17 февраль

Картошка-2025: Фермердин көзү менен

Акыркы кезде картошканын баасы тууралуу өлкө базарларынан түшүп жаткан кабарларды терең өкүнүү жана нааразычылык менен окуп жатам. Айыл чарба продукциясынын баасын “күч менен” жөнгө салуу пайдасыз жана натыйжасыз иш. Мындай аракеттер фермерлер туш болгон негизги көйгөйлөрдү чечпейт. Болгону кырдаалга жасалма түшүнүк берет.

Айрым парламент депутаттары, кээ бир аткаминерлер, урматтуу керектөөчүлөр жана журналисттер бул маселени терең түшүнбөй жатканы таң калтырат. Алар көбүнчө баа маселесин рыноктук суроо-талап жагынан гана карап келишет. Бирок ар бир килограмм картошканын артында миңдеген фермерлердин талыкпаган эмгеги, кетирген чыгымдары, тобокелчиликтери жана үмүттөрү турганын эстен чыгарып коюшууда.

Фермердин түйшүгү, чындыгында, оор. Өлкөбүздүн 5 миллиондой жараны айыл жеринде жашап, жер иштетүү менен үй-бүлөсүн багат. Бул жөн гана жумуш эмес, чоң мээнетти, сабырдуулукту талап кылган жашоо образы.

Анткен менен дыйкандардын эмгегинин натыйжалуулугу дагы деле төмөн бойдон сакталууда. Айыл жеринде элибиз аз киреше алып келүүчү эгиндерди дагы эле өстүрүп жатышат. Себеби алар заманбап технологияларга, сапаттуу үрөндөргө, жер семирткичтерге жана техникаларга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Өстүрүлгөн түшүмдүн баасы көбүнчө ага кеткен чыгымды жаппайт. Бул болсо карыздын көбөйүшүнө жана чарбаны өнүктүрүүгө болгон кызыгуунун жоголушуна алып келет.

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө системалык мамиленин жетишсиздиги байкалууда. Фермерлерди колдоо боюнча так иштелген программалар, заманбап логистикалык чечимдер, продукцияны сактоо жана кайра иштетүүчү инфраструктура эми гана калыптана баштады.

Адилеттүүлүк үчүн айта кетсем, биз – фермерлер дагы көп учурда илимий ыкмаларды колдонбойбуз. Көпчүлүгүбүз эски ыкма менен иштеп, агротехнологиялык жана башкаруу методдорунун заманбап жетишкендиктерине маани бербейбиз.

Айыл чарба — бул илимий жетишкендиктерди колдонууну талап кылган тармак. Фермерлерге агротехнологиялар, заманбап ыкмалар боюнча агартуу иштери, тажрыйба алмашуу жана окутуулар керек. Ансыз өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүн эмес.

Айыл чарба — бул жөн гана талаа иши эмес, татаал жана илимий жактан негизделген агробизнес. Ал кара күчтөн тышкары, агрономия, экономика жана менеджмент боюнча терең билимди талап кылат. Тилекке каршы, айыл жеринде өндүрүш маданияты али да болсо төмөн деңгээлде. Бул продукциянын сапатына, атаандаштыкка жана фермерлердин кирешесине түздөн-түз таасирин тийгизет.

Ошентсе да, айыл чарба тармагында учурда оң жылыштар байкалууда. Бул өзгөрүүлөргө Бакыт Төрөбаев жетектеген Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аракеттери чоң салым кошуп жатат. Министрлик фермерлер, окумуштуулар жана эксперттер менен ачык диалог түзүүдө олуттуу кадамдарды жасап, билим берүү программаларын, форумдарды жана жолугушууларды уюштурууда. Мындай иш-чаралар көйгөйлөрдү талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн пайдалуу платформа болуп саналат.

Мисалы, январь айынын аягында министрлик уюштурган республикалык «АгроДиалог-2025» форуму фермерлер, адистер жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусуна негиз түздү. Ушундай форумдар биргелешкен чечимдерди табуу, тажрыйба бөлүшүү жана айыл чарба тармагынын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн абдан маанилүү аянтча. Министрлик фермерлердин үнүн угууга даяр экенин көрсөттү.

Ал эми айыл чарба тармагындагы талкууга катышып жаткандарга кайрылгым келет: эгер фермерлердин чыныгы көйгөйлөрүн билбесеңиз, анда үстүртөн жана ойлонбой айтылган пикирлерден карманыңыз. Жыйынтык чыгарганга чейин фермерлерди угуп, алар күн сайын кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын терең түшүнүү керек.

Бардык фермерлерге мол түшүм, туруктуу баа жана эртеңки күнгө ишеним каалайм.

Сиздердин түйшүктүү эмгегиңиздер адилет баасын алсын!

Саламатта болуңуздар, урматтуу кесиптештер-фермерлер!
Мен сиздер менен биргемин!

Манас Саматов
«Бай Багбан» ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин кандидаты, фермер

Манас Саматов
Манас Саматов фермер, техника илимдеринин кандидаты, эл аралык консультант