Кадыр Маликов: Афганистан  жана Борбор Азия: прагматизм менен идеологиянын ортосунда
4 июнь

Кадыр Маликов: Афганистан  жана Борбор Азия: прагматизм менен идеологиянын ортосунда

Афганистан темасы – бул баштагыдай эле Борбор Азиянын, АКШнын жана Батыштын баш оорусу болуудан кала элек. Бул өлкөдө 2021-жылдын 15-августунда алдын ала болжоого мүмкүн болбогон өзгөрүүлөр орун алып, талибдер бийликке келди. Бул ага чейин Талибанды террордук уюм катары өз аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салган бир катар өлкөлөрдүн да өз чечимин кайрадан карап чыгууга мажбур кылды. Бир  мамлекеттин бийлиги катары аны менен эсептешүүгө аргасыз кылган абал жаралды. Эксперт Кадыр Маликов бүгүнкү Афганистан жана анын эртеңки мүмкүн болуучу аракеттери тууралуу көз карашын Караван-Инфо менен бөлүштү.

– Талибан Россия тарабынан террордук уюм катары таанылуудан калды. Мындай кадам эмнеге негизделип жасалды жана келечекке кандай таасирин берет?

– 2021-жылы Талибан бийликке келгенден тартып чөлкөмдүн саясий картасы өзгөрүлдү. Империялардын, салттардын жана чакырыктардын кесилишинде жайгашкан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Афганистан бир гана коркунучтун булагы болуудан калды. Эми ал чөлкөмдүк реалдуулуктун татаал, бир кырдуу эмес, ошол эле убакта ажырагыс бөлүгүнө айланды.

Россиянын Талибанды террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими биринчи расмий сигнал катары каралышы мүмкүн: де-факто режим, жок дегенде, мамиле курууга мүмкүн жана зарыл болгон субъект катары таанылды. Москвадагы ички пикир каршылыктарсыз кабыл алынган бул чечим чөлкөмдөгү башка мамлекеттерге Афганистандын өтмүшү жараткан коркунуч кайсы жерден бүтүп, келечектин прагматикалык эсеби кайсы жерден башталарын баалоого мүмкүндүк берет.

– Афганистан айланасындагыларга коркунуч жаратпаган тынч өлкөгө айланды деп кабыл алууга болобу?

– Эмират сунуштаган жаңы реалдуулук канчалык деңгээлде ишенимдүү? Афганистандагы туруктуулук – бул ички башкаруунун гана маселеси эмес, чөлкөмдүк, ал тургай глобалдык масштабдагы чакырык. Сырттан караганда өлкө жай турмушун өткөрүп жаткандай көрүнөт: шаарлардагы атышуулар токтоп, жолдор коопсуз болуп калды. Бирок бийлик ичинде Кандагардагы консервативдүү диний өзөк жана Хаккани тармагы менен байланышкан Кабулдагы прагматикалык фигуралардын ортосунда чыңалуу сакталууда. Бул карама-каршылыктар азырынча токтоп турат, бирок каалаган убакта, кризистин же тышкы оюндун таасири астында кайрадан жанданышы мүмкүн.

– Эмне себептен?

– Экономика алсыз бойдон калууда. Эл аралык резервдер тоңдурулган, калктын көпчүлүгү гуманитардык жардамга көз каранды, ал эми Кытай, Пакистан жана Иран менен сооданы өнүктүрүү аракеттерине институционалдык инфраструктуранын жана ишенимдин жоктугу тоскоолдук жаратат. Башка мамлекеттердин таануусуна ээ болбогон, инвестиция келбеген, системалуу мамилесиз Афганистан эптеп жашоо режиминде калуу коркунучунда. Демек, Талибандын өзү да идеологияны бийликти сактап калуунун каражаты катары колдонот.

Бүгүнкү күндө Борбор Азия Афганистанды көз жаздымда калтырууга жол бере албайт. Ал жөн гана кошуна эмес, түштүккө, Индияга, Пакистанга, портторго жана океанга карай стратегиялык артерия. Өзбекстан жана Казакстан Кабул менен байланыш түзүштү: логистикалык маршруттар курулуп, электр энергиясы жеткирилип, айыл чарба долбоорлору талкууланууда. Кыргызстан дагы гуманитардык демилгелерге катышууда. Бирок бул диалог сактык менен реализмдин ортосундагы тең салмактуулуктун чегинде түзүлүп жатат. Мисалы, Тажикстан катуу позицияны карманууда: Дүйшөмбү дагы деле Талибанды, айрыкча радикалдуу тажик топторунун мүмкүн болгон активдүүлүгүнүн фонунда, потенциалдуу коркунуч катары карайт.

– Аймак стратегиялык эки анжылыкты көтөрө алабы?

– Борбор Азия коому негизинен ислам динин тутунат, тилектештиктин күчтүү сезими бар, айрыкча Палестинага карата. Биз колдоо акцияларына күбө болуп, ар кандай үндөрдү угуп жатабыз. Бирок расмий дипломатия Батыш жана Израил менен мамилени курчутпоону туура көрөт. Бул эки тараптуу мамиле – элди колдоо, бирок глобалдык оюнчулар менен тирешпөө – Талибанга болгон мамиледе да байкалат. Моралдык позиция менен мамлекеттик кызыкчылыктын ортосунда чек кайда?

Өлкөнүн ичиндеги экстремизм катары саясий исламга каршы күрөшүп, Кабул менен прагматикалык кызматташтыкты куруп, ошол эле учурда Газадагы трагедияга бейтарап байкоочу болуп калууга болобу? Азырынча бул ишке ашып жатат. Бирок барган сайын бул конструкция туруксуздашууда. Дүйнө жаңы «иденттүүлүк огуна» карай тездик менен жылып жатат: ислам тилектештиги, антиимпериализм, адилеттүүлүктү талап кылуу - бул үч тирек жаңы саясий мобилизациянын негизи болуп калды. Айрыкча, Украина кризиси, Палестина маселеси жана күч борборлорунун алмашуусу мурунку бир уюлдуу системанын эки жүздүүлүгүн ашкерелеп жаткан доордо.

АКШ жана Батыш моралдык лидерлик кризисине кабылгандыктан, аймакка туруктуулуктун үлгүсүн да, укуктардын эталонун да сунуш кыла албайт. Ушул фондо Афганистан ар кырлуу болгонуна карабай «каршылыкка моюн бербеген туруктуулуктун» моделине айланууда. Бул кооптуу сигнал: эгерде идеологиялык режим аялдардын укуктары, плюрализм же инклюзивдүүлүк маселелеринде ийкемдүүлүккө барбай туруп жашап кете алса, анда эмне үчүн бул сценарийди башкалар колдонуп көрбөсүн? Айрыкча, светтик мамлекетке болгон ишенимдин деңгээли төмөндөп жаткан жерлерде.

– Ошол эле маалда бүткүл Борбор Азиянын маргиналдуу жана идеологиялык боёлгон чөйрөлөрүндө "афган жолуна" болгон кызыгуунун өсүшү байкалууда. Бул эмнени билдирет?

– Бул массалык көрүнүш эмес, бирок ага көңүл бурбай коюуга болбойт: TikTok, Telegram жана YouTube каршылык көрсөтүүнү романтикалаштыруу, "таза исламды" баатырлаштыруу мейкиндигине айланды, айрыкча ички боштукту, адилетсиздикти, перспективанын жоктугун сезген жаштар арасында колдонулууда.

Мында ички чакырыктар тышкы чакырыктарга тең. Бир жагынан – глобалдык рыноктун кысымы, санкциялар, энергетикалык туруксуздук, чөлкөмдөгү Иран саясатынын таасири, Пакистандын афган маселесинде өзүн таасирин күчөтүүгө умтулуусу. Экинчи жагынан – адилеттүүлүккө, теңсиздикке, исламдык индеттүүлүккө сезимтал жаштарыбыз.

– Кайсы жолду тандоо керек?

– Изоляционизмге кетүү – демек, радикалдарга жол ачуу. Талибанды каршылыксыз таануу – демек, адам укуктары экинчи планда деген сигнал берүү. Бирок ошол эле учурда афган факторун этибарга албоо – бул чөлкөм мындан ары көтөрө албай турган «роскошь».

Чыгуу жолу – көп деңгээлдүү дипломатияда. Чөлкөмдүк өз ара аракеттенүү платформаларын түзүү, БУУнун жана ЕККУнун катышуусу, Талибанды гуманитардык, экономикалык жана транспорттук долбоорлорго так тартуу, ошол эле учурда инклюзивдүүлүккө жана идеологияны экспорттоого жол бербөө талаптарын сактоо. Ага катар – чөлкөдөгү өлкөлөрдүн ичиндеги исламдык агартууну чыңдоо: тыюу салуулар аркылуу эмес, билим, контекст, аргумент менен.

Афганистан – бул жөн гана түштүк чек арасы эмес. Бул күзгү, андан Борбор Азия өзүнүн ички коркунучун, үмүтүн жана потенциалын көрүп турат.

– Аймак өзүнүн тарыхынын субъекти боло алабы же кайрадан башкалардын оюнунун аренасына айланабы?

– Батыштын бир уюлдуулугунан башаламан көп уюлдуулукка тездик менен өтүп жаткан дүйнөдө Борбор Азиянын сүйлөшүүчү, көпүрөлүк, турукташтыруучу ролду алууга уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул үчүн идеологиялык инстинкттерден арылып, стратегиялык ой жүгүртүүнү үйрөнүү керек: үстүртөн эмес, жыйынтыкка негизделип.

Афганистар чакырык бойдон калууда. Азырынча саясий жактан. Бирок эгер чөлкөм чакырыкка өзүнүн ички жообун таба албаса, анда ал цивилизациялык чакырыкка айланат.