Улан Ниязбеков окуучулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды
26 август

Улан Ниязбеков окуучулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Андан сырткары, ИИМ башчысы жалпы билим берүү мекемелеринде милиция кызматкерлери тынымсыз жолугушууларды уюштуруп, кылмыштуулукка жана укук бузууларга жол бербөө, жол кыймылынын эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Жогорудагылардын негизинде Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына төмөнкүдөй тапшырмаларды койду. Алар:

-Жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу иштери күчөтүлгөн тартипте алып барылсын;

-Жаш өспүрүмдөргө байланыштуу же өспүрүмдөрдүн катышуусунда резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин;

-Мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөр, жаштар уюмдары менен чогуу “Биргелешкен иш-мерчем” түзүп, ким кайсы багыт боюнча иш алып барат деген милдеттерди так белгилеп, натыйжалуу жумуштар жүргүзүлсүн;

-Жалпы билим берүү мекемелеринде болуп өтө турган иш-чараларга, ошол жердин жетекчилиги жооптуу болуп эсептелсе, мектептен тышкары ата-энелер жооптуу экендигин коомчулукка туура жеткирип коюңуздар.