Бурулкан Сарыгулова: Жаңы муундун руханий азыктануусуна тамчыдай болсо да пайдам тийсин дедим…
Акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бурулкан Сарыгулова менен маек:
– Көп жылдык журналисттик тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, бүгүнкү кыргыз журналистикасы кандай өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатат?
– Жакында студенттер менен жолугушуп калдым. “Журналисттик кесип кызыктуубу?” деп сурайт. Албетте, кызыктуу. Журналист падыша менен да, дубана менен да тең ата сүйлөшүү укугуна ээ. Көз карандысыз кесип дегеним. Бирок, ал үчүн көркөмдүү кийинип, жасанып, микрофонду колго алуу же камеранын алдына чыгуу жетишсиз. Даярдыксыз элдин алдына чыгуу – кесипке душмандык кылуу. Кесипке жоопкерчиликтүү, кынтыксыз кызмат кылуу үчүн билим, маданият, жоопкерчилик, кесиптик көндүм керек. Ал – эмгек.
Албетте, отуз жыл мурдагы кыргыз журналистикасы менен бүгүнкүнү салыштыруу эч мүмкүн эмес. Журналистика аздыр-көптүр тармак катары калыптанып келатат. Көз карандысыз медианын мектеби пайда болду. Жарандык журналистика өсүп чыкты. Интернет технологиясы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ишти жеңилдетип, элге жакындатып салды.
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаевдин артынан канча иликтөөчү журналисттер өсүп чыкты. Иликтөө журналистикасынын мектеби пайда болду.Иликтөө түйшүктүү, жоопкерчиликтүү жумуш. Эки-үч фактыны чабыштырып жарыялай салууга болбойт. Анын мааниси, акыбети — өнүгүүгө кесепетин тийгизген көрүнүштөрдүн, таасирдүү адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бетин ача алгандыгында. Бул ириде коом үчүн пайда.
Кыргызда “бетке айткандын заары жок” деген таамай сөз бар. Коомдук процесстин жакшысын да, өксүгүн да айтышы, жазышы (албетте, негиздүү, далилдүү, кынтыксыз) керек. Журналисттин милдети ошол. Аны коомчулук, бийлик, башка кызыкчылыктары бар тараптар да туура түшүнүп, кабыл алып, кызматташууга даяр болушу керек. Бизде бул жагынан өксүк бар. Журналисттер ар кандай басымдардан жазганып, мокоп калса кемчиликтерди ким айтат, коомго ким санитар болот?
– Журналистика тармагында иштеп келе жатып, өзгөчө эсиңизде калган, сиз үчүн маанилүү болгон чагылдырууларыңызды эстеп, көңүлүңүз толгон учурлар болобу?
– Эгемен Кыргызстанды чет өлкөлүктөр кызыктуу өлкө дешет го. Отуз жылда кандай гана тарыхый, чуулгандуу, жагымдуу окуяларды башынан өткөргөн жок. Ошолордун дээрлик бардыгын эле ар кандай өңүттө чагылдырып калдык го.
Мен эгемендиктин алдыңкы жылдарындагы менчик жерге жетип, үй салып жашагысы келген үй-жайсыз миңдеген жаштардын толкундоолорун чагылдырган учурумду жагымдуу маанайда эстейм. Алардын абалын мен да жон терим менен сезген үчүн го, сыягы.
Анда өз эне тилин, улуттук маданиятын коргоп, көз карандысыз жашоону эңсеп чыгышкан. Жаштардын улуттук аң-сезими болуп көрбөгөндөй ойгонгон учур болчу. Айткандай эле бир аздан кийин эгемендик келип, кыргыз тилинде корунбай сүйлөп, улуттук маданиятыбызды кенен-кесири даңазалап калбадыкпы. Бирок, азыр кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбеген жаштарды көргөндө кейичү болдум.
– Акындык жолуңуз менен журналисттик кесип бири-бирине жакын болушу мүмкүнбү? Дегеним, журналисттик иш чыгармачыл адамга кайсы бир шартта чыгарма жаратууга ыңгай түзүп, эргүү алып келе алабы?
– Албетте, журналистика тактыкка, ар бир сөзгө, фактыга кылдат мамиле кылууга, тыкан, изденип иштөөгө үйрөтөт. Бул тажрыйба. Кайсы бир учурда, кандайдыр бир көркөм чыгарма жаратууга идея, тема табууга себепкер болот. Бирок, журналисттик иш менен көркөм чыгармалык бири-бирине жуурулушуп турат деп айта албайм. Тескерисинче бири-бирине душман. Журналисттик иш – тегирмен. Бул жагынан мендеги кесиптик жоопкерчилик көркөм чыгармачылыгымды тизгиндеген (убакыт жагынан) учурлар болгон жок деп айта албайм.
– Коом менен тыгыз байланышта жашаган калемгер катары эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз адабиятынын абалын, айрыкча акыркы беш-он жылдагы процесстерди кандай баалайсыз?
– Доор алмашкан тээтиги токсонунчу жылдары маданият менен адабиятты ойломок тургай, калемгерлер кара курсакты тойгузууга шаасы жетпей калган учур болчу да. Ага жараша адабият да жүдөдү. Баягы керемет фольклору, мухиттей “Манасы”, дүйнөлүк деңгээлдеги залкар Айтматову бар көркөм адабияттын бучкагына тете чыгарма жаратууга шаа жетпей калган мезгил болду.
Рынок заманынын шарапаты менен Айгүл Шаршен кызы өңдүү авторлордун жеңил-желпи чыгармаларынын “каны жерге тамбай”, эл нагыз көркөм адабияттан алыстап калган. Биз ошол илдеттен арылып кете элекпиз.
Муундардын байланышы төмөн. Кээде төбөсү көрүнгөн эле айрым дымактуу жаштардан улуу муундагы белдүү калемгерлер тууралуу “бул баланча деген калемгер же баланча деген чыгарманын автору, тааныйсыңбы” деп сураганда томсоро түшкөндөрү бар. Бул алардын күнөөсү эмес. Бул мугалим да, ата-эне да, бүтүндөй коом “чаар баштыкка” күнү түшкөн замандын туундусу. Аңтар-теңтер заман билимге, маданиятка, адабиятка кызыкпаган, агым менен жашаган муунду жаратты.
Руханий азык бере турган инсандар менен уюштурулган маектерди топтоп, “Уютку кеп” деген китеп чыгарганымдын жөнү да ушундан болду. Жаңы муундун руханий азыктануусуна тамчыдай болсо да пайдасы тиер дедим.
Адабият азыр кыймылда. Ал деле коомдук процесстер, замандын нугу менен танапташ болот экен. Азыр эми аз болсо да “кой-ай, улуттун намысын ойлойлу, заман кайда баратат, окуйлу, окуталы, түркөйлүккө жол бербейли, сабатсыздык каптап жатат” деген коомдук пикир пайда боло баштады.
Адабий чөйрөдө деңгээлди көтөрүү аракети жүрүүдө. Мамлекет да муну түшүнүп, материалдык, моралдык колдоо көрсөтүп жатат. Башка элдердин адабий чөйрөлөрү менен эбак үзүлүп калган карым-катыш жанданууда. Улуттук жазуучулар союзу чыйралып атат.
Учурдун чыгаан прозаиги Султан Раев жетектеген “ТүркСОЙ” уюму калемгерлерди колдоп келатат. Жакында адабиятка өмүрүн арнап келаткан эжекебиз Үмүт Култаева адабий курс ачып, калемгерлерди окута баштады.
Бул өңдүү көрүнүштөр, албетте, адабий процесс жанданууда деп айтууга негиз боло алат. Мунун бардыгы дем-күч берет, бирок, мыкты чыгарманын жаралышы автордун гана жеке талантынан, мүмкүнчүлүгүнөн, билим деңгээлинен, окурмандын алдындагы жоопкерчилигинен көз каранды.
Акын, жазуучу Нуралы Капаров мага берген маегинде “мен ондогон жылдар жазган жокмун, окудум, үйрөндүм. Себеби, мен биринчи кезекте окурманмын,” деди эле. Ушул өңдүү тажрыйбаларды эске алып коюу пайдалуу, менимче.
Анан эң негизгиси, калемгер жазган чыгарманы, ал поэзиябы, прозабы, драмалык чыгармабы окуй турган окурман болуш керек. Азыр эми жаңы чыгармалар көбөйүп жатат (деңгээлин баалоо окурман менен сынчылардын иши дечи), окурмандын калың карааны байкалбайт. Эл аралык кайсы бир сурамжылоолорго караганда биздин өлкө китеп эң аз окугандардын катарында турат. Окумал, билимдүү коом болсо анын талаптары дагы мыкты чыгармаларды жаратууга калемгерлерди аргасыз кылат деп ойлойм.
– Көпчүлүк чыгармачыл адамдардын жүрөгүндө өтө ыйык, бирок жазууга даай албай жүргөн темасы болот эмеспи. Сиздеги ушундай тема жөнүндө билгибиз келет…
– Улуу үркүндө мени баккан атамдын энеси – чоң энем 13 жашта экен. Мен 9-класста окуп жүргөн кезде, терең карылыкта көзү өттү. Үркүндүн азап-тозогун көп айтаар эле. Ал киши тууралуу ырларым да бар.
Кийин ошол Улуттук боштондук көтөрүлүштүн (Улуу Үркүн) 100 жылдыгына карата “Азаттыкта” бир жыл бою атайын жарыя кылып, эл ичиндеги эскерүүлөрдү чогулттук. Редакцияга балдары, неберелери, жакындары келип айтып берген эскерүүлөрү жүрөк титиретет. Түркүн тагдырлар, окуялар...
Жарыялангандардын бир тобун топтоп “Үркүн-100. Кылымдар унуткус кыргын” деген китеп да чыгардык. Сандаган элибиз эркиндикти эңсеп жүрүп жок болуп кетпедиби. Азыр Үркүндөн кабары барлардын карааны калбай деле калды. Ушулар көкүрөгүмдөн кетпейт. Көркөм чыгарма жазуу ниетимде жүрөт, бирок алигиче өзүң айткандай даай албай келатам.
