Болот Абдыжапаров: Азыр жыл сайын орто эсеп менен 200 тоннадай көмүр казылып алынат
Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров учурдагы шаардагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
– Сүлүктү шаары шахтерлордун шаары катары таанымал эмеспи, дагы деле ошол макамына туура келеби?
– Сүлүктү шаары нечен жылдар бою бир гана Кыргызстанды эмес, башка бир топ өлкөлөрдү көмүр менен камсыздап келди. Тарыхын караганда, 1868-жылы россиялык ишкерлердин жардамы менен көмүр казып алуу боюнча алгачкы иштер башталган жана шаардын жаралуу мезгили ошол учурларга туура келет.
Андагы көмүр казып алуу процесси азыркыдай эмес, баары кол күчү менен жасалган. Андан улам жумушчулар көп керек болуп, ар кайсы жактан иштөөгө келгендер Сүлүктүнү байырлап, отурукташа баштаган. Ошентип, чакан шаар пайда болгон. Ал эми шаар макамын 1940-жылы алган. Улуу Ата Мекендик согуш маалында көмүр казып алуу 500 миң тоннага жеткен.
Бирок Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин көмүр өндүрүү процесси бир топ жылга чейин солгундаган. 2010-жылдарда гана кайра жанданып, көмүр кенин жаңы технологиянын негизинде өндүрүү башталган. Азыр жыл сайын орто эсеп менен 200 тоннадай көмүр казылып алынат.
– Шаарда көмүр брикеттерин чыгаруучу ишкана ачылган, ал кандай иштеп жатат?
– 2024-жылы октябрь айында Сүлүктү шаарындагы Кош-булак аймагында көмүр брикеттерин өндүрүүчү ишканасы ачылган, азыр жигердүү иштөөсүн улантууда. Бул ишкана Сүлүктү шаарынын өнүгүүсүнө жаңы дем берди. Анткени, көмүр өндүрүшү аймактагы негизги тармактардын бири болуп саналат.
– Тараза көзөмөлүнүн ачылышы шаардын өнүгүшүнө кандай салым кошот?
– Өткөн жылдын сентябрь айында Сүлүктү шаарынын кире беришиндеги Кызыл-Бел тилкесинде жайгашкан тараза көзөмөлү ачылды. Бул көзөмөл пункту кендерди ташып бара жаткан жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөөгө багытталган. Салмакты көзөмөлдөө пункту Сүлүктү кендеринен ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү боюнча так маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал бул кадам салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө болот. Мисалы, тараза көзөмөлү ачылган биринчи эле күнү 5 унаанын документи жок экенин аныктаганбыз. Бюджет канчалык көп болсо, шаардын өнүгүүсү үчүн жасалчу иштердин тизмеси да ошончолук узун болоору белгилүү эмеспи.
– Аймактарда бала бакча көйгөйү курч эмеспи, сиздерде кандай чечилип жатат?
– Былтыр БатМУнун А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун 75 орундуу студенттик жатаканасынын жана 100 орундуу «Нукура» балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. Мындан башка да алдыда бала бакчаларды көбөйтүү боюнча пландар бар.
– Жол маселеси боюнча да айтып берсеңиз, ички жолдорду оңдоо иштери жүргүзүүдөбү?
– Ооба, бул багытта жасалган жана алдыда жасалчу иштер көп. Мисалы, Товарная көчөсүндө жайгашкан айланманы оңдоо иштери башталып, сквердин тегерегиндеги 798 м2 жерге асфальт төшөлдү. Курулуш иштерин “Ак тилек” акционердик коому жүргүзгөн.
Маалымат катары айтсак, буга чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемеси Товарная көчөсүн асфальттоо үчүн сметалык баасы 1 000 000 сомду түзгөн тендер жарыялап, анын жыйынтыгында “Ак тилек” акционердик коому жеңүүчү табылган.
Андан сырткары Пушкин көчөсүнө узундугу 505 метр, ал эми туурасы 5 метр болгон асфальт төшөлдү. Жолду асфальттоо үчүн каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп, жумушту Ак-тилек акционердик коому жүргүзгөн.
Бул көчөдө Турсун Рустамов атындагы №5 орто мектеп жайгашкандыктан, мектеп окуучулары жүргөн жол абдан кейиштүү абалда болгон. Жаан жаап же күн жылып, кар эриген мезгилде баткак болуп, тургундарды түйшөлтүп келген.
– Туризмди өнүктүрүү жалпы республиканын башкы максаты болуп турат. Туристтерди тартуу үчүн эмнелерди жасап жатасыздар?
– Аймакка келген туристердин жайкы эс алуусу үчүн ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2 миллион 872,5 миӊ сом бөлүнүп,”Тоо-Бүркүтү" эс алуу борборунун базасында, 2 имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп "Белес резорт" жайы түзүлдү. Бөлмөлөр тийиштүү эмеректер, тиричилик техникалар менен камсыздалган. 1 жаӊы бассейн курулуп ишке берилди. “Белес резорт” туристтик эс алуу борбору аскалары бийик тоо койнунан орун алып, туристтерди тартууга ылайыкташтырылган.
– Эми жеңил өнөр жайына келсек, бул жаатта да артта калбасаңыздар керек?
– Шаарда кийим тигүүчү жаңы цех ишке кирди. Анда заманбап технологиялар колдонулуп, сапаттуу жана ыңгайлуу сырткы кийимдер тигилет. Мында өндүрүлгөн продукция жергиликтүү рынокто гана эмес, экспортко да багытталып, шаардыктардын иш менен камсыз болуусуна жана шаардын экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
Ошондой эле, килем токуучу цехибиз да бар. Бул ишкана жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жана шаардыктар үчүн кошумча жумуш орундарын түздү.
