Азамат Арнабек уулу: Балыкчы өзүнүн илгерки «өнөр жай шаары» деген атагына кайрадан ээ болот
Балыкчы – тогуз жолдун томундагы шаар. Убагында бул өнөр жайдын шаары катары таанымал болгон. Бирок көп жылдар жакшы көңүл бурулбай, кароосуз калган шаарга айланган болчу. Акыркы убакта анын мурдагы статусун кайтаруу, кайрадан жанданган, көрктүү шаарга айландыруу боюнча аракеттер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мына, ушул иштер тууралуу шаардын мэри Азамат Арнабек уулу Караван-Инфо менен болгон маегинде айтып берди.
– Балыкчыны кайрадан өнөр жай шаарына айландырууга мүмкүнчүлүк барбы?
– Биздин учурда жасап жаткан аракеттерибиздин баары ушул максатка байланган. Акыркы эки жылда аткарылып бүткөн жана аткарылып жаткан иштер абдан көп. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор биринин артынан экинчиси ишке ашууда. Балыкчы тогуз жолдун тоомунда жайгашкан шаар, жакында Бедел өткөрүү пункту ачылды, мындан улам шаардын логистикага ыңгайлуулугу артты. Келген өндүрүшчүлөрдүн катары арбыды. Айта кетсем, өткөн жылдын 15-ноябрында «Культ-Мега» бетон мамыларды чыгаруучу цехти ачканбыз. Анда бетон мамылардын төрт түрү чыгарылат, андан сырткары айыл-шаарлардагы чоң каналдарга көпүрө курууга керектелчү материалдарды чыгарып башташты. Айына миңден ашуун мамы чыгарышат. Боомдун ичинде жарыктандыруу системасы жок эмес беле, ал жакка күндөн энергия алуучу 5 жарыктандыргыч орнотуп беришти. Буйруса, шаардын көчөлөрүн күн станциялары менен камсыздайлы деп жатабыз.
2024-жылдын май айында «Балыкчы-Дордой» этти кайра иштетүүчү заманбап заводу ачылган. Эт комбинатында эт азыктары өндүрүлөт, экспортту көбөйтөт, жергиликтүү калкка жумуш орундарын түзөт. Комбинат суткасына 100 бал бодо малдын, миң баш койдун этин иштетет. Өндүрүлгөн продукция бир гана ички рынокту камсыздабастан, Иран, Кытай, Катар, Суад Аравия, Бириккен Араб Эмираты өлкөлөрүнүн рыногуна чыгарылууда. Ошентип, шаарыбыз өнөр-жай шаары деген атагына кайра кайтып келүүдө. Биз ар бир инвестор менен иштешип, эл турмушун жакшыртууга, жумуш орунун түзүүгө ниеттенген бардык ишкерлерге дайыма колдоо көрсөтөбүз.
– Шаарды өнүктүрүүгө мамлекет 300 миллион сом бөлгөн. Ал кандай бөлүштүрүлдү?
– Ооба, инфраструктураны жана социалдык объектилерди жакшыртуу максатында, республикалык бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн болчу. Анын алкагында, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырдык. Анын бири – арт-галерея, IT китепкана, музейдин курулушу. Бул объект курулуп жаткан жер союз тарагандан кийин 90-жылдардан бери кароосуз калган. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен андагы үч объект мамлекеттин карамагына өткөн. Балыкчыдагы бардык китепканаларды бириктирип, оптимизациялоонун негизинде бир чоң китепкана кылабыз. Ошондо, башка китепканалар жайгашкан 18 батир бошойт, а аларды дарыгерлерге кызматтык үй катары беребиз. Андан сыткары, сүрөтчүлөрдүн үйү, Балыкчы прессасы да ошол жерге чогулат. Айтор, чыгармачыл чөйрө, билим берүү жааты бир имаратка топтоштурулат. Мунун баары шаар тургундарынын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү, маданиятты өнүктүрүү, жаштарга татыктуу билим берүү максатында жасалып жатат.
Биз эски имараттарды толугу менен бузуп, пайдубалынан бери жаңыладык. Курулушту «Алинур» курулуш компаниясы жүргүзүп жатат. Бул компания тендерден 86 млн 900 миң суммасында утуп алган. Буйруса, курулушу май айына соңуна чыгып калат.
– Административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга бир катар айылдар кошулбадыбы, шаарды өнүктүрүү аракети ал калктуу конуштарга да тиешелүү болуп жатабы?
– Албетте. Ак-Өлөң калктуу конушу мурда Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу болгон. АТРдин алкагында, Көй-Мойнок айыл өкмөтү жоюлуп, ал эми аталган калктуу конуш Балыкчыга кошулду. Мурда Көк-Мойноктун карамагында турганда пландалып, бюджеттен каралган иштер азыр аткарылып жатат. Мисалы, тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлдү, Жеңиш паркы курулду. Айылды жарыктандыруу жана аялдама куруу боюнча тендер жарыяланып, андан утуп алган компаниялар өз ишин татыктуу аткарышты. Буйруса, таза суу менен камсыз кылуу да ишке ашат.
Ошондой эле, 100 орундуу, заманбап бала бакча курулду. Бул конуштун тургундарынын бир көйгөйүн жойду десем болот, анткени көпчүлүк ата-энелер балдарын Балыкчыдагы бала бакчаларга ташышчу.
Көк-Мойнок-1 жана Көк-Мойнок-2 калктуу конуштарында элдин маданиятын өнүктүрүү максатында, айылдык клубду оңдоодон өткөрдүк. Мурда ар кандай иш чаралар өткөрүлгөндө, айылдык клубга эл батпай, отургучтары да жетишсиз болуп ыңгайсыздык жаратчу. Азыр эми толук ремонттолуп, отургуч, гримердук стол, чоң күзгү, айтор эмне керек болсо бардык эмеректер алынды, алдына брусчатка төшөлдү. Анын баарына 729 миллион сом кетти.
Андан сырткары Ак-Өлөңдө «Кыргызболт» компаниясы тарабынан жумурка өндүрүүчү ишкана салынууда. Аталган компания ал жерди айыл Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө карап турганда 49 жылга өздөштүрүүгө алышкан болчу. Жалпы аянты 2 гектар жерге жумуртка өндүрүүчү ишкана курулса, бул биринчи кезекте, айыл тургундарына кошумча жумуш орунун түзөт. Компания менен ишкананын жумушчуларынын 80-90 пайызы жергиликтүү элден болот деген келишим бекитилген.
Айтор, Балыкчыга кошулгандан бери аталган айылдардын турмушунда бир топ өзгөрүү болду. Бирок бул чек эмес. Алдыда жасай турган иштер көп.
– Дыйкандарга түшүмүн зыянга учуратпай сатууга көмөктөшүү боюнча да кандайдыр бир чаралар көрүлүүдөбү?
– Тоют, жемиш ширесин өндүрү турган заводдорду кеңейтүү боюнча план кабыл алдык. Анткени, сатылбай калган мөмө-жемиштер чирип, жылдан жылга бул көйгөйгө айлана баштаган. Мындай көрүнүштү болтурбоо жана мөмө-жемишти өстүргөн элге жардам берүү максатында муздаткыч завод-цех ачууну көздөп турабыз. Ал курула турган жерди тандадык, буйруса, келерки жылы ишке ашырабыз. Ошол жерге дыйкандар сатылбай калган түшүмүн убагы келгенче сактап, андан кийин кайрадан рынокко алып чыга алышат.
– Келечекке дагы кандай ири долбоорлор бар?
– Шаарыбызга «Балыкчы Молл» заманбап соода борбору курулат. Анын уникалдуу долбоорун 2024-жылдын ноябрь айында түркиялык ишкерлер сунуштаган. Облус жетекчилиги менен биргеликте карап чыгып, колдоого алганбыз. Өткөн жылдын декабрында соода борбордун кеңсеси ачылды. Долбоор 200 миллион доллардын тегерегинде болот. Аны түрк ишкерлери курат. Анда баары бар: автоунаа токтотуучу жайдан баштап, соода түйүндөрү, балдар ойноочу жай, боулинг, муз тебүүчү жай болуп келип, 4-5-кабатында турак үйлөр орун алат, анын үстү мейманкана болот. Биз куруучулар жана инвесторлор менен жолугуштук. Буйруса, 2026-жылдын февраль айында курулушу башталат.
– Туристтик маалымат борбор тууралуу айтып берсеңиз, анын кандай өзгөчөлүгү бар? Курулушуна кеткен каражат кайдан алынды?
– Мында туристтер базарда соода-сатык кылып жатып эле улуттук маданиятыбыз, тарыхыбыз, каада-салтыбыз менен тааныша алышат. Мисалы, Ысык-Көлдө кандай жаныбарлар жашайт, кандай өсүмдүктөр өсөт, кандай өсүмдүктөр өсөт, кандай баатырлар чыккан ж.б. бүт баары чагылдырылат. Эмне себептен мындай идеяны ишке ашырдык? Жылдан жылга көлүбүзгө келген туристтердин саны көбөйүүдө. Мисалы, статистикалык маалыматтарга караганда, 2023-жылы 1 млн 980 турист келсе, былтыр 170 миңге көбүрөөк келишти. Анын 300 миңге жакыны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер. Ушундан улам жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн жол жээгиндеги инфраструктураныжакшыртып, аларга ыңгайлуу шарт түзүүнү максат кылдык.
Туристтик маалымат борборунда кафе, кофе сатуучу жайлар, сувенир дүкөндөрү, даараткана, унаа токтоочу жай, эне жана бала бөлмөсү, электрондук шаймандарды жана электромобилдерди кубаттоочу станциялар ж.б. көп кызматтар сунушталат.
Ал эми каражат тууралуу айтсам, бул жерде КР Транспорт жана жол министрлигине, Туризм фондуна, Дүйнөлүк банкка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ыраазычылык билдирем. Балыкчы – көлдүн кире бериши, босогосу. Биз туристтерди канчалык жакшы кабыл алып, төргө узатсак, алардын Кыргызстан тууралуу пикири ошончолук жогору болот.
– Азыр өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди, мамлекеттик кызматкерлерди турак жай менен ипотекалык негизде камсыздоо багытындагы иштер абдан катуу жүрүүдө. Бул жагынан сиздер деле четте калбасаңыздар керек?
– 2024-жылдын аягында жесир жана жалгыз бой энелер үчүн шаарчанын курулушуна капсула салынган. Жакынкы 2-3 жылдын аралыгында турак жайга муктаж адамдардын: мамлекеттик кызматкер, ишкер же башка тармактарда иштеген жарандар болобу, баарынын маселесин чечип беребиз деп турабыз. Албетте, ипотекалык программанын жобосуна туура келген тургундар камсыздалат.
Ошондой эле, социалдык шаарча курууну колго алдык. Долбоор толугу менен «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланат. Жалпы аянты -20 миң чарчы метр. Ар бир батирде үч бөлмө, от жагуучу жайы, жуунучу бөлмөсү каралган, ал турмак тосулган короосу да болот. Бардык батирлерге эмерек коюлуп, газ плита, кир жуучу машиналар орнотулуп, анан ээсине тапшырылат. 80 чарчы метр аянттагы фельдшерлик пунк да ишке берилет. Андан сырткары, дүкөндөрү, футбол талаасы, балдар аянтчасы, мечит да болот.
Мунун баары бүгүнкү бийликтин аймактарды өнүктүрүүгө ынтызарлыгынан болууда. Былтыр 300 миллион сом бөлүнсө, быйыл 1 миллиард сом бөлүндү. Биз каражаттарды туура сарптап, шаарыбызды гүлдөгөн, көрктүү, өнүккөн шаарга айлантууга аракет кылып жатабыз.
– Былтыр жайында Балыкчыдагы жаңы пляждын ачылышы чоң жаңылыкка айланган болчу. Туризмди өнүктүрүүгө бул канчалык салымын кошту деп ойлойсуз?
– Ал пляж жеке ишкер Бакыт Усуповдун демөөрчүлүгү менен салынган. Былтыр 1-августта ачылыш аземин жасаганбыз. Пляждын суусу турук, жээги таза кум. Анын тегерек-чети дагы иретке келтирилип, эс алуучуларга күндөн калкалануучу чатырдан тартып, веложол, жууна турган, тамактана турган жайларды, мейманкана курулду. Жээкте эски канал бар болчу, ошону жаңылап, бак-дарактарды бүлдүрбөстөн, айланып өтүп, каналга суу коюп, балыктарды салып койгонбуз. Эс алуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн мунара орнотулду. Айтор, пляж аймагына эмне керек болсо, баары камтылды. 6 гектар муниципалдык жер толук жасалды. Бул туристтердин санын сапаттык жактан көбөйтүүгө, эл аралык аренада Кыргызстандын абройун көтөрүүгө өбөлгө болот деп ойлойм. Туристтер көбөйгөн сайын, киреше да көбөйөөрү анык. Ошондуктан, бир чарчы метр жерди да бош калтырбай, туристтерди өзүнө тарта турган жайларга айландырышыбыз керек.
