Актриса Мээрим Касаболотова: «Коомчулукка кинодогу Керээз образым таанытты»
20 май

Актриса Мээрим Касаболотова: «Коомчулукка кинодогу Керээз образым таанытты»

Театр сахнасынын жылдызы болуп көптөгөн ролдорду жараткан, кино тасмаларга тартылып кыргыз маданиятына зор эмгеги бар Мээрим Касаболотова биздин редакциянын коногу болду. Кеп башынан болсун.

– Мээрим айым айтсаңыз, негизи эле маданият тармагына аралашып жүргөнүңүзгө канча жылдын жүзү болду? 

– Жалпы кыргыз маданиятына келгениме тура 30 жылдын жүзү болуптур. 9-класстан баштап комуз кармап алгач сахнанын босогосун аттап, ырдап, бийлеп элге өнөрүмдү көргөзө баштагам. Мектепти аяктагандан кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтка келип тапшыргам. Ал жакта окуп жүргөндө 2-курстан баштап актриса болуп иштей баштадым. Учурда Т.Абдымомунов атындагы улуттук теарда эмгектенип жаткан учурум. 

– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Кыргыз театрынын 100 жылдык мааракесин белгилөө алдында турабыз. Буйруса жалпы жамаатыбыз менен жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ойдобуз. У. Шекспирдин чыгармасын сахналаштырып жаткан учурубуз.  

– Театр сахнасында, кинодо канча роль жараттыңыз? Тизмектеп көргөнсүзбү?

– Ушул убакытка чейин Республикабыздагы жалпы төрт театрда иштеген экемин. Эң алгач студент кезибизде жеке менчик театрдан баштагам, кийин Ысык-Көлдө облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда, андан кийин Таласта жаңы театрды ачкандардын катарына кошулуп ал жакта 8 жыл эмгектендим. Ошентип жалпы театр сахнасында 40 ашык ролдорду жаратыптырмын. Ал эми кинодо отуздан ашып кыркка чукулдап калыптыр. Атайын деле отуруп алып эсептеп көрбөптүрмүн. Бирок, колубуздан келишинче коомчулуктун руханий маданиятын байытууга салымыбызды кошуп келе жатам. 

– Мээрим Касаболотованы коомчулукка тааныткан кайсы образыңыз?

– Ал кезде жаңыдан кыргыз сериалы жанданып жаткан кез болчу. Эсиңиздерде болсо  Ж.Өзүбекованын «Апамдын махабаты» тасмасы алгачкылардан болуп тартылган эле. Бул сериалдагы «Керээз» деген кыздын ролу менен кыргыз элине актриса катары таанымал болгом. Эл арасында дале мени Керээздин образы менен кабыл алгандар бар. Көчөгө чыксаң «Керээз экен» дешип артыңдан күбүр-шыбыр кеп кылгандарын кулагым чалып калчу. Кийин «Чиркин өмүр», «Айыл өкмөтү» тасмаларына тартылып андан ары чыгармачылыгымдын чыйыр жолу уланган. Бүгүнкү күндө «Дарыгер» сериалы элге тартууланганы турат. Анда да менин жараткан образыма жалпы журт күбө боло алат.

– Жараткан образдарыңызда жеке турмушуңузга окшошуп кеткен учурлар болобу?

– «Театр жашоонун күзгүсү» деп коет эмеспи. Анын сыңарындай өзүңдүн жашооңду сахнада ойногон учурлар кездешет. Кээде айланаңда тааныган адамдын жашоо образын жаратып каласың. Кино, театр жашоодон алынат эмеспи. 

– Кайрадан кесип тандоо мүмкүнчүлүгү болсо кайсы кесиптин ээси болмоксуз?

– Мен өзүмдү чыныгы сахнанын, маданият, искусствонун адамы катары эсептейм. Жаратканым башкага бербеген өзөчө бир талантты мага бергенине шүгүр. Эгер кайрадан кесип тандоо мүмкүнчүлүгү болсо эч ойлонбой актриса болмокмун. 

– Атактуу актрисанын бала чагы кандай өттү?

– Балалык чагым Ысык-Көлдө Теплоключенко айылында өттү. Беш бир туугандын ортончусу болу пата-энебиз эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. «Аккан арыктан суу агат» дегендей баарыбыз атамдын жолун улап чыгармачылыкка жакынбыз. Бир туугандарым да маданият тармагынын ар тармактарында эмгек кылып жүрүшөт. Атам Төлөн Касаболотов Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмери, Ысык-Көлдө жашап, комуздан сабак берип канчалаган таланттарды талпынтып өстүргөн. Апамдын кесиби боюнча медик. Бирок атамдын жанында жүрүп апам деле маданиятка абдан жакын.  Мектепти аяктаганыма быйыл 30 жылдын жүзү болуптур. 

– Мектепти аяктаган ар бир инсан ар бир даталуу жылын күтүшөт эмеспи. 30 жылдык кечеге барасызбы?

– Убакыт учкан куш экен. Кече эле окучу болуп, мектептеги  маданиятка тиешелүү кандай иш чара болбосун менсиз өтпөгөн шатыра-шатман балалык кезибизден узап, андан бери бат эле 30 жыл өтүп кетиптир. Эстесем ал кездерде окуучулардын арасынан министрликтерди бекитишчү. Мени болсо «Маданият министри» кылып шайлап коюшкан. Окуучулук жылдарым жакшысы менен, сыркоологон оорусу менен да коштолгон. Быйыл өзүмдүн кызым 11-классты аяктап жаткан үчүн кызымдын бүтүрүү кечесине барам деп пландап жаткан учурум.  Ошол себептен 30 жылдык кечеге барбай калат окшойм. 

– Азыркы саламаттыгыңыз жакшыбы?

– Бала кезимде  кату ооруга чалдыгып төшөккө жатып калгам. Жакындарым санааркап, мектептен алыстап күндөн-күнгө алым кетип катуу ооруган элем. Догдурлар «жүрөк тешиги» деген диагноз коюшканда «мындан ары бийлеп, ырдабай калат турбаймымбы» деген ой келген эле.  Атам менен апама миң мертебе ыраазымын. Төшөктө жаткан жеримден  бапестеп карап, дарылашып бутума тургузуп эл арасына кошушту. Азыр текшерилип турам, кудайыма шүгүр ал жүрөк оорудан оолакмын, саламаттыгым жакшы. Андан бери бала төрөп эне статусуна да ээ болдум.

– Канча балаңыз бар? Сиздерди тартып таланттуубу?

– Бир кыз, бир уулум бар. Балдарым да чыгармачылыкка шыктуу, кызым таятасын тартып комузда жакшы ойнойт. Анын үстүнө атайын  комуз сабагынан билим алып келет. Турмушта ар кимдин тагдыры ар кандай болот экен. Балдарымдын атасы менен эки ажырымга түшкөнбүз. Балдарымды жалгыз тарбиялап келем. 

– Аял затынын чыгары кырк деп коет эмеспи. Кайрадан турмушка чыгайын деген оюңуз барбы?

– Аны деле ойлонуп көрбөптүрмүн. Менин максатым балдарыма татыктуу тарбия берүү, эч нерседен кем кылбай чоңойтуу. Анын үстүнө сыртта ата, үйдө эне болгон айымдарда убакыт абдан чектелүү. Чыгармачылык иштерим да абдан көп. Азыр батирде жашагандыгымдан буйруса мамлекеттик ипотекадан кезегибиз келсе үйлүү болсом деп ошого аракет кылып жаткан учурум. Калганын убакыт көрсөтөт.