Борбор Азиядагы радикалдашуу: коркунучтар жана ага каршы туруу
80,8 миллиондон ашык калкы бар Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыган Борбор Азия Европа менен Азияны бириктирген стратегиялык маанилүү аймакта жайгашкан. Анын геосаясий абалы, бай жаратылыш ресурстары жана ыңгайлуу транзиттик жайгашуусу тышкы оюнчулардын кызыгуусун жаратат. Аймактын ИДПсы болжол менен 500 миллиард долларды түзгөндүктөн инвестиция тартуу келечектүү сезилет.
Көйгөйдүн тарыхый тамыры
Тарыхта Борбор Азия Улуу Жибек Жолу аркылуу Европаны, Жакынкы Чыгышты, Түштүк жана Чыгыш Азияны бириктирген аймак катары белгилүү. Бул материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарды, анын ичинде аймактын калкынын тажрыйбасын, жетишкендиктерин жана идеяларын алмашууга өбөлгө түздү.
Борбор Азиянын геосаясаты жана геостратегиясы, өзгөчө мунайдын жана газдын олуттуу запастарынын болушу, транзиттик жана коммуникация жолдорунун жайгашуусу, ресурстарды казып алуу процесстерин жана энергетикалык жолдорду көзөмөлдөө, ошондой эле кошуна мамлекеттер менен жалпы маданий, тарыхый жана экономикалык кызыкчылыктардын болушу СССР кулагандан кийин аймактагы таасир үчүн аймактык жана аймактар аралык күчтөрдүн атаандашуусунун күчөшүнө алып келди.
Борбор Азиядагы ислам
Борбор Азиянын басымдуу калкы тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон ислам динин карманат. VIII кылымда аймакка ислам тынчтык, боорукердик жана адилеттүүлүк баалуулуктарын алып келген. Ал аймакта ханафий мазхаба салттарын негиздеп, суфийлик агымдын өнүгүшүнө салым кошкон.
Маалым болгондой, совет мезгилинде диний жашоо катуу чектелген. Ханафийлер расмий түрдө сакталганы менен катуу чектөөгө алынан, а суфизм репрессияланган. СССР кулагандан кийин Түркиядан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн диний окуулардын агымы аймакка агып кирди. Мечиттер, диний окуу жайлар курулуп, он миңдеген адамдар окууга жөнөштү. Бирок жаш республикалар динамикалуу түрдө өзгөрүп жаткан диний көрүнүшкө ыңгайлашууга үлгүрбөй, салттуу эмес, анын ичинде радикалдык агымдардын кирип кетүүсүнө жол берип коюшту.
Заманбап коркунучтар: Жаңы чакырыктар
Борбор Азиядагы азыркы кырдаал жаңы коркунучтар менен аныкталат. Экстремисттик кылмыштардын саны азайганына карабастан, Жакынкы Чыгыш жаңжал аймактарынан согушчандардын Борбор Азияга жана Афганистанга кайтып келиши стабилдүүлүккө реалдуу коркунуч жаратууда. Афганистан менен чектеш Түштүк Борбор Азия, Фергана өрөөнү жана Батыш Казакстан жогорку кооптуу аймактар бойдон калууда.
Афганистандын таасири
Борбор Азиядан чыккан, аскерлештирилген, Сирия жана Ирактагы согушта тажрыйба топтогон төрт топтун: “Ислам жихадынын биримдиги”, “Катибат аль-Имам Бухаринин” афган канаты, “Жамаат Ансарулла”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, ошондой эле ИГИЛ, “Аль-Каиданын” коңшу Афганистанда болушу аймактагы коркунучтун деңгээлин жогорулатат.
Алардын эң чоңу, ИГИЛдин бир бутагы болгон “Вилаят Хорасан” 2015-жылы Афганистанда түзүлгөн жана анын курамында 6000дей согушкер бар. Анын аты Ирандын, Түркмөнстандын жана Афганистан аймактарын камтыган тарыхый Хорасан аймагына тиешелүү, бирок ишмердүүлүгү алда канча кеңири жайылган.
“Вилаят Хорасан” тобуна “Имам аль-Бухари”, “Жабхат ан-Нусра” жана “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” сыяктуу топтор да кирет. Андан тышкары, Сириянын Идлиб шаарында 2014-жылы пайда болгон “Таухид ва Жихад” тобунун курамында 3 миңден ашуун согушкер бар, алардын лидерлери Борбор Азиядан чыккандар.
Ошол эле учурда 2021-жылдын августунда талибдер бийликке келгенден бери Афганистанда коопсуздуктун деңгээли бир топ жогорулады. Бирок окуялардын андан ары өнүгүшүндөгү белгисиздик, анын ичинде Афганистандын аймагында эл аралык террористтик топтордун болушу дагы эле коркунучтарды жана тобокелдиктерди пайда кылуучу фактор болуп калууда.
Муну “Аль-Азаим” жана “Хуросон овози” медиа фонддору аркылуу “Вилаят Хорасан” террористтик тобунун өзбек жана тажик тилдеринде үгүттөө иштеринин күчөшү тастыктап турат.