Түтүндүн алдын алуу үчүн эмне кылуу керек
Ыштын төрт түрү бар, алардын экөө, бактыга жараша, бишкектиктерге таасир этпейт – вулкандык жана муздуу ыш. Бишкекте түтүндүн эки түрү бар – дүйнөдө биринчи жолу ачылган жана кыш мезгилинде байкалгандыктан, негизинен күкүрт кычкылынан жана диоксидинен турат жана негизинен көмүр күйгөндө бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар болуп эсептелинет. Экинчи түрү "лос-анджелестик" – экинчи дүйнөлүк согуш учурунда биринчи жолу байкалган жана Форд революциясынан кийин көп сандагы автотранспорттор, сапаты төмөн бензин жана күн тийгенде пайда болгон фотосмог деп аталган нерсе менен байланыштуу. Ыштын бул түрү ошондой эле күкүрт диоксидинин, жер деңгээлиндеги уулуу озондун болушу менен мүнөздөлөт, ал адамга терс таасир этет, татаал кычкылдануу жолдорунан өтүп, чыккан газдар менен байланышып, ар кандай заттарды, анын ичинде формальдегидди пайда кылат, бул онкологияны жана башка көп ооруларды чакырат.
Ошентип, Бишкектеги кырдаал ыштын эки түрү менен мүнөздөлөт – Лондон-кышкы жана Лос-Анжелес фотосмогдору, алар көмүр менен жылытууда чыгат, бизге ар кайсы тараптан ички күйүүчү кыймылдаткычтардын сапаты начар көмүрлөр алып келинет, ошондой эле айрым аз өнүккөн өнөр жайлардын да таасири бар, тилекке жараша өнүгүп жаткан өнөр жайлардын анчалык кесепети жок.
Күкүрттүн диоксиди, көмүртек кычкылы жана озонго резина, темир жана башка көптөгөн күйүүчү продуктулардан турган PM 10 жана PM 2.5 микробөлүкчөлөрү кошулат. Алар кан тамырлардын дубалдарынан өтүп, адамдын организмине чоң зыян келтирет, анын ичинде инсульт, коронардык кан тамырлардын жабышуусу, бөйрөктүн жана башка ички органдардын иштешинин бузулушуна алып келет.
Бул факторлордун баары тамактын жеңил кыжырдануусунан жана жөтөлдүн симптомдорунан астма жана кан тамыр ооруларына чейин организмге таасир этүүчү ыштын негизги зыяндуу таасирлери. Эң жаманы, ыш жаш балдарга таасирин тийгизет, аларда өпкөнүн өнөкөт ооруларын, астма оорусун, а кош бойлуу аялдарда тератогендик таасирди жаратат.
Бул абдан кооптуу жагдай жана цивилизациянын ага так жообу жок. Терапия дагы көп сунуш бере албайт, баары эле организмди коргоо керек деген менен чектелет.
Акыл-эстин деңгээлиндеги сунуштарга келсек, Бишкекти ыш каптап жатканын жана бул жагдай Кыргызстандын бүткүл аймагына таасирин тийгизбей турганын түшүнүү керек. Учурдагы ыш коэффицентин сайттан окудум, мисалы, борбордо 310 шарттуу бирдик катталса, Балыкчыда - 39, Таласта - 100 ж.б.
Биз бул ыштын чындыгы менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек!
Ыштын терс таасирлерин алдын алуу үчүн, көптөгөн булактар микробөлүкчөлөрдү жана башка зыяндуу заттарды өзүнө сиңирип ала турган маскаларды кийүүнү сунуштайт, бул ыш көбөйө баштаган кырдаалда сактанууга жардам берет. .
Ыштын кесепеттерин алдын алуу үчүн сейилдегенди азайтып жана сыртта көпкө жүрбөө керек. Эгерде ыштын деңгээли алгылыктуу ченемдерден ашып кетсе, анда денеңизге чоң зыян келтирет, ошондуктан сыртта активдүү спорт менен машыгуудан баш тартканыңыз оң.
Үйдү күнүнө 3-4 жолу жууп-тазалап, эшик-терезелерди жабык кармоо максатка ылайык. Азыр абаны тазалоо үчүн татаалдан жөнөкөйгө чейин көптөгөн технологиялар, ал тургай атайын каражаттар менен жылыткычтар бар.
Сууну көп ичип, мүмкүн болушунча курамында антиосиданттар бар (лимон, апельсин же киви кошулган суу, газдалган суу) суусундуктарды пайдалануу керек. Булар организмден зыяндуу элементтердин чыгышына жардам берет.
Керектелген тамак-аш жеңил болуп, организмде кошумча оордук жаратпашы керек жана антиоксиданттардан турушу зарыл. Капуста, жашыл жашылча, кызыл калемпир, пиязды көбүрөөк жеш керек. Бул тууралуу ар бир диетолог айтып берет.
Дем алуу органдарынын жана жүрөктүн оорулары менен ооруган улгайган адамдар, албетте, дарылоочу дарыгердин бардык сунуштарын аткарып, азыркы дарылоосуна, өзгөчө бронхиалдык астма жана өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунан жапа чеккендерге оңдоолордун киргизилүүсү зарыл.
Алардын жанында пульмонолог же терапевт жазып берген ингалятору болушу керек жана бул абдан маанилүү, анткени биз бул коркунучтуу көрүнүштүн бардык аспектилерин али биле элекпиз.
Мен баарынан этият болууну суранам жана убакыттын өтүшү менен Кытай, Индия өңдүү мамлекеттердин катышуусун эске алганда, кырдаал өзгөрөт деп ишенем. Жаңы сунуштар, жаңы дарылар жана терапиялар пайда болот. Бул күрөш эми гана башталды, ошондуктан оптимисттик маанайды карманышыбыз керек. Ал эми биз – дарыгерлер, журналисттер, экологдор, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү бул көйгөйдү элибиз менен бирге жеңүү үчүн керектүү нерсенин баарын жасашыбыз керек.
