25 февраль

Иран менен АКШнын ортосунда жаңжал чыгып кетсе, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү радикалдык топтор баш көтөрүшү мүмкүн

Акыркы кезде Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу курчуп, согуш чыгып кетүү да коркунучу жаралууда. Бирок эки өлкө ядролук жана башка келишимдерге жетишпей, кырдаал согуштук жол менен чечилсе, анда анын кесепети Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай болот? “Евразия Бүгүн” маалымат агенттиги бул суроого жооп алуу кайрылды.

Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгыштагы абал чындап эле курчуп баратат. Бул АКШнын Иранга жакынкы күндөрү аскердик сокку урушу мүмкүн деген коркунуч менен байланыштуу. Эгерде мындай сценарий ишке ашса, анда тиреш эки өлкө менен гана чектелбейт. Кырдаал дүйнөдөгү энергетикалык рынокторго, соода агымдарына жана аймактык коопсуздукка чоң зыян алып келет. Борбор Азия түздөн-түз согуш талаасына айланбаса да, кагылышуунун толкундары сөзсүз түрдө аймакка жетет.

Иран дүйнөлүк мунай агымынын стратегиялык чекитинде жайгашкан мамлекет. Андагы Ормуз кысыгы аркылуу күн сайын 20 миллион баррелге чейин мунай ташылат. Чыңалуу күчөп, кысык коркунучка кабылса, мунайдын баасы 20–50%га көтөрүлүшү мүмкүн. Бул күйүүчү майдын кымбатташына алып келет. Транспорттук чыгымдардын өсүшү менен азык-түлүк, курулуш материалдары жана күнүмдүк товарлардын баасы да жогорулайт.

Баанын өсүшү Борбор Азия өлкөлөрүнө ар түрдүүчө таасир этет. Казакстан мунай экспорттоочу өлкө катары кыска мөөнөттө кирешесин көбөйтө алат. Бирок узак мөөнөттө логистикалык тоскоолдуктарга жана инвестициялык тобокелдиктерге кабылуу ыктымалдыгы жогору. Түркмөнстан газ экспорттоочу катары жаңжалдан пайда көрүшү мүмкүн. Бирок санкциялар төлөм жүргүзүүчү каналдарга таасир этип, сооданы кыйындатуу коркунучу бар. Ал эми Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу мунай импорттоочу өлкөлөр үчүн инфляция өзүнүн терс натыйжасын берет. Айрыкча Кыргызстан менен Тажикстан үчүн күйүүчү майдын кымбатташы экономикага олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, Иран аркылуу өткөн Кытай–Европа транзиттик коридорлорунда да тоскоолдуктар пайда болот. Транзиттик чыгымдардын өсүшү көмүр, металл, текстиль сыяктуу товарлардын экспортун кымбаттатып, инфляцияны күчөтүп, аймактык өлкөлөрдүн экспорттук атаандаштыгын алсыратуу коркунучу жогору.

Экономикалык кыйынчылыктар менен катар эле, жаңжал радикалдуу идеологиялардын күчөшүнө да түрткү берет. Согуштук риторика, экстремисттик чакырыктар социалдык тармактар аркылуу жайылып, айрым радикалдуу топтор бул кырдаалды пропагандалык максатта пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн.
Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук эл аралык көңүлдү Афганистан факторунан башка жакка бурат. Борбор Азия мамлекеттери үчүн чек ара коопсуздугу, транзит жана мыйзамсыз агымдар маселеси кайра күн тартибине чыгат.

Мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү көп векторлуу саясатты карманышат. Бир тарапты ачык колдоо экинчи тарап менен мамилени начарлатышы мүмкүн болгондуктан, нейтралдуулук эң оптималдуу стратегия болуп саналат. Аймактын глобалдык процесстерге түз таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан мамлекет лидерлери эл аралык уюмдардын алкагында дипломатиялык жана гуманитардык демилгелерди көтөрүп, тынчтыкка чакырууга умтулушат.

АКШ–Иран тиреши Борбор Азия үчүн түз согуш коркунучун жаратпайт. Бирок ал экономикалык жана саясий сыноо болуп калат. Жаңжалдын ыктымалдуулугу шартында Борбор Азия мамлекеттеринин алдында бир катар маселелер турат. Аларга мунай резервдерин көбөйтүү, инфляцияны көзөмөлдөө, ички жана тышкы коопсуздукту чыңдоо, нейтралдуу дипломатияны улантуу кирет. Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы регионалдык кызматташтыкты күчөтүү зарыл. Мындай кадамдар тобокелдиктерди азайтууга жардам берет.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт