Кыргызстандагы диний саясаттын өнүгүшү: чакырыктар, жетишкендиктер жана келечеги
Кыргызстанда диний чөйрө коомдук жашоонун маанилүү бөлүгү болуп, маданий, социалдык жана саясий жараяндарга олуттуу таасирин тийгизип келет.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2024-жылдын экинчи кварталы боюнча маалыматына ылайык, өлкөдө 4313 диний уюм катталган. Анын ичинен 3914 ислам динине тиешелүү, 3593 мечит, 220 диний билим берүү жана кайрымдуулук мекемелери, ар кандай багыттагы 41 диний уюм бар. Мечиттердин эң көбү Ош облусунда жайгашкан (1063), андан кийин Жалал-Абад (819) жана Баткен облустары (427) турат. Нарын облусунда болгону 194 мечит катталган, бул анын мечиттердин саны эң аз болгон аймак экенин көрсөтөт.
Христиандык конфессияларга 395 уюм тиешелүү, алардын ичинен 46 православдык бирикмелер, 69 элүүнчүлөр, 62 баптисттер, 45 пресвитериандар, 41 Жахабанын күбөлөрү жана башка багыттар бар.
Өлкөдө бирден буддисттик жана иудей уюмдары бар, ал эми бахаи коомчулугуна төрт уюм тиешелүү.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору жүргүзгөн социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, жарандардын 81,4%ы диний абалды оң баалаган. Нарын облусунда бул көрсөткүч 89,7%ды түзсө, Бишкекте ал 71,3% гана болгон.
«Акыркы үч жылда болгон өзгөрүүлөр» тууралуу суроого 34,5% респонденттер олуттуу жакшыруулар болгонун белгилешкен, 34,3% анча чоң эмес өзгөрүүлөр, ал эми 9,9% абалдын начарлап кеткенин билдиришкен.
Бул маалыматтар туруктуулук, жаштар арасында диний ишенимдин өсүшү жана радикалдуу агымдардын таасиринин күчөшү сыяктуу чакырыктарды көрсөтүп турат.
Белгилей кетсек, диний чөйрөдө негизги көйгөйлөрдүн бири катары радикализм коркунучу кала берүүдө, ал чет жактагы каржылоонун, жергиликтүү салт-санаага жат идеологиялардын жайылышынын эсебинен күчөп келет.
Мамлекет диний балансты сактоо, экстремизмдин алдын алуу зарылдыгын алкагында системалуу мамиле менен катар укуктук жактан дагы иштерди жүргүзүп келет.
Диний чөйрөдөгү мыйзамдардын тарыхы 1991-жылы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын бекитилиши менен башталган. Бул нормативдик акт диний уюмдарды түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берип, алардын санынын тез өсүшүнө алып келген. Бирок так жөнгө салуу механизимдердин жоктугу радикалдашуу, чет өлкөлүк таасирлер менен байланышкан анын алсыз жактарды ачып берген.
2008-жылы мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда диний уюмдарды каттоо боюнча талаптар катаалдашып, миссионердик ишмердүүлүк чектелип, каржылоо булактарын көзөмөлдөө күчөтүлгөн.
Кийинки этап 2014-жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын 2014–2020-жылдарга карата Концепциясынын бекитилиши болду. Документте мамлекеттин диний чөйрөдөгү ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары аныкталган. Анын ичинде салттуу диний бирикмелерди сактоо, улуттук идентүүлүктү колдоо жана диний негизде чыккан чыр-чатактарды алдын алуу белгиленген.
Концепцияда исламдын ханафий мазхабынын матрудий акыйдасы менен христиандык православиени бекемдөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленген. Ошондой эле концепциянын алкагында радикализмдин алдын алуу механизмдери жана диний билим берүүнү модернизациялоо демилгелери иштелип чыккан.
2021–2026-жылдарга карата концепциянын жаңыланган версиясы улуттук иденттүүлүктү бекемдөө, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү жана диний билим берүүнү мындан андан ары реформалоо чараларын камтыйт. Өзгөчө ислам билим берүү мекемелерине светтик предметтерди киргизүүгө каралган. Бул диний жана светтик билимдердин гармониялуу айкалышын камсыз кылат.
Мындан сырткары, диний лидерлерди аттестациялоо, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу каралган.
2024-жылдан тарта диний уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Ал укуктук базаны өркүндөтүү, эсептик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, диний уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын күчөтүү жана чет өлкөлүк каржылоону көзөмөлдөөгө багытталган.
Коомдук талкууну жараткан талаштуу пункттарды талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун, тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече кеңешмелер өткөрүлдү. Бул талкуулар мамлекеттин жана диний жамааттардын сунуштарын эске алууга шарт түздү.
Талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстандагы диний саясаттын өнүгүүсү мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарды коргоо, светтик принциптерди сактоо жана радикализмдин алдын алган тең салмактуу башкаруу системасын түзүүгө умтулууну айгинелейт. Анын алкагында жаштар арасында диний ишенимдин өсүшү улуттук иденттүүлүктү бекемдөө жана диний сабаттуулукту заманбап билим берүү аркылуу жогорулатуу зарылдыгын белгилейт.
Бул контекстте Кыргызстан дин эркиндигин сактаган, жоопкерчиликти жана светтик принциптерди гармониялуу айкалыштырган мамлекет катары башкаларга үлгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Дин чөйрөсүн жөнгө салууга багытталган реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу социалдык туруктуулукту бекемдөө, чыр-чатактарды алдын алуу, диний баалуулуктар мамлекеттик кызыкчылыктар менен шайкеш келген коомду түзүү үчүн бекем негиз түзөт.
