Бишкектеги абанын булганышы. Санэпидем эмне дейт? 
29 январь

Бишкектеги абанын булганышы. Санэпидем эмне дейт? 

Абанын булганышы дүйнө жүзү боюнча жылына 7 миллион адамдын өмүрүн алат. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын рейтингинде Бишкек 16-орунду ээлеген. Деги эле абанын булганыщы кандай ооруларды пайда кылат жана андан кантип сактанууга болот? Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Бурул Жусурова “Биринчи радионун” түз эфиринде айтып берди. 

– Буга чейин абанын булганышы адамдын, анын ичинде наристелердин, карылардын ден соолугуна тийгизген зыяны айтылып келүүдө. Биринчи кезекте, аба эмнеден улам булганат, ушуну эске алуу керек. Бишкекти курчаган жаңы конуштардагы үйлөр кыш мезгилинде көмүр менен жылытылат. Ошондой эле, жаңы конуштардын тургундары бизнес иретинде мончо иштетишип, ага да көмүр жагышат. Акыркы жылдары абанын булганышына байланышкан маселеге мамлекет, мэрия абдан көңүл буруп, баарын көзөмөлгө алып, жаңы конуштарды газдаштырууну ишке ашырууда, ал турмак шаардагы каттам – автобус, жеңил автоунаалардан чыккан түтүндөр дагы чоң көзөмөлдө. Мындан улам былтыркы жылытуу мезгилиндеги абанын булганышынын көрсөткүчү менен быйылкы жылдын көрсөткүчүнүн айырмасы чоң болбосо да, бар. Жасаган иштердин акыбети кайтканы көрүнүп турат. Мурда аялдамада турганда көз, мурун ачышкандай сезимдер пайда болчу. Азыр андай нерселер азайгандай болууда. 

– Абанын сапаты боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп турабы?

– Албетте, “Кыргызгидромет” тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат. Абанын курамындагы уулуу заттарды текшерип турган атайын датчиктер бар. Аламүдүн, Сокулук райондорунда датчиктер коюлган, посттор орнотулган. Күн эмес, саат сайын текшеришет. Анын баары “Кыргызгидрометтин” станциясында көрсөтүлүп, ай сайын бизге абада кандай уулуу заттар пайда болуп жатканы тууралуу маалымат беришет. 

– Акыркы алынган маалымат кандай болду? 

– Декабрь айында алынган маалымат боюнча айтсак, абада оксид азот, диоксид сера дегендер аз-маз бар. Булар сапатсыз көмүрлөр чала күйгөндө бөлүнүп чыгат, ошондой эле транспорттордо катализатор деп коебуз, ошолордон, фильтрлерден өтпөгөн таза эмес күйүүчү заттардан бөлүнүп чыгып, абага тарайт. Мен азыр декабрдагы көрсөткүчтү илимий термин менен айтсам түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн, ошондуктан жалпак тил менен айтайын: азыр кооптонууга негиз жок. Себеби, өкмөт, мэрия тарабынан жасалып жаткан иштер пайдасын берип жатат. “Көч бара бара түзөлөт” дегендей, ушул темп менен барсак, Бишкек абасы таза шаарлардын тизмесине кирип калчу күн да алыс эмес. 

– Абанын булганышына таасирин тийгизип жаткан негизги факторлор кайсылар? 

– Биринчиден, сапатсыз көмүр. Экинчиден, бизге келип жаткан күйүүчү майлардын сапатсыздыгы. Андан сырткары, тигүү цехтеринен чыккан синтетикалык кездемелердин калдыктарынын, полиэтилентин, желим баштыктардын жагылуусу. Бул нерселерди отко жакпай, атайын аны кабыл алуучу пунктарга тапшырсак шаарыбыз үчүн чоң иш жасаган болоор элек. Ар бир жаран бул маселеге кайдыгер карабашы керек, бул биздин Бишкек, бул биздин шаар, биздин аба деген түшүнүк, кабыл алуу болсо, шаарыбызга баарыбыз өз үйүбүздөй мамиле жасасак, абанын булганышын жоюу боюнча чоң иштерди жасап жаткан мамлекетибизге чоң жардам бермекпиз. 

– Булганган аба менен дем алуу кайсы ооруларды чакырат? 

– Бул жөнүндө байма-бай айтылып келатат. Мында илимдин деле кереги жок, баарыбыз билебиз, уулуу заттарды жыттап, дем алуу биринчи кезекте өпкө ооруларын чакырат. Мен эмнеге ооруп жатам, эмнеге аллергия болуп жатам, эмнеден улам астмага айланды, эмнеге пневмонияга кабылып, бронхит кетпей жатат дегендер көп. Мунун баары абанын булганышынан. Туура мамиле жасасак ден соолукту сактайбыз. Кудай кимге оору берерди өзү билет, бирок адам профилактикалык аракеттерди жасап жүрсө, ооруга чалдыкпашы айтылып келет. Буга маани берүү керек. 

Абанын булганышы бир гана адамга эмес, өсүмдүктөргө, бак-дарактарга да терс таасирин тийгизет. Демек, жеп жаткан тамак-ашыбызга да зыяны чоң. Ошондуктан, мен бардык жарандарды сапатсыз нерселерди жакпоого, абага бөлүнүп чыкчу уулуу заттарды мүмкүн болушунча азайтууга чакырат элем.