Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз курама команданын формасы даяр болду
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турган улуттук курама команданын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.
Белгилей кетсек, «Байра» компаниясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине арналган форманы иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча сынактын жеңүүчүсү болду. Ал эми улуттук курама команданын спорттук экипировкасын Joma бренди даярдады.
