Ооруну Интернеттеги кеңештер менен эмес, илимий медицина менен кызматташуу аркылуу гана жеңүүгө болот
Дерматовенерологияда козу карындар пайда кылган оорулардын тобу бар. Алардын башкача аталышы бар - микоздор. Тоолуу аймакта жашайбыз жана ар бир үчүнчү-төртүнчү үй-бүлө мал кармайт, мындан улам козу карын оорулары боюнча кайрылуулар көп. Эл ичинде бул оору эңилчек (лишай) деп да аталат, бирок бул жалпыланган түшүнүк. Эңилчек көбүнчө ири мүйүздүү мал менен байланышканда пайда болот, бизге ошондой эле спорт менен алектенгендер, негизинен балбандар кайрылышат. Жогорку жугуштуулугунан жана тынымсыз сүрүлүүдөн жана тердөөдөн улам килемдерде козу карындардын колониялары пайда болот, алар ачык тешикчелер аркылуу адамдын терисине оңой кирип кетет. Козу карындар жаныбардан адамга жана адамдан адамга жугушу мүмкүн.
Оору майда чекиттен башталат, гиперемия жана кызаруу пайда болот, андан соң периферияга өсөт. Микроспорияда жарааттын ортосу жакшырат дагы, тери кадимки өңүнө келип калат, бирок ошол эле учурда кызарган тактар дененин башка жактарына жайыла баштайт, анан кычышат, жабыркаган жерди күнү-түнү тырманууга туура келет. Тырмана бергендиктен козу карындар бир жуманын ичинде теринин башка бөлүктөрүнө тарайт. Мышыктар микроспорияга кабылганда жүнү түшө баштайт, а кишиде эгерде козу карындар баштын чачтуу бөлүгүндө орун алса, чач түшөт жана сынып баштайт, бул 4-6 мм деңгээлинде болуп, чач кыркылгандай түр берет.
Козу карындарды алып жүрүүчү менен үзгүлтүксүз байланыш микоздорду жугузуп алуу коркунучун көбөйтөт. Бир айлын ичинде бул маселе менен бизге 15-20 адам кайрылат. Жайкы убакта бейтаптар бир топ аз болот, а жазында жана күзүндө, авитаминоз маалынын алдында көбөйөт. Дарттын өнүгүшү дайыма боло бербейт, анткени биздин терибиз өзүнүн милдетин жана коргоо функциясын жакшы аткарат. Тери катмары бүтүн болсо, кимдир бирөө менен кол алышкандан кийин колду жууп жүрсө жана иммунитет бар болсо, эңилчекти жуктуруп алуу тобокелчилиги азаят. Ооруну өтүштүрүп алып, бизге кайра келген адамдар да болот, бул абдан капалантат. Ооруну Интернеттеги кеңештер менен эмес, бир гана дарыгер жана илимий медицина менен кызматташуу аркылуу гана жеңүүгө болот.
Ветеринарларда жаныбарлар үчүн паразиттерге каршы вакцина бар. Алдын алуу үчүн малды атайын эритмелерге киринтишет. Ар бир жаныбар үчүн өзүнчө дарылоо белгиленет. Балдар жана улуулар колдорун тез-тез жууп жана көчөдөгү жаныбарлар менен байланышты азайтууга аракеттенүүсү керек, ал эми үйдөгү мышык, иттерди эмдетүү зарыл. Бул жерде душ кабыл алуу менен эле чектеле албайсың. Дарылануу учурунда спортчуну машыгуудан бошото туруу кажет.
