27 март

“Жеңиштин” баасы. Эмнеге АКШ – Иран конфликти туңгуюкка кептелди

Вашингтондун Иранга болгон согушта “жеңишке жетишкени” тууралуу билдирүүсү факт менен тастыкталбайт. Бир айдан бери бир дагы маанилүү максаттар ишке ашкан жок, а кырдаал стратегиялык туңгуюк белгилерине туш келди. 

Согуштук аракеттер уланууда, сүйлөшүүлөр ортомчулар аркылуу болууда, жыйынтыктоочу сценарий аныкталган жок. Жарыяланган максаттар менен иш жүзүндөгү жыйынтыктардын ортосундагы айырмада башкы көйгөй жатат. 

Кыска убакытта күч жагынан басым жасоо ставкасы иштебеди. Анын ордуна конфликт аймактык туруксуздукту күчөттү. 

Негизги фактор – Ормуз кысыгы. Ал аркылуу дүйнөлүк нефтинин 20 пайыздайы өтөт, суткасына 14 миллион баррелге чейинкиси коркунучта калды. Иран кырдаалды көзөмөлүнө алды жана кысыкты басым жасоо инструменти катары колдонууда. 

Рынокко кысым энергетикалык эффектке алып келди. АКШ санкциялык саясатын жарым-жартылай оңдоого аргасыз болуп, Иран мунайына танкерлер менен операция жасоого уруксат берди. Бул санкцияларды конфликттин кесепеттерине ылайыкташтырууну билдирет. 

Кытайды алсыратуу максатына жеткен жок. Кытай Иран мунайынын экспортунун 80 пайыздан ашыгын камсыздайт. Жеткирүүлөр альтернативдүү схемалар аркылуу уланууда. 

Аскердик компонент натыйжа берген жок. Иран жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн сактап калууда. Сүйлөшүүлөрдү үчүнчү өлкөлөр аркылуу жүргүзүү чечүүчү артыкчылыктын жоктугун тастыктайт.

АКШнын союздаштары да толук консолидацияны көрсөтүшпөдү. Европа өлкөлөрү  так чыгуу стратегиясынын жоктугун белгилешүүдө.

Экономикалык кесепеттер аймактан тышкары да таасир этет. Энергетикалык ресурстардын баасынын туруксуздугу күчөп, глобалдык жеткирүү  чынжырларына басым жогорулайт.

Ошол эле учурда АКШ жарым-жартылай ийгиликтерге жетишти. Ирандын инфраструктурасына, анын ичинде мунай экспортунун объектилерине, мисалы, Харг аралына зыян келтирилди, ал аркылуу жеткирүүлөрдүн 90 пайызы өтөт. Аймактык коопсуздук системасына басым күчөтүлдү. 

Бирок бул натыйжалар жетишсиз. 
Жыйынтык бир беткей көрүнөт. 
Иранды мажбурлап моюн сундуруу ишке ашкан жок. 
Аскердик үстөмдүк бекемделген жок. 
Кытайдын алсырашы ишке ашкан жок. 
Союздаштар бириктирилген жок. 
Аймактык туруктуулук бузулду. 

Иран каршы туруунун негизги элементтерин сактап калууда. Ормуз кысыгын көзөмөлдөө, асимметриялык аракеттерге жөндөмдүүлүк жана сүйлөшүүлөргө катышуу – анын негизги ресурстары болуп саналат. 

Конфликттин андан аркы өнүгүшү, негизинен, эки сценарийге келип такалат.

Эскалациялык сценарий – басымдын күчөшүн жана конфликттин кеңейишин болжолдойт. Мындай вариант энергетикалык ресурстардын баасынын өсүшүнө жана жаңы оюнчулардын тартылышына алып келет. 

Сүйлөшүү сценарийи – жеңилүүнү расмий түрдө тааныбастан, ортомчулар аркылуу учурдагы тең салмактуулукту бекитүүнү билдирет. Мындай ыкма чыңалууну азайтууга мүмкүндүк берет, бирок негизги карама-каршылыктарды жойбойт. 

Учурда сценарийлердин бири дагы ачык артыкчылыкка ээ эмес.

Ошондуктан "жеңиш" жөнүндө айтууга эрте. Болуп жаткан окуянын так аныктамасы – бул тараптардын бири дагы жарыяланган стратегиялык максаттарына жетише албаган узакка созулган башкарылуучу кризис. 

Эгер максималдуу түрдө түз айтсак, сөз жеңиш жөнүндө эмес. Кырдаал ушундай болуп калды: согушту аяктоого караганда, аны баштоо оңой.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт