27 октябрь

Борбор Азия коопсуздукту өз алдынча камсыздоону үйрөнүшү керек

Бүгүнкү күндө улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги коопсуздук принциптүү жаңы мүнөзгө ээ болууда.

Коркунучтардын өзү гана эмес, алардын пайда болуу механизмдери да өзгөрүүдө.

Бул Борбор Азия үчүн геосаясий атаандаштык, аймактан тышкаркы куралдуу кагылышуулардын кесепеттери, эл аралык соода жана экономикалык байланыштардын трансформациясы, климаттык тобокелдиктер жана санариптештирүү менен байланыштуу.

Мындай шартта Кыргызстандын жана жалпы эле Борбор Азиянын алдында бир нече принциптүү милдеттер турат.

Биринчиси – биз кантип коопсуздукту өз алдынча камсыздай алабыз деген суроону түшүнүү.

Коопсуздукту өндүрүү деп мен мамлекеттердин кызыкчылыктарын макулдашууну, жаңжалдардын алдын алууну жана чөлкөмдүн алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон өнүгүүсүнө шарт түзүүнү түшүнөм.

Экинчи милдет – күчтүү институттарга ээ мамлекет деле улуттук деңгээлде гана жеңүүгө мүмкүн болбогон коркунучтардан жабыркап калышы мүмкүн экендигин түшүнүү.

Эч бир мамлекет заманбап тобокелчиликтердин баарына жалгыз өзү туруштук бере албайт.

Ошондой эле, биз мейкиндик үчүн жасалган геосаясий атаандаштыктан эрежелер, ресурстар жана инфраструктура үчүн жасалган геоэкономикалык атаандаштыкка өтүү процессине күбө болуудабыз.

Бул процесстин өзгөчөлүктөрүнүн бири – конфликттик потенциалдын аймактык талаш-тартыш чөйрөсүнөн ресурстарды бөлүштүрүү чөйрөсүнө жылышы.

Экинчи маанилүү өзгөчөлүк – суу-энергетикалык ич ара көз карандуулук.

Мамлекеттин суу ресурстары көп болушу мүмкүн, бирок анын чечимдери сөзсүз түрдө коңшуларга таасир этет. Ар кандай жагдайлардын таасири астында өлкөлөр өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарына жана коопсуздук системаларына таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга аргасыз болушу мүмкүн.

Бул жагынан алганда, Кыргызстанды Борбор Азиянын суу мунарасы катары карасак болот. Ошондуктан, сууну пайдалануу маселелери экономикалык гана эмес, регионалдык коопсуздук жагынан да каралышы керек.

Дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – топтолгон алсыздык.

Мунун айынан бир нече терс факторлордун биргелешкен таасиринин натыйжасында, мамлекеттин кризистерге туруштук берүү жөндөмүнүн акырындык менен төмөндөй турганын түшүнөм.

Байланыш коопсуздугу да кем эмес маанилүү. 

Эгерде мамлекет тышкы рынокторго, ресурстарга жана транспорттук байланыштарга туруктуу жеткиликтүүлүктү сактап кала албаса, бул олуттуу тобокелдик фактору болуп калат.

Бул көйгөй канчалык мааниге ээ экенин Кытай, Россия жана башка ири мамлекеттердин мисалында көрүп турабыз.

Бүгүнкү күндө байланыш коопсуздугу улуттук, чөлкөмдүк жана глобалдык деңгээлде маанилүү болуп баратат.

Бул процесстердин баары Кыргызстандын улуттук коопсуздугу менен тыгыз байланыштуу. Бирок анын баарын кошуналар, достор, өнөктөштөр жана союздаштар менен өз ара аракеттенүү аркылуу чечишибиз керек.

Эгерде Борбор Азия чындап эле эл аралык мамилелердин толук кандуу субъектиси болууну кааласа, анда биз биринчи кезекте өзүбүздүн коопсуздук системабызды түзүү маселесин чечип, тышкы саясатта биргелешкен мамилелерди иштеп чыгышыбыз керек.

Мында ар бир мамлекеттин тышкы саясаты улуттук кызыкчылыктарды гана эмес, бүтүндөй чөлкөмдүн кызыкчылыктарын да эске алууга тийиш.

Бул тууралуу саясий илимдеринин доктору, коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору тарабынан уюштурулган «2026-жылдагы аймактык коопсуздуктун тенденциялары: эгемендүүлүктүн 35 жылында Борбор Азиядагы кырдаал кандай өзгөрдү» аталыштагы тегерек столдо билдирди.

Токон Мамытов
Токон Мамытов ммамлекеттик жана саясий ишмер