Баткенде «Кожо-Кайыр» чакан ГЭСинин курулушу жүрүүдө
30 апрель

Баткенде «Кожо-Кайыр» чакан ГЭСинин курулушу жүрүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын айылынан агып өткөн Кожо-Кайыр каналына чакан ГЭС курулууда.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, ГЭСтин кубаттуулугу саатына 650 КВТ электр энергиясын өндүрөт.

Өндүрүш ишканасын 2025-жылдын 31-августуна пайдаланууга берүү пландалган.

Ишкананы курууга жалпы 440 миң АКШ доллары инвестиция болууда. Анын ичинен 25 млн сому Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунан насыя берилген.

ГЭСтин курулушу менен 10 жумуш оруну түзүлүүдө жана жергиликтүү деңгээлде электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт.