Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Даңк орденинин ээси, Бакыт Тилегенов: "Аспаптарга өзүң кандай мамиле жасасаң – алар дал ошондой жооп берет"
Кыргыз маданиятынын жүзүн дүйнөгө таанытып келе жаткан Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестри бүгүн классикалык жана улуттук музыканы айкалыштырган өзгөчө чыгармачыл жамаат катары таанылып келет. Оркестрдин бүгүнкү жетишкендиктери, дирижерлуктун түйшүгү жана батанын күчү тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Даңк орденинин ээси, оркестрдин башкы дирижёру Бакыт Тилегенов Сабырович менен маектештик.
– Бакыт Сабырович, бүгүнкү күндө Эл аспаптар оркестри кандай жоопкерчиликти аркалап келет?
– Бүгүн Эл аспаптар оркестринин мойнунда абдан жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу милдет турат. Өлкөбүздө мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар көп өтүүдө. Чет мамлекеттерден президенттер, өкмөт башчылар, расмий делегациялар келишет. Мына ошол иш-чаралардын бардыгында биздин оркестр кыргыз маданиятынын жүзүн татыктуу деңгээлде көрсөтүп келет.
Бул – бир гана менин эмес, оркестрдин ар бир мүчөсүнүн эмгеги. Мен башкы дирижёр катары ар бир музыкант менен тил табышып, жамааттын чыгармачылык духун көтөрүүгө аракет кылам. Жетимиш-сексендей адамдан турган оркестрде ар кимдин мүнөзү ар башка: бирине жумшак, бирине катуураак мамиле керек. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, оркестрдеги бардык балдарга, кыздарга ыраазычылыгымды билдирем.
– Оркестрдин эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери тууралуу айта кетсеңиз?
– Ийгиликтерибиз арбын. Айталы, 2016-жылы Казакстандын Актөбө шаарында өткөн эл аралык оркестрлер сынагына катыштык. Франция, Молдавия, Малайзия, Россия жана дагы он тогуз мамлекеттин жамааттары бар эле. Бишкектен Актөбөгө чейин эки жарым сутка автобус менен жол жүрүп барып, Гран-прини жеңип келдик.
Андан кийин Астанада өткөн сынактан “Алтын кобуз”, дагы бир эл аралык сынактан “Алтын домбура” сыйлыктарын уттук. Казакстандын легендарлуу “Курмангазы” атындагы оркестр уюштурган салтанатта да кыргыз оркестри өз деңгээлин көрсөтө алды.
– Ошол жылдарда маданиятка каражат азыркыдай эмес, аз бөлүнгөнү белгилүү. Ошого карабай мындай чоң жеңиштерге кантип жеттиңиздер?
– Бул суроонун үстүндө өзүм да көп ойлоном. Кыргызда “Кудай деген кур калбайт” деген сөз бар эмеспи. Экономика оор кезде беш миң сом айлыкка иштеп жүрдүк. Бирок оркестрди таштап кетүүгө эч кимдин дити барган жок. Өлкөбүздүн келечегине ишендик.
Актөбөдөгү конкурс өзгөчө эсимде калды. Министрликке кайрылганда каражат жок дешти. Демөөрчү издөөгө намыстандым. Бирок барбай коюу да мүмкүн эмес эле. Өзүмдүн тууган-урук, досторумдан карыз алып, үч жүз миң сом таап, жолго чыктык.
Жолго чыкканда алгач дипломант болуп келсек деп тиледим. Анан экинчи-үчүнчү орун алсакчы дедим. Сынак күнү болсо биринчи орун тууралуу ой келди. Бирок сахнага чыкканга чейин башка өлкөлөрдүн күчтүү оркестрлерин көрүп, жамааттын духу түшүп кетти. Ошондо балдарга: “Бизди Манас атабыздын арбагы колдоп турат, артында кыргыз эли турат” деп, сахнага чыгар алдында Куран окуп, бата тилеп чыктык. Ошол бата бизге укмуш күч берди. Сахнада өзгөчө ойной алдык. Көрүүчүлөрдүн реакциясынан эле баарын сездим.
Калыстар тобунун жыйынтыгында Гран-при кыргыз оркестрине ыйгарылды. Балдар кубанычтан ыйлашты. Кайтып келе жатып каражат түгөнүп, ачка да калган учурлар болду, бирок маанайыбыз жарык эле. Бул жеңиш биздин тарыхыбыз болуп калды.
– Оркестр үчүн музыкалык аспаптардын мааниси кандай?
– Оркестрдин жаны музыканттар болсо, айланып турган каны – андагы музыкалык аспаптар деп айтаар элем. Биз үчүн музыкалык аспаптар чоң мааниге ээ. Бир эле музыкалык аспап кемчил болуп калса бүтүндөй оркестр аксай түшөт, кадимкидей орду билинет. Мисалы эл аспаптар оркестринде комуз, кыяк, чопо чоор, урма аспап, кыл кыяк сыяктуу эчен түрлүү музыкалык аспаптар бири-бири менен эриш-аркак болгон себептүү сиздер уккан керемет музыка жаралып жатат да. Өз кесибин сүйгөн ар бир музыкант өзүнө тиешелүү, ар дайым өзү колдонгон музыкалык аспабына тун баласына жасагандай эле мамиле жасайт. Ысык-суукта, ачка-ток калса да эң биринчи ошого кам көрөт. Жамгыр жааса өзү суу болсо да комузун, скрипкасын кургак сактайт, мен суу болсом болоюн, комузум суу болбосун, комуз-кыягым үшүбөсүн дейт. Бийик жерге коет. Анткени – музыкалык аспаптарга өзүң кандай мамиле кылсаң алар дал ошондой жооп берет. Ал эми өзүнүн табитиндеги музыкалык аспапты табуу музыкант үчүн чоң эмгекти талап кылат. Этияттык, кылдаттык менен эчен жолу сынап көрүп атып араң тандап алат да аны бир канча жылдар бою аздектеп урунат. Ушул жерден айта кетчү бир маселе, эгер ушул көйгөй жогорудагы тиешелүү жактарга жетсе да абдан жакшы болор эле, оркестрге музыкалык аспаптарды сатып алууда тендер аркылуу алуу такыр болбойт экен. Деги эле тендер маселеси – музыка дүйнөсүнө коошпогон маселе. Тендерден утуп алгандар ошол акча каражатын толук алганы менен биз ойлогондой, биз каалагандай музыкалык аспаптарды алып беришпейт экен бизге. Мисалы кайдагы бир сапатсыз, оркестрге жараксыз же кытайдын эптемей музыкалык аспаптарын дүңүнон сатып алып бизге өткөрүп берип салышат. Анысы же оркестрди жыргатпайт. Же бар эмес же жок эмес сапатсыз музыкалык аспаптарга корогон кайран каражат деп кейиген учурлар болду.
– Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан колдоо барбы?
– Ооба, азыр маданият тармагына өзгочө көңүл бурулуп жатат. Оркестрдин костюмдары жаңыланды, гастролдорго шарт түзүлүүдө. Бул колдоолор үчүн ыраазыбыз. Элибизде ынтымак, бейпилчилик болсо, оркестр мындан ары да чоң ийгиликтерди жаратат деп ишенем.
