“Шамшы” суу сактагычынын курулушу аяктап калды
27 июнь

“Шамшы” суу сактагычынын курулушу аяктап калды

Нарындагы “Шамшы” суу сактагычынын курулушу аяктап калды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, БДРдин курулушуна Ислам өнүктүрү банкы, Сауд өнүктүрү банкы жана КР министрлер кабинети тарабынан  жалпы сметалык баасы 15,972 млн. АКШ доллары каралып, азыркы күндө жалпы жумуштун  80% пайызы аткарылды. 

Суу сактагычтын тосмосу  2416 м деңиз деңгээлинен бийиктикте курулуп, ал эми 2270-2030 метр деңиз деңгээлинен бийиктикте магистралдык жана ички чарбалык  каналдар курулууда.  

Долбоордун алкагында сугат жерлерин жана жаңы сугат аянттарын сугат суусу менен камсыз кылууну жогорулатуу максатында  3,8 млн.м3 көлөмдөгү суу сактагыч гидротехникалык курулмалары менен  плотина, башкы суу алуучу курулмасы менен жаңы магистралдык канал (10,5 км) жана ички чарбалык канал (35км) гидротехникалык курулмалары менен куруу каралган.

Аталган суу чарба курулмалары курулуп ишке берилсе,  1068 га сугат  аянты жана суу жетпей пайдаланылбай келген 1704 га сугат аянты толук суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө.