20 апрель

Казакстанда органикалык продукцияларды экологиялык маркалоо тутумун өнүктүрүп жатышат

Дүйнөдө экологиялык таза продукцияларга болгон суроо-талап тездик менен өсүүдө. Казакстанда бул тармакты жөнгө салуу максатында 2024-жылдын 10-июнунда «Органикалык продукцияны өндүрүү жана анын жүгүртүлүшү жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынган.

Жаңы мыйзамдын өзгөчөлүктөрү:

 Мыйзам продукцияны өндүрүүнү гана эмес, аны сактоо, ташуу, таңгактоо жана маркалоо процесстерин да толук камтыйт.

Органикалык продукциянын атайын сертификациядан өткөндүгүн көрсөткөн Улуттук шайкештик белгиси киргизилди.

Эл аралык стандарттарга жакындашуу үчүн ички көзөмөл тутумдары жана жамааттык кепилдик тутумдары (PGS) киргизилди.

Өндүрүүчүлөр үчүн сертификация чыгымдарын субсидиялоо чаралары каралган.

Бирок айрым көйгөйлөр дагы эле сакталууда: көзөмөл тутумунун жетишсиздиги, сертификациянын кымбаттыгы жана керектөөчүлөрдүн экологиялык белгилер жөнүндө маалыматынын аздыгы. Бул маселелерди чечүү Казакстанга органикалык продукция рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берет.

Б. Калымбек
Б. Калымбек юр.и.к, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин юридикалык факультетинин бажы, финансы жана экологиялык укук кафедрасынын профессору