Мундуз Айбековна, этнопсихолог: “Адам өз тандоосунун гана жемишин көрөт”
Адамдын жүрүм-туруму, эмоциясы, тагдыры – мунун баары жөн эле пайда болбойт. Ар бирибиз ата-бабадан калган наркты, үй-бүлөдө көргөн үлгүнү, жашаган чөйрөбүздүн таасирин өзүбүз менен кошо көтөрүп жүрөбүз. Этнопсихология дал ушул көрүнүштү түшүндүрөт.
Бул маекте биз этнопсихолог Мундуз Айбековна менен ушул багытта сөз кылабыз.
– Мундуз айым, этнопсихологияны жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берсеңиз. Этнопсихолог деген ким? Өзүңүз бул тармакты кандайча тандап калдыңыз эле?
– Этнопсихология – психологиянын орчундуу тармагы. Этнопсихолог улуттук аң-сезимди изилдөөчү, өнүктүрүүчү адис. Психология жалпы адамзатка таандык аң-сезимди изилдесе, этнопсихология ар бир улуттун өзгөчөлүгүнө таандык аң-сезимди терең изилдейт. Мен психологияга уулубуздун ден соолугу, үй-бүлөлүк мамиледеги көйгөйлөр менен келип калгам. Бара-бара өзүмдөн оң жыйынтыктарды алгандан кийин этнопсихология багытын тандап, үзгүлтүксүз окуп да, адамдар менен иштешип да келе жатам.
– “Эненин абалы – баланын ден соолугу” деген түшүнүк аркылуу келипсиз да психологияга?
– Ооба, 2017-жылы кичүү уулубуз төрөлүп, эмдөө алдындагы текшерүүдөн өткөндө эпилепсия, дисплазия жана ДЦПнын алгачкы белгилери бар деген диагноз коюлган. Ошондо эне катары мага абдан оор болду. Мындай учурда эне өзүн күнөөлүү сезип, абдан чөгүп, чүнчүп баштайт экен. Ошол жылдары Кыргызстанда өзүн өнүктүрүүчү психологиялык сабактар жаңы башталган, тааныш кызымдын сунушу менен “Өзүңдү жең” деген 3 айлык курска катышып калдым. Тапшырмаларын калтырбай аткарып жатып 3 ай ичинде уулубуздун ден соолугу оңолгонун, менин абалым уулубузга түзмө-түз таасир берип жатканын байкадым да, баш-отум менен психологияга кирип кеттим. Ишенесизби, бир жыл ичинде уулубуз 3 диагноздон тең каттоодон чыкты.
Бул жыйынтыгым аркылуу айлана-чөйрөмдө менден кеңеш сураган адамдар абдан көбөйдү. Ошондо мунун олуттуу жоопкерчилик экенин билип, атайын бир тармагына токтолоюн деп этнопсихологияны тандадым да, ошол багытта терең изилдене баштадым. Иштешкен адамдарымда да чоң өзгөрүүлөр болду. Ошентип отуруп бул менин жашоомдогу миссиям экенин билип, психологияга магистратурага тапшырып, онлайнга эксперт болуп чыгып ишимди улантып келатам.
– Кыргыздар аялды алтын жатын, бөрү жатын, жалпак, чирик жатын деп бөлгөнү тууралуу сизден уктум. Бул классификация кайдан чыккан жана анын мааниси эмнеде?
– Бул классификация “Манас” эпосунан алынган. Мындай бөлүнөрүн манасчы Улан Исмаиловдон 19 жашымда угуп калдым да, кийин манасчы Дөөлөт Сыдыковдон терең чечмеленишин билип, андан бетер кызыгуум артты. Себеби бала кезимден “кыргызча” тарбиялангандыктан, бул мага абдан кызыктуу тема болду. Биз беш кыз болгондуктан атам бала кезибизде Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Томирис канышанын баатырдыгын, Чыйырды эне, Каныкей эне, Курманжан датка энелердин эрдигин абдан таасирдүү кылып айтып берчү. Ошондон улам мен да өз заманымдын нукура, баатыр, эр жүрөк кыргыз кызы болгум келген түшүнүк калыптанган. Андыктан жатын темасын изилдеп баштадым. Ортодо турмуш, бала-чака деп жүрүп унутуп деле калгам. Качан этнопсихологияга терең сүңгүгөндө аялдын жатынга таандык сапаты аң-сезим менен түзмө-түз байланышканын аныктап чыктым. Бирок, эми муну атайын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, аныктап, далилдеп чыкканга не деген мээнет, убакыт сарпташ керек. Деги эле этнопсихология багыты аркылуу кыргыз аялдарына таандык илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө эрким, демим, жоопкерчилигим жетиштүүбү деп өзүм менен өзүм кеңешип жүргөн кезим…
– Аялдын энергиясы түштү деген түшүнүктү этнопсихология кандай түшүндүрөт?
– Аялдын энергиясы деген сөз - аялдын акыл-эси, аялдын аң-сезими, аялдын жандүйнөсү дегенди түшүндүрөт. Ушул ички баланс бузулганда ден соолук аркылуу белги берилет. Мисалы, аялдын жан дүйнөсүндө ыза, өкүнүч, таарыныч, күнөөлүү сезим жашап жатса, социалдык абалы жакшы болсо да улам ооруп, жашоого кайдыгер болуп, бактылуу көз ирмемдерге да кубануу, сүйүнүү дегенди унутуп калат.
– Ал өз энергиясын кантип көтөрө алат? Мисал келтирсеңиз.
– Ар бир аял өзүнчө аалам, өзүнчө дүйнө, ар бирине жекече мамиле кылуу абзел. Эгер жалпылап айтсак, өзүнө таандык эмес жоопкерчиликти албаш керек. Мисалы, бир айым 2 эркек баласы, күйөөсү бар, бирок аял гана иштейт, аял гана акча табат, балдары 18, 20 жашта, 3 эркек тең иштебейт. Мага иштешүүгө келгенде тапкан акчасын дароо ден соолугуна салдырдым, өзүнө гана фокус койдурдум. Ачка калган 3 эркек жанталашып иштеп, акча таап, аял ашыкча жүктөн арылды. Дароо аялдын энергиясы көтөрүлүп билим алууга, өзүнүн аялдык күчтүү тараптарын өнүктүрүп, сүйүктүү иши менен алектенүүгө маани бере баштады. Кабагы ачылып, каткырып күлү калды.
Эркектин табияты комфортту жакшы көрөт, бирок кризисте эркектик касиети ачылат, өнүгөт, ошону түшүнбөй көп аялдар күйөөсүнө жубайы эмес, энеси болуп алышат.
– Адамдын ата-теги же ички программалары акчага таасир этеби?
– Сөзсүз таасир этет. Мисалы, мен канча жанталашып иштеп, кесипкөйлүк чеберчилигимди өстүрсөм да кирешем өп-чап болуп туруп алды. Көмүскө көйгөй, тектен келаткан терс программа менен иштеп жатып, чоң энемдин атасы бай болгону үчүн кулакка тартылганын таап чыктым. Андан улам менин түпкү аң-сезимимде “чоң кирешеге чыксаң сүргүнгө айдаласың” деген программа бар экен, качан ал программаны кетиргенде бир ай ичинде дароо 300 миң сом кирешеге чыккам. Демек, кара күчкө таяна бербей, терс программаларды тазалап койсоң укмуштай идеялар келип, жок жерден ар кандай сунуштар түшүп, кесипкөйлүгүңө финансылык эркиндик кошулса, эң сонун жыйынтык болот.
– Бир адамга акча оңой келет, башкасына келбейт го. Бул жогоруда айтылгандай түпкү аң-сезимге байланыштуу экен да э?
– Ооба, ал ар бир адамдын акча чөйчөгүнүн абалына жараша болот. Мисалы, кыргыз тилчи эки мугалим дейли, экөө тең кесипкөй, экөө тең бир жерде иштейт. Бирөө мурунку терс программалары менен жүрөт, бирөө психолог менен иштешти. Көп өтпөй психолог менен иштешкен мугалимге эмгек акысы жогору, өзүнө жаккан долбоордон сунуш түшөт. Ошентип биринчи мугалим ай сайын 30 миң сом маяна алат, экинчиси долбоордо да кошумча кызмат көрсөтүп 90 миң сом айлык алат. Айырмасы, бир мугалимдин мээси “акча мага кыйналып иштегенде гана келет” деп программаланган, а бирөө психолог менен иштешип “мага акча адал, оңой, жеңил келет” деп жаңы программага өзгөрткөн.
Кандай болбосун адам өз тандоосунун гана жемишин көрөт.
– Адам өзүнүн жатын түрүн кантип аныктай алат?
– Учурда “Мен киммин?” деген 3 күндүк марафон иштеп чыгып, бул теманы гендердик, социалдык, өздүк иденттүүлүк (өзгөчөлүк) менен түшүнгүдөй кылгам жана ушул марафондун ичинде атайын социалдык-психологиялык тест иштелип чыккан, ошону менен аныктаса болот.
– Өзүн өзгөртүүнү каалаган аял адегенде эмнеден башташы керек?
– “Мен өзгөрөм!” деген бекем чечим чыгаруудан башташ керек. Ошол чечимди кыймыл-аракет жана туруктуулук коштогону абзел. Билим алуу ийне менен кудук казгандай болсо, өзүн өзгөртүү өзүңдү-өзүң ийне менен казганга барабар. Мындайга чындап алтын жатын, бөрү жатын аялдар жана ошол жатындан төрөлгөндөр гана туруштук берет. Көпчүлүк көнүп калган ыңгайлуу чөйрөдөн чыга албайт. А өнүгүү ыңгайсыз чөрөдө гана болот.
– Сиздин практикаңызда байкалган эң кызыктуу өзгөрүүлөр кайсылар?
– Жыйынтыктар катуу жана жумшак болуп экиге бөлүнөт. Жумшак жыйынтык бул- ички өзгөрүүлөр: терс ойлордон арылды, терс эмоцияларын туура жакка иштеткенди өздөштүрдү, өзүн баалап баштады, өзүнүн күчтүү жактарын таап өнүктүрүп жатат, жан дүйнөсү тынчтыкка келди ж.б. Ал эми катуу жыйынтыктар - сырттагы адамдар да байкагандар. Булар: турмушка чыкты, балалуу болду, машина алды, үй алды, кирешеси өстү, ишинен көтөрүлдү ж.б. Мени менен иштешкендерде ушул жыйынтыктардын бардыгы бар. Ким эмнеге фокус коюп келсе, ошол ишке ашат. Өзүн өзгөртүп, жыйынтык көрүүнү каалагандар 0709 247 617 номери аркылуу менден консультация алса болот.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!
