Улуттук банк валюта базарына ири интервенция жасады
30 апрель

Улуттук банк валюта базарына ири интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдагы экинчи интервенцияны жасап, 29-апрелде валюта базарына 158 млн 300 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Бул сумманын $129,4 млн бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, ал эми $28,9 млн бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептешүү менен сатылган.

Мурду ушул эле жылы 13-январда Улуттук банк валюта рыногуна 79 млн доллар саткан.