искусствосунда жаш өзгөчөлүк каралбайт. Эгерде ден-соолугуң мүмкүнчүлүк болсо, иштөөгө каалооң күч болсо, сахнада образдарды жарата бересиң.

– Көп актёрлор убакыт өтүшү менен сахнадан алыстайт. Сиз тескерисинче, сахна менен бирге келесиз. Сахна сиз үчүн кесиппи же жашоонун өзүбү?

– Сахна мен үчүн кесип менен айкалышкан жашоом деп түшүнөм. Жашоомду театрсыз элестете албайм. Театр турмушумда адам чыдагыс интригаларды баштан кечирген доордо да театрымды кыйып кете алган эмесмин. Ден-соолугум мүмкүнчүлүк берип эле турса, өз көрүүчүлөрүмө руханий азык тартуулаган каармандарымды ойноп турам деп ойлойм.

– Нурканбек агай, сиздин обондор элге бат сиңет. Обон жаралган учурду сүрөттөп бериңизчи. Ал сезим сөздөнбү, күүдөнбү же турмуштагы бир окуядан жаралабы?

– Обон чыгарып жатканда  акындардын ырларын тандоодо кичине акын же чоң акын деп бөлбөйм. Эгерде ыр жагып калса, аны жаныма салып алып, толгонуп жүрө берем. Анан бир маалда ошол ырдын бир эле сабы жетелеп кетсе, обон дароо чыгып калат. Мага обон чыгарууда беш мүнөттүн тегерегиндеги эле убакыт жетет.  Сөзгө жетеленип барып, анан обон жаратам.

– Сахнадагы актёрлук тажрыйбаңыз обончулукка кандай таасир этти?

– Мен чыгармачылыгымды куштун кош канатындай элестетем. Театрга барып спектаклдерде образ жаратсам, үйдө баш отум менен обончулук менен алекмин. Азыр интернет өнүккөн заман болуп, обонго ыр тандоо мурдагыга салыштырмалуу жеңилирээк болуп калды. Жубайым Жыпара чыгармачылыкка өтө жакын. Жыпарам таң эрте интернеттен менин табитиме туура келе турган ырларды таап, компьютерден чыгарып, менин столума коюп коёт. Таанышып чыгып, көңүлүмө төп келип калса, жаныма салып жүрүп, ырдын тексти сиңип, сезимдерди кытыгылай баштаганда обон жаралып калат. Обончу катары драма жана куурчак спектаклдерине, көркөм жана даректүү тасмаларга да музыка жаратып келдим. Спектаклге музыка андагы окуяга жараша жаралат.

– Сиздин ырларда жөнөкөйлүк менен тереңдик айкалышып турат. Ушул ортолукту табуунун сыры барбы?

– Мен өзүм табиятымдан жөнөкөйлүктү жактырам. Ошол мүнөзүм чыгармаларым менен да айкашып калат окшойт. Ал эми музыкамдагы тереңдиктин сыры - ырдын текстинде камтылган ой жан дүйнөгө сиңгенде жаралганынан улам болуш керек деп ойлойм.

– Комуз менен жаралган обондун жан дүйнөсү башка деп айтылат. Сиз үчүн комуз аспаппы же чыгармачылыктын негизги булагыбы?

– Мен өзүм Турсунбай чоң атамдын колунда тарбияландым. Чоң атам мага 3 жашымдан комуз карматып үйрөткөн. Мага үйрөткөн биринчи ыры “Ала-Тоо” деген өзүнүн жамагы менен коштолгон ыры эле. Азыр ойлоп көрсөм, чоң атам кыйын устат болгон экен. Өзү комуз черткенде комуздун башын тиштетип коюп чертчү. Ал киши комуз ойногондо кылдардын ар бир кагышы өтө жагымдуу болуп, көөдөнгө өзгөчө таасир калтырчу. Кээ күндөрү комуздун башын тиштеген боюнча уктап да калчумун. Комуз жан дүйнөмө эң жакын өзгөчө аспап. Комуздун коштоосунда ырдайм, обон чыгарам, залкар күүлөрдү чертем. Музыкант катары 14 улуттун музыкалык аспаптарында ойноп, ыңгайы келгенде обон чыгара берем. Бүгүнкү күнгө обончу катары 1500гө чукул обон жараттым. Театрсыз жашоомду элестете албагандай эле, музыкасыз да жашоомду эч бир элестете албайм. Булар менин талыбаган кош канатым.