Экстремизм менен күрөш: КМШдагы коопсуздукка жаңы кадам
КМШ өлкөлөрүнүн дерадикализация чөйрөсүндөгү Кызматташтык программасынын кабыл алынышы аймактагы терроризм жана экстремизм коркунучуна каршы күрөштө маанилүү кадам болуп саналат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен иштелип чыккан программа 2021-жылдын май айында сунушталып, 2024-жылдын 8-октябрында Москвада өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында жактырылган.
Программа Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.
Программа экстремисттик жана радикалдык агымдардын мыйзамдашуусуна бөгөт коюуга багытталган. Ал чалгын кызматтары менен компетенттүү бөлүмдөрдүн системалуу өз ара аракеттенүүсүнө, заманбап чакырыктар менен күрөшүү ыкмаларын өркүндөтүүгө жана киберкоопсуздук чөйрөсүндө макулдашылган чараларды көрүүгө багытталган.
Программа бир катар башкы багыттарды камтыйт:
1. Экстремисттик идеологияга каршы туруу: калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, экстремизмди пропагандалоого каршы туруу, улуттар аралык жана диндер аралык мамилелерди чыңдоо.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүү: жумуш орундарын түзүү, жакырчылык деңгээлин азайтуу, билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү.
3. Укук коргоо органдарын чыңдоо: мыйзамдык базаны өркүндөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашууда кызматташуу.
Программанын маанилүүлүгүнө карабастан, КМШ өлкөлөрүнүн алдында турган бир катар көйгөйлөр жана кыйынчылыктар бар. Бул - каржылык ресурстардын чектүүлүгү, КМШ өлкөлөрүнүн өнүгүү деңгээлиндеги айырмачылыктар, саясий пикир келишпестиктер. Россия чөлкөмдөгү негизги оюнчу катары Программаны ишке ашырууга жигердүү катышууга, керектүү колдоолорду жана финансылык ресурстарды берүүгө тийиш экенин да эске алуу зарыл.
Борбор Азия өлкөлөрүндө коомдун, айрыкча жаштардын радикалдашуу көйгөйлөрү чындап эле актуалдуу. Радикалдашууга таасир эткен негизги факторлор: билимдин жетишсиздиги, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү, жумушсуздук, эмгек миграциясынын жогорку деңгээли, идеологиялык боштук, күнүмдүк көйгөйлөрдүн канааттандырарлык эмес чечилиши, коррупция, этностор аралык мамилелер, коомдук коопсуздук, сот адилеттигине жетүү, тыюу салынган радикалдык топтордун көмүскө иш-аракеттери, террористтик жана радикалдык топтордун чет өлкөлүк лагерлерине жалданган жарандарды ташуу үчүн колдонулуп жаткан каналдар, ошондой эле деструктивдүү чакырыктар жана идеялар таратылуучу интернет-ресурстар.
Программаны ишке ашырууда КМШ өлкөлөрү дерадикализациянын учурдагы үлгүлөрүн колдонушу мүмкүн, алардын ар биринин жакшы жана жаман жактары бар. Мисалы, Йеменде жана Жакынкы Чыгыш менен Түштүк-Чыгыш Азиянын кээ бир өлкөлөрүндө колдонулган теологиялык диалогдун үлгүсү жасалма исламдык идеологиялык түзүлүштөрдү жокко чыгаруу үчүн колдонулат. Билим берүү программалары Пакистанда ишке ашырылат жана формалдуу билимди, оңдоп-түзөлгөн диний билимди, кесиптик билим берүүнү, кеңеш берүүнү жана терапияны камтыйт. Сауд Аравиясында колдонулган комплекстүү программалар психологиялык жардамды, диний билим берүүнү жана коомчулукка реинтеграциялоо жана үй-бүлөнү бириктирүү маселелери боюнча көмөк көрсөтүүнү камтыйт.
Башка мамлекеттердин, мисалы Сингапурдун, Испаниянын тажрыйбасы КМШ өлкөлөрү үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн. Сингапур идеологиялык, тарбиялык жана алдын алуу багыттарын камтыган комплекстүү ыкманы колдонот.
Испания мурдагы ЭTA согушкерлери үчүн "кайра тарбиялоо" үлгүсүн колдонот, анын ичинде террордук уюм менен байланыштан ачык баш тартуу, жабырлануучулардан кечирим суроо, компенсация төлөп берүү, жаза мөөнөтүн өтөө, окутуу жана адистик алуу бар.
Биздин оюбузча, дерадикализация чөйрөсүндө Кызматташтык Программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл: Программаны каржылоону күчөтүү, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгуу - мында жооптуу аткаруучу КМШ Терроризмге каршы борбору болушу мүмкүн - терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында эл аралык уюмдар менен кызматташууну чыңдоо, КМШ өлкөлөрүнүн калкы арасында терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү.
Ошондой эле терроризм жана экстремизм менен күрөшүү жаатында КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда эксперттик жолугушууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу маанилүү.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтары менен компетенттүү ведомстволорунун системалуу өз ара аракеттенүүсүнө, заманбап чакырыктарга каршы күрөшүүнүн ыкмаларын өркүндөтүүгө, киберкоопсуздук чөйрөсүндө макулдашылган чараларды көрүүгө көңүл буруу зарыл.
КМШ өлкөлөрүнүн дерадикализация чөйрөсүндөгү Кызматташтык программасынын кабыл алынышы аймактагы терроризм жана экстремизм коркунучунун күчөшүнө каршы күрөшүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бирок бул аймактагы коопсуздукту чыңдоонун узак жана татаал жолунун башталышы гана экенин эстен чыгарбоо керек. Бул коркунучтарга каршы күрөшүүдө алдын алуу чараларына, экстремисттик пропагандага каршы турууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого көңүл буруу зарыл.