Нарынбек Молдобаев: «Кыргыз тилин билбесем күнөөлүүмүнбү» дегендер англис тилин алты айда үйрөнүшөт...
Акыркы учурда Кыргызстанда мамлекеттик тилди өркүндөтүү маселеси курч коюлуда. Бул үчүн ар кандай сунуштар болду: буга чейин жалаң орус тилинде билим берген орто мектептерде кыргыз класстар ачылды, көчөдөгү көрнөк-жарнактарга, мекемелердин аталыштарга милдеттүү түрдө кыргызча жазуулар кошулду. Жакында Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилди колдонууга байланыштуу мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө кыргыз тилин билиши керек. Экс-депутат Нарынбек Молдобаев бул боюнча көз карашын Караван-Инфого бөлүштү.
– Кыргыз тил боюнча парламенттеги талкуу дагы түрдүү кептердин айтылышына себеп болду. Башка тилди деле үйрөнүп, эне тилибиздин кадырын андан да көтөрсөк болбойбу?
– Спикер баш болуп, өзгөртүүнү талкуусуз өткөрүү сунушун айтты. Ага каршы болгон депутаттар да болду. Эки тараптын тең айтканы туурадай. Мен деле орус тили аркылуу көп нерсени билдим, үйрөндүм. Дүйнөлүк классик жазуучуларды окудум, дүйнөнү тааныдым. Акыл казынамды кеңейттим. Орус тилин билип алганыбыз ашыкча болбойт деп ойлойм. Орус тилинин тарыхы да, лингвистикасы дагы абдан бай тил. Жеке эле орус тил эмес, башка тилдерди үйрөнүүнүн дагы зыяны жок. Бирок биз өзүбүз кыргыз тилди унутуп коюп жатканыбыз чатак болуп жатат. Канча тил билсек дагы өз тилибизди унутпай тилибизди аздектешибиз керек. Анткени, тил жоголсо, эл жоголот. Элди сактап турганы тили анан каада-салты, наркы. Ушул нерседен айрылсак, жок элдерге айланып калабыз. Тили жоголуп кетип, эл болбой калгандар толтура. Мисалы, гундар, усунь, усундар деген элдер жок болуп кеткен. Кыпчак деген тили жок эл бар. Биригип, улут боло албай калган. Шумер тили, арамей тил деген түп орду менен жоголду. Латын деген тили калды, эли түбөлүккө жоголуп кетти. Ошон үчүн эне тилибизди ар бирибиз үйрөнүшүбүз керек.
– Ал үчүн кыргыз тилин билбегендерди жумушка албаш керекпи?
– Германияда тил билбесең жумушка да албайт. Жашаганга да уруксат бербейт. Бизде болсо, кыргыз тилин кошо үйрөнүп ал десе эле жаман көрүп жатышат. Тилди үйрөтүш үчүн ата-энени сындап, мектепке доомат койбош керек. Талапты күчөтүп, үйрөнүүгө аргасыз кылыш керек. Жанагы «тил билбесем күнөөлүүмүнбү?» дегендерди Англияга жарым жылдан кийин элчи болосуң десе, англис тилин үйрөнүп чыгышат. Ошон үчүн өз тилибизди дагы үйрөнүүнү талап кылып, иш кагаздарынын баарын кыргызча кылышыбыз керек.
– Сизде кыргыз тилинен аксаган маселе болгон эмес беле?
– Мен дагы кыргыз тилин билчү эмесмин. Жогорку Кеңешке депутат болуп барганда оюмду орусча айтчумун. Ошол жерден эне тилимде өз оюмду айта албаганымдан уялып жүрүп, кыргыз тилин жаттагам. Түшүнбөсөм да үнүмдү чыгарып, гезиттерди окуй баштагам. Ошентип эле үйрөнгөм. Окуй берсең тил жаттыгып, үйрөнүп кетет экенсиң.
Киев көчөсүндө канчалаган мекемелер бар. Бири да кыргызча жазбайт. Тил комиссиясы ушуну эске алып, кыргызчалатса болот эле. Эгер англисче же башка тилде жазуу маанилүү болсо, сөзсүз кыргызча дагы жаздырышын талап кылышы керек.
Биз кыргыз тилин дагы кадырын көтөрүп, ошону менен бирге башка тилди дагы өнүктүрүшүбүз керек. Антпесек, чет мамлекетке барганда нан сатып жегенди да билбей калабыз. Эне тилибизди жайылтып, урмат-сый менен аздектеп мамиле кылсак, кыргыз эли, тили жоголбой кылымдарды карытат.
