Ысык-Ата районунда жогорку кирешелүү жашылча-жемиштер отургузулууда
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Томат КейДжи” үрөн чарбасында жогорку кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрү отургузула баштады.
Аталган чарбада төмөнкүдөй айдоо жумуштары жүрүүдө:
- Таттуу калемпир – 0,25 гектар
- Ачуу калемпир – 0,25 гектар
- Түстүү капуста (кызгылт, сары, жашыл сорттору) – 0,8 гектар
- Брокколи – 0,75 гектар.
Бул жашылчалар экспортко жарактуу, азыктык баалуулугу жогору жана базар баасы туруктуу болгондуктан, дыйкандар үчүн пайдалуу продукциялардан болуп саналат.
Айыл чарба өсүмдүктөрдү жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти мындай жогорку кирешелүү жашылча-жемиштерди өстүрүүнү өлкөнүн башка аймактарындагы дыйкандарга да сунуштайт. Бул демилге айыл чарбасын диверсификациялоого, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана фермерлердин кирешесин арттырууга багытталган.
Өсүмдүктөрдү туура тандап, агротехникалык талаптарга ылайык өстүрүү – экономикалык ийгиликтин ачкычы. Ошондуктан дыйкандарга заманбап технологияларды колдонуу менен инновациялык агрардык тажрыйбаларды өздөштүрүү сунушталат.
