Мамлекеттик тил: көзөмөлбү же өнүктүрүүбү?
21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоору каралды.
Кызуу талкуу орун алды. Депутаттар ар кандай пикирлерин айтышты.
Коомчулукта тил боюнча катуу талаш-тартыш күчөдү. Соцтармактардын колдонуучулары эки лагерге бөлүнүштү. Бири катаал тил саясатын колдосо, экинчиси аны кескин сынга алды.
Бир нерсе белгилүү болду. Тил маселеси кайрадан диалог талаасына эмес, конфликт аренасына айланды.
Мыйзам долбоордун демилгечилеринин сунуштары колдоого караганда жазалоого көбүрөөк окшошот. Кеп айыппулдар, тыюу салуулар, милдеттүү түрдө талап кылуулар тууралуу болууда. А мотивация кайда? Кызыктыруу, пайда, маңызы кайда?
Кыргыз тилине болгон “кишендерди” алып салуунун жана ал үчүн комфорт чөйрөсүн түзүүнүн ордуна катаал көзөмөл режимин киргизүү сунушталууда. Тилди күч менен өнүктүрүү мүмкүнбү?
Айрыкча, мыйзам долбоорунда кыргыз тил позициясын чындап эле бекемдей турган темалар козголгон эмес.
Эмнеге, мисалы, латын тамгасына өтүү тууралуу эч ким ооз ачпайт? Бул түрк дүйнөсү менен интеграцияны жөнөкөйлөтүп, тилди санарип чөйрөсүнө бир топ ыңгайлуу кылмак. Эмнеге кыргыз тилдүү бала бакчаларды жана мектептерди курууга басым жасалбайт? Эмнеге анын ордуна соода борборлорун жана көңүл ачуучу жайларды масштабдуу түрдө куруу уланууда?
Эгер мамлекет эл кыргыз тилинде сүйлөшүүсүн кааласа, ал үчүн ошондой, ыңгайлуу, пайдалуу жана келечектүү шатты түзүп бериши керек.
Тил тагдыры эл тагдыры менен түз байланышта. Эгер эл жакыр, алсыз, көз каранды болсо, эгерде анда күчтүү маданияты жана экономикасы болбосо, анын тили башкалардын кызыгуусун ойготпойт. Тилекке каршы, бул катаал чындык.
Дүйнөнү караңыздарчы. Адамдар англис, корей, кытай тилдерин берилип үйрөнүшүүдө. Кимдир бирөө мажбурлаганы үчүн эмес, бул тилдер аларга мүмкүнчүлүктөрдү ачып берээри үчүн. Ошол сыяктуу кыргыз тили айыппулдардын эмес, мүмкүнчүлүктөрдүн тилине айланышы зарыл.
Тарых так көрсөтүп турат. Бир дагы тил мажбурлоо менен өнүкпөйт. Ал кызыгуу, маңызы жана кабыл алуу менен өнүгөт. Кезектеги реформа эмес, тил саясатына болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүүгө тийишпиз.
Кыргыз тили күнүмдүк тиричиликте пайдалуу болуусу керек. Ал билим алуунун, IT, бизнестин тилине айланышы кажет. Бул тилде окуу, угуу жана көрүү кызыктуу болууга тийиш. Өлкө ичинде да, сыртында да сыйга татыктуу болсун.
Буга жетишүү үчүн “дубинка” эмес, өнүгүү стратегиясы зарыл. Ансыз эң бир куюлуштуруп жазылган мыйзам дагы өлүк символго айланат.
