Нарын аймактык бөлүмүнүн жаңы имараты жана заманбап автодромунун курулушу башталды
Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын тапшырмасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун жетекчилигинин демилгеси жана жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосу менен мекемеге 2 гектар жер тилкеси кадастрдык тартипте өткөрүлүп берилди.
Бүгүн, 2026-жылдын 20-августунда, аталган жер тилкеде Мамлекеттик борбордун Нарын аймактык бөлүмүнүн жаңы имаратын жана заманбап автодромду куруу иштери башталды.
Жаңы имарат жана заманбап автодром жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана айдоочулук сынактарды заманбап талаптарга ылайык өткөрүүгө өбөлгө түзөт.
Бул долбоор Нарын облусунун тургундары үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
