
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Мамлекет эч кимди жардамсыз калтырбайт
Акылбек Жапаров келтирилген зыянды комплекстүү баалоо жана келечекте ушундай жагдайларды болтурбоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, анын ичинде канал жээктерин бекемдөө, ошондой эле жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн болгон аймактарда алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Ал ошондой эле селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилээрин билдирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу белгиленген тартипте жүргүзүлөрүн, ал эми компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусу менен түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болорун белгиледи.
Мындан тышкары, ал зарыл болгон учурда бул айылдын балдары үчүн онлайн форматында билим берүү уюштурулуп, жергиликтүү тургундар үчүн жер салыгын жылдыруу каралганын кошумчалады.