Меңди Мамазаирова, акын, жазуучу, драматург: “Чыныгы чыгармачылыктын көрөңгөсү кандан, тукумдан агып келип, чөйрөгө жараша өсөт”
Белгилүү акын, жазуучу, драматург нечендеген повесть, аңгемелердин, төрт романдын жана ондогон драмалардын автору Меңди Мамазаировага жөн гана пенделик суроолорду узатып, балалыктын жыты сиңген күндөр, жүрөктө жашап калган сүйүү жана өмүрлүк жары Жолон Мамытов тууралуу сүйлөштүк.
– Меңди эже, Жолон Мамытов менен жашаган жылдар сиздин ички дүйнөңүздү өзгөрттүбү?
– Мен эки агам, эки инимдин ортосундагы жалгыз кыз элем. Эжем менден он эки жаштай улуу болгондуктан, эрте турмушка чыгып кеткен.
Өз каалаганымды жасаган, көк, шок, тажаал, калп айтканга чыдабаган кыз элем. Бирок ургаачылардан апам экөөбүз эле болгондуктан, кыздарга тиешелүү бардык жумушту жасап, билип чоңойдум. Жети жылдык мектепте мен окубаган китеп калган эмес. Ош шаарындагы кыргыз кыздар интернатында да жакшы окудум. Ал жакта деле мүнөзүм ошол бойдон калды. Кийин университеттин филология факультетине тапшырдым. Жакшы окудум. Эч нерседен тартынчу эмесмин.
Жолонду чындап сүйдүм. Экөөбүз: “Мен сени көбүрөөк сүйөм”, – деп талаша да кетчүбүз. Ал аябай чынчыл адам экен. Бул жагынан төп келдик окшойт. Жолон менен жашап жүргөндө эркелигим деле көпкө калган жок. Бирок кыйла токтолдум. Анын адамгерчилигине мени билдирбей тарбиялап алганына азыр да таңкалам... Ал өзүнчө чоң сөз...
Аны менен өмүрлөш болгондо китепти ылгап окуганга үйрөндүм. Ал көптү билет экен. Көбүнчө дүйнөлүк жана орус адабиятын иргеп окууга багыт берди. Университеттен алган билимим да кеңейди. Мен да билдирбей Жолонго теңелгенге аракет кылчумун. Төрт баланын түйшүгү, гезиттин иши болсо да, китеп окууга убакыт табат элем. Менин көптү билүүгө болгон аракетимди байкап калса, кубанганын мен да сезчүмүн.
Мен ага кыргыз тилинин кенчин үйрөттүм. Сабатсыз атам мени кыргыздын тил казынасына кенедейимден сугарыптыр.
– Сиздин оюңузча, чыныгы чыгармачылык таланттан жаралабы же жүрөктөгү ооруданбы?
– Сурооң кызык экен. Жүрөктөгү оорудан да чыгармачылык жаралмак беле? Оору жакшылыкка алып барбайт да, физиологиялык жактан алып караганда. Чыныгы чыгармачылыктын көрөңгөсү кандан, тукумдан агып келип, чөйрөгө жараша өсөт. Көрөңгө талантты Кудай берет. Аны бапестеп, улам ар тараптан өстүрүп, акылыңа, ой жүгүртүүңө, дүйнө таанымыңа жараша жакшы, ортозаар же начар чыгармалар жаралат.
– Эл сизди күчтүү айым катары көрөт. А бирок сизди эң көп ыйлаткан, жүрөгүңүздө өчпөй калган учурлар болдубу?
– Мен өзүмдү күчтүү аял катары эсептебейм. Күчтүү болсом, ойду омкоруп, тоону томкоруп салбайт белем!
Мен көп ыйлабайм. Адам башына салбас окуяларды көтөрдүм. Айла жок. Жакын адамыңды жоготкондо ыйлап, ошол менен кошо өлүп калсаң сонун болмок. Бирок өлбөйсүң да. Болгону майып болуп каласың.
Ошол учурларда өз Кудайыма кайрылдым. Ал мени колдон алып, тик тургузду. Бул адам баласынын колунан келбейт. Адам табалайт. Ал мени өлүп калсын дебейт, сынышымды көргүсү келет. Мен болсо сынганымды, шорумду көрсөткүм келбейт. Ошол адамга Кудайдан өмүр тилейм, жакшылык тилейм, анын пастыгын кечирүүгө аракет кылам. Мен ыйласам, адамдын бечаралыгы, түбөлүк эместиги, гүлдөрдүн өмүрүнүн аздыгы, Күндүн да өмүрү чектелүү экенине ыйлагым келет. Бул деле бийик философия эмес...
– Өмүрүңүздүн кайсы мезгилин азыр сагынып эстейсиз жаштыктыбы, сүйүүнүбү же чыгармачылыкка толгон күндөрдүбү?
– Мен балалыгымды сагынам. Кээде атайылап бала чакты көз алдыма келтирип, маашырланам. Көзүмдү ачсам, чыгыш жактан күн билинер-билинбес чыгып келатат. Аалам жапжарык. Биздин бир гектардай болгон өрүкзарда уяларында чырылдаган балапандар, эне чымчыктар... Парандалардын ар түрдүү үндөрү. Үйдө чабалекей эртелеп безилдеп сайрайт. Балдарына кезек менен жем берет. Короодо толгон гүлдөр: булбул гүл, чыныгүл, намашам гүл, назик гүл... Жыттары укмуш. Арыктагы шаркыратма болсо шаркырап агат. Бир аз нарыраакта жаныңда сойлоп бараткан жылан, анын ийрелендеген кичинекей балдары. Арыктан “сорок” деп көк кашка бака секирет. Андан ары ташбака кыбырайт. Үйдүн түштүк тарабында алмалар, шабдаалылар бышып турат. Сырттагы чарпаянын үстүнөн карасаң, оозуңа өзү түшчүдөй мөлтүрөгөн ак, кызыл жүзүмдөр... Күн ушунчалык узун эле. Ал мезгилдин ысыгы да жагымдуу эле. Жайы да баарынан сонун эле. Ак-Буурадан бөлүнүп Кожо-Арык өтчү. Ага кыздар чогулуп алып, көк муштум болгуча чабак атмай ойночубуз. Курсак ачып үйгө келсең, сууга байланган мупмуздак дарбыз же таттуу коон турчу. Нан менен жеп жыргап калчумун. Эч нерсени ойлобогон керемет мезгил болгон экен... Мындай балалык азыр эч кимде жоктой сезилет. Эстесең, көзүңө жаш тегеренет.
Экинчиден, сүйүү доору айдай жаркып, жүрөгүңдүн бир жеринде жашап калат. Аны эч кимге көрсөтпөйсүң. Эч ким сенсиз аны көрө да албайт. Сүйүүсүз дүйнө караңгы. Чыныгы сүйүү башың менен кетет. Ал купуя бакыт. Ал баарына эле буйруй бербейт.
– Сиздин жан дүйнөңүздү бүгүнкү күнгө чейин тирүү кармап турган нерсе эмне?
– Мени алиге чейин баарына чыдатып, тирүү кармап жүргөн башкалар сыяктуу эле жарыкчылыктын шириндиги. Бул ыймандай сырым.
Элден көп жашайын деп деле тилебейм. Баары бир пешенеге жазылган жашты жашайбыз. Эгер Кудай узун өмүр берсе жалгыз койбосун. Мен узак жашагандарды көрдүм. Балдарынан, теңтуштарынан, өз муунунан калып калгандарды... Мындай узун өмүр – трагедия. Ар бир муун өз муунунун ичинде барктуу. Өз муунунун кызыкчылыгы баарынан артыктыр. Ал эми келечекке кам көрүү башка маселе...
