Миргүл Эсенгулова: Билим берүү министрлигин Агартуу министрлиги деп атап, уңгубузга кайттык
Жакында президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функциялар Агартуу министрлигине жүктөлсө, Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функциялар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги алды.
Мындай кадам өлкөдөгү билим берүү сапатына канчалык таасир берээрин КМУнун педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Миргүл Эсенгулова түз эфиринде айтып берди.
– 2024-жылы Кара-Кыргыз Республикасынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилөө учурунда, агартуучулар жөнүндө чоң маселе козголуп, беш атанын арасына белгилүү агартуучу Ишеналы Арабаев кирген. Агартуу министрлигинин түзүлүшү символикалуу белги болгондой сезилет.
Агартуучулар жөнүндө козголгон маселеде, мисалы, орус тилинде “образования” деген сөздү татынакай кылып түшүндүрүп коюуша болот, ал эми кыргыз тилиндеги билим берүүгө келгенде, мугалим билим берүүчү катары каралат. Педагогдор ойлорун айтышып, “билим берүүбү же билим алуубу, эмнеге биздин министрлик билим берүү деп аталып калган, мурдагыдай агартуу болсо болбойбу, бул сөздүн философиялык мааниси терең” дегендей суроолор жаралды. Азыр эми Агартуу министрлиги түзүлгөнүн биз уңгубузга кайтып баратабыз деп кабыл алдым.
– Бул чечим билим берүү системасын канчалык өзгөртөт?
– Азыр трансформациялоо маселесин көп айтып жатпайбызбы. Кыргызстан билим берүү системасын толугу менен өзгөртүүнү карап, алдына амбициялуу максаттарды коюуда. Аны ишке ашырууда жеке инсан, кесипкөй адис катары биз да жардам беришибиз керек. Кантип? Мектепке чейинки билим берүүнүн, башталгыч класстын мугалимин жогорку сапатта даярдоо аркылуу. Система өзгөрдү, багыттар компетенттүүлү багыттары өзгөрүп жатат. Эгерде биз мурун билим жөнүндө сөз кылсак, азыр компетенттүүлүк прагматикасы жөнүндө сөз кылып жатабыз. Окуучулардын турмушта өз ордун табуу, алган билимин турмушта колдонуу маселеси курч турат.
Жогорку окуу жайларына токтолсок, стандарттарды өзгөртүү маселеси каралып жатат. Жалпы орто мектептик стандарт 12 жылдык билим берүүнүн алкагында бекитилди. Биздин университетте жумушчу топ түзүлүп, стандартты алып жүрүүчү окуу жай катары мамлекеттик билим берүү стандартын өзгөртүү үстүндөбүз. Анын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, мектепте мугалимдердин компетенттүүлүгү да өзгөрүлөт деген ишенимдебиз.
Билим берүүнүн сапатын да көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, мазмундук-ресурстук жактан да өзгөрүү күтүлүүдө. Азыр биз өзгөрүүлөрдүн заманында жашап жатабыз.
– Акыркы жылдары биздин билим берүү системабызда кандай өзгөрүүлөр орун алды жана алардын жыйынтыгы кандай болууда?
– Дүйнөлүк системадагы билим берүү тармактарына көңүл буруп, ошол жактан бизге, заман талабына ылайыктуу идеяларды алдык. Ошондо, жогорку окуу жайларында ар бир баланын өзүнүн билим берүү траекториясын түзүү деген бар. Экинчи принцип – ар бир инсанга багытталган окууну сунуштоо. Бул эмне деген сөз? Бул баланын өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана компетенттүүлүгүнүн калыптануусуна жараша өзүнүн билим алуу траекториясын түзөт, кайсы учурда кайсы предметти алуу, кайсы учурда кайсы предметти тапшырууну тандайт. ЖОЖдордо мына, ушундай академиялык эркиндик бар.
Биз буга эми-эми көнүп, билим берүү траекториясынан кабардар болуп, ишке ашырып жатабыз. Балким, бул калайык калкка – жогорку окуу жайынын өкүлү эместерге түшүнүксүз болушу мүмкүн, ошондон улам үстүртөн баа бергендер чыгат. Белгилей кетейин, инсанга багытталган окутуу абдан гумандуу педагогикага кирет. Студенттерге канчалык гумандуу мамиле кылсак, алардын жетишкендиги ошончолук көп болот. Ушундай талаптар илимге кызыккан, илимде суурулуп чыккан жаштардын катарын көбөйтөт.
Мисалы, биздин педагогика кафедрасы боюнча айтсам, PhD докторантура багытына былтыр 38 абитуриент келсе, быйыл 84 адам тапшырды. Негизи бул багытка жылына жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн бир же экөөсү гана келчү.
