Партия лидердин көлөкөсүндө калганда
2026-жылдын 3-ноябрында АКШ Конгрессине өткөн мезгил аралык шайлоолор жана губернаторлорду шайлоо Кыргызстандагы партиялык турмуштун көйгөйлөрүнүн бирине кайрадан көңүл бурууга негиз берди. Эгер партиянын саясий келечеги бир гана адамга көз каранды болсо, анда ал канчалык өз алдынча боло алат?
Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнө атайылап жеке мүнөз берди. Ал өз тарапташтарын шайлоо бюллетенинде анын аты-жөнү да бар деп элестетүүгө чакырды. Муну менен президент республикачыл талапкерлерди колдоону өзүнүн саясий багытын колдоо катары кабыл алууну сунуштады. Бул жагынан алып караганда, Трамп шайлоону өзүнө карата референдум сыяктуу кабыл алууга чакыргандай кырдаал жаралды.
Бирок, шайлоонун жыйынтыгында демократтар Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүккө ээ болушту. Техас штатында Трамп колдогон Сенаттын талапкери Кен Пэкстон шайлоодо жеңилип калды. Ошол эле учурда президенттин бардык тарапташтары жеңилүүгө учураган жок. Анын колдоосуна ээ болгон Байрон Дональдс Флорида штатынын губернаторун шайлоодо жеңишке жетти. Демек, Трамптын колдоосу жеңишке кепилдик берген да, жеңилүүнү алдын ала аныктаган да жок.
Шайлоонун жыйынтыктарын президенттин жеке жеңилүүсү катары кабылдоо туура эмес болмок. Шайлоочулардын маанайына жашоонун кымбатташы, тарифтик саясат жана Иран менен болгон жаңжал да таасир этти. Бирок Трамп өзүн шайлоо өнөктүгүнүн борборуна коюу менен партиялаш талапкерлердин келечегин өзүнүн ишмердүүлүгүнө берилген баа менен тыгыз байланыштырды. Мындай стратегия өзүн актаган жок. Себеби, президенттин жеке саясий багытына карата нааразычылыктар республикачыл талапкерлердин шайлоодогу жыйынтыгына терс таасирин тийгизгендигин божомолдоого болот.
Лидердин шайлоо өнөктүгүнө түздөн-түз катышуусу партия ичинде “жеке адамдын үстөмдүгү” күч экендигин билдирбейт. Маселе - талапкерлерди көрсөтүүдө жеке берилгендик башкы шартка айланганда, жетекчини сынга алууга жол берилбей калганда жана партия анын каталарын оңдоо мүмкүнчүлүгүн жоготкондо жаралат.
Кыргызстандын тажрыйбасы мындай көз карандылыктын башка өңүтүн көрсөтөт. Парламент толугу менен же жарым-жартылай партиялык тизме менен шайланып келген жылдары “бул кимдин партиясы?”- деген суроо башкы планга чыгып калган. Партиянын программасы же багыты анча мааниге ээ эмес болчу. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) байкоочулары да Кыргызстандагы партиялык чөйрөнүн жеке адамдарга багытталган мүнөзүн белгилешкен. Шайлоочулар партиянын аталышынын артында көп учурда биринчи кезекте анын конкреттүү жетекчисин жана ага байланышкан таасирдүү адамдарды көрүшкөн.
Мындай көз карандылык талапкерлердин тизмесине жана шайлоодон кийин мандаттарды бөлүштүрүүгө байланышкан чыр-чатактарда өзгөчө ачык байкалган. Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизмеден чыгаруу тууралуу алдын-ала жазылган арыздарды пайдаланууга байланыштуу талаштарды документтештирген. Кийинчерээк айрым чечимдер соттор тарабынан жокко чыгарылган. Бул окуялар партиялык жетекчилик талапкерлердин саясий тагдырын көзөмөлдөөдө таасири күчтүү болоорун көрсөттү. Бирок лидерде шайланган депутатты мандатынан өз алдынча ажыратууга мыйзамдуу укугу болгон эмес.
Мындай шартта шайлоочулардын алдындагы жоопкерчилик менен партия жетекчилигине көз карандылыктын ортосунда карама-каршылык пайда болгон. Талапкер коомчулуктун колдоосуна ээ болууга аракет кылган, бирок мандат алуу мүмкүнчүлүгү партия ичиндеги басымдын предметине айланып калышы мүмкүн эле. Мындай жагдайда партиянын программасын жана аткарган иштерин талкуулоо лидердин колдоосуна ээ болуу үчүн күрөшкө орун бошотуп берүү коркунучуна кабылган.
Ошол эле учурда Кыргызстандагы партиялардын алсыздыгын жана парламенттик таасирдин чектелүү болушун бир гана «жеке адамга сыйынуу» менен түшүндүрүүгө болбойт. Мамлекеттик түзүлүштөгү өзгөрүүлөр да маанилүү роль ойногон. 2021-жылдагы конституциялык реформа президенттик бийликти күчөттү, ал эми 2025-жылы көп мандаттуу округдар боюнча шайлоо системасына өтүү парламенттик өкүлчүлүктүн механизмин өзгөртүп, жалпы республикалык партиялык тизмелерди жокко чыгарды.
АКШдагы жана Кыргызстандагы кырдаалды толугу менен бирдей кароого болбойт. Биринчи учурда президенттин саясий багытына берилген баа партиянын талапкерлеринин шайлоодогу жыйынтыгына кандай таасир этери жөнүндө сөз болуп жатат. Экинчи учурда талапкерлер менен депутаттардын партия жетекчилиги менен болгон мамилесиндеги өз алдынчалыгы талкууланууда. Экөөнө тең орток суроо - партия өз лидеринен көз карандысыз иш жүргүзүүгө канчалык жөндөмдүү?
Бул өз алдынчалык конкреттүү жагдайлар аркылуу аныкталат. Партия жетекчисинин каталарын ачык талкуулай алабы? Талапкерлерди атаандаштык негизде көрсөтөбү? Жетекчилигин бөлүнүп-жарылбастан алмаштыра алабы? Партияны ким каржылай турганы жана чечимдер кандай кабыл алынары ачык-айкынбы?
Күчтүү лидер партияны өзүнүн ички эрежелерине ээ болуу зарылчылыгынан бошотпойт.
Эгер бардык чечимдер бир адамдан көз каранды болсо, анын жаңылыштыктары бүтүндөй партиянын көйгөйүнө айланат. Андай шартта кетирилген каталарды оңдой турган эч ким калбайт.
