Айнура Сагынбаева: Аялдарды белек күтүү эмнеге бактысыз кылат? 
12 март

Айнура Сагынбаева: Аялдарды белек күтүү эмнеге бактысыз кылат? 

Социалдык тармактар доорунда сүйүүгө жана мамилеге болгон күтүүлөр барган сайын күчөөдө: идеалдуу фотолор, романтикалык көрүнүштөр жана бактылуулукту ашыкча эле эл алдына чыгаруу кемчиликсиз жашоонун иллюзиясын жаратат. Психолог жана үй-бүлөлүк мамилелер боюнча коуч Айнура Сагынбаева чыныгы бактылуулук сезими календардык даталарга көз каранды болбошу керек деп эсептейт. “Караван Инфого” берген маегинде ал аялдын ролу кантип өзгөрүп жатканын, эмнеге өз жашооңду башка бирөөнүн жашоосу менен салыштыруу кооптуу экенин жана чыныгы өзүн-өзү баалоо эмнеден башталарын айтып берет.

– Айнура, бүгүнкү күндө аялдын ролу өзгөрүүдө. Сиз учурдагы кыргызстандык аялды кандай элестетесиз? 

– Ооба, аялдын ролу чынында эле өзгөрүп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы аялдардын абдан көп прототиптери жана образдары калыптанган. Алардын ичинде иштеген аялдар да, бактылуу үй кожойкелери да, бизнесвумендер да, мамлекеттик кызматтарда эмгектенген аялдар да бар. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аялы көп кырдуу экенин так билем. Аны кандайдыр бир бир образга батыруу мүмкүн эмес. Ал эми мен бүгүнкү Кыргызстандагы аялга бере ала турган жалгыз аныктама – ал абдан тез өзгөрүп, абдан тез өнүгүүдө.

– Сиз аялдар менен көп иштейсиз. Алар көбүнчө кандай өтүнүч менен кайрылышат? Өзгөчө эмне тынчсыздандырат? 

– Аялдарды алардын бактысы көбүрөөк тынчсыздандырат. Ар бир аял, ал кандай абалда жана ким болсо дагы, бактылуу болгусу келет. Мага ар кандай өтүнүчтөр менен кайрылышат. Ар бири бактылуу болуу каалоосун ар кандай жолдор менен билдиришет. Бири: "Менин акчам болсо экен", – дейт. Экинчиси: "Күйөөм мага көңүл бурса экен", – дейт. Дагы бири: "Мен белгилүү бир багытта өнүгүүнү каалайм", - дейт. Бирок бардык аялдар аялдык бакытты каалайбыз. 

– Азыр социалдык тармактардан сүйүү жана "туура" мамилелер боюнча кеңештерди абдан көп табууга болот, бирок көбүнчө бири-бирине карама-каршы келет. Социалдык тармактардын жана андагы "идеалдуу түгөйлөрдүн" маданияты аялдардын күтүүлөрүнө жана алардын чыныгы жеке жашоосуна кандай таасир этет? 

– Ооба, бул абдан кызыктуу суроо. Жакында эле белгилүү ишмер, биринчи альпинист айымыбыз Рыскүл Акимжанованын маегин көрдүм. Ал абдан кызыктуу ой айтты, мен ага толугу менен кошулам. Анын айтымында, социалдык тармактар аркылуу аялдын аң-сезимине сүйүү кандай болушу керек, аял кандай болушу керек жана мамилелер кандай болушу керек деген түшүнүктөр таңууланат. Бирок сүйүү сөзсүз түрдө кимдир бирөө көрсөткөндөй көрүнүшү шарт эмес. Мамилелер дагы бирдей болушу шарт эмес. 

Мунун баары коом тарабынан, кандайдыр бир пайда үчүн таңууланган стереотиптер. Мисалы, эмне үчүн көптөгөн аялдар дал 14-февралда куттуктоолорду, сүйүү сөздөрүн, белектерди күтүшөт? Бул күтүү кээде аялды бактысыз да кылат. Эмне үчүн көптөгөн адамдар 8-мартты ушунчалык чыдамсыздык менен күтүшөт? Анткени белек алгысы келет. Бирок эмнеге белекти башка күндөрү деле берүүгө болбойт? Эмне үчүн сүйүүсүн 14-февралда гана билдирүү керек?

Рыскүл айымдын бул пикирине толугу менен кошулам. Анткени бир кезде, жашоомдун белгилүү бир этабында, психологиялык жактан өсүү жолунда жүрүп, ички жетилүүгө карай баратканымда, мен дагы бул майрамдарды чыдамсыздык менен күтчүмүн. Белектерди күтчүмүн, кимдир бирөө мен үчүн өзгөчө бир нерсе уюштуруп, кадыр-баркымды көтөрөт деп үмүттөнчүмүн. 

Ал эми бүгүн 8-март, 14-февраль жана башка даталар мен үчүн – бул кимдир бирөөгө сүйүүмдү билдирип, жылуулук тартуулоого мага берилген мүмкүнчүлүк. Мен үчүн бул күтүүлөрдүн майрамы эмес, кубанычтын майрамы. 

Ооба, социалдык тармактар, коучтар, блогерлер, психологдор сүйүүнүн, мамиленин, жүрүм-турумдун жана аялдын ролунун кандайдыр бир үлгүсүн көрсөтүшөт. Бирок чындыгында, адам ушунчалык индивидуалдуу. Адамдардын ортосундагы мамилелер дагы абдан индивидуалдуу.

Албетте, белгилүү психологиялык үлгүлөр жана мыйзам ченемдүүлүктөр бар. Бирок мамилелердин психологиясы, аялдын жана эркектин психологиясы,  мейли жубайлык жашоодо болсун же жалгыз жашоодо болсун, дайыма конкреттүү адамдан көз каранды. Ошондуктан, баары китептегидей болушу керек деп ойлобош керек.

– Аялдардын психологиясы же "аялдык бакыт" жөнүндөгү эң көп айтылган мифтердин кайсынысын жокко чыгарат элеңиз? 

– Эң башкы миф – сиздин канчалык деңгээлде бактылуу экениңизди кимдир бирөө так айтып берет дегендик. Сиз кимдир бирөөнүн бактыңызга “диагноз” коюп берүүсүнө жол бербеңиз. Башкаларды да карап, аларга окшошууга да умтулбаңыз. Сиздин бакыт – бул сиздики гана. Эгерде  жашооңуз сизди канааттандырса, ички "бакыт өлчөгүчүңүз" толук болсо, анда бул чыныгы бакыт. А калганынын баары адамды адашууга түрткөн жаңылыштыктар.

– Аялдар өзүн өзү баалай билүүсү үчүн жөнөкөй, бирок натыйжалуу кандай практиканы сунуштай аласыз?

– Аялдын өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берген бир нече абдан жөнөкөй практикалар бар. 

Биринчи практика – бул күн сайын өзүңдүн кичинекей жетишкендиктериңди байкоо адаты. Күндүн аягында өзүңө жөнөкөй суроо бер: "Бүгүн мен эмнеге жетиштим? Өзүмө ыраазычылык билдире турган эмне иш кылдым?" Бул бара-бара өзүңө болгон урматты калыптандырууга жардам берет. 

Экинчи практика – "жок" деп айта билүү. Аялдар көбүнчө айланасындагыларга ыңгайлуу болууга аракет кылып, өз муктаждыктарын унутуп калышат. Аял өзүнүн чектерин сыйлай баштаганда, анын өзүн-өзү баалоосу бир топ туруктуу болот. 

Үчүнчү практика – бул өзүңө кам көрүү. Бир гана сыртыңа эмес, ички абалыңа дагы. Бул үчүн өзүңө жок дегенде 20-30 мүнөт убакыт бөлүү да жетиштүү: сейилдөө, китеп окуу, тынчтыкта болуу. Бул абдан жөнөкөй нерселер, бирок дал ушулар аялды өзүн баалай билүү сезимин жандандырат. 

– Маек соңунда аялдардын жашоосун чындап жакшы жакка өзгөртө турган бир адатты же ички эрежени атай кетсеңиз? 

– Эгерде бир адат тууралуу айтсак, анда өтө маанилүү ички эрежени атамакмын: өзүңдүн жашооңду башкалардын жашоосуна салыштырба. Бул жөнүндө жогоруда да айтып өттүк. Социалдык тармактар доору болгон бүгүнкү күндө дайыма башкалардын ийгилигине, кооз фотолоруна, бактылуу үй-бүлөсүнө күбө болобуз. Бирок ошол адамдын реалдуу жашоосун эмес, сырткы картинаны гана көрүп жатабыз. Аял өзүн башкалар менен салыштырууну токтотуп, өзүнө: “Мен эмнени каалайм? Кандай жашоо мени бактылуу кылат?” деген суроолорду бере баштаганда, жашоосу жакшы жагына өзгөрө баштайт. Анткени ал башка бирөөнүн күтүүсү менен эмес, өзүнүн ички баалуулуктарына таянып жашаганга көнөт. Так ушул нерсе чыныгы ички бакыбаттуулуктун пайдубалы.