Жарым жыл ичинде 10 млрд кВт·с керектелди, импорт – 2 млрддан ашык
20 июль

Жарым жыл ичинде 10 млрд кВт·с керектелди, импорт – 2 млрддан ашык

Бүгүн, 2025-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2025-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын

өкүлү, КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана министрликке караштуу энергетикалык компаниялардын, мекемелердин жана алардын филиалдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын тийиштүү жетекчилери жыл башынан берип аткарылган иштери, алдыга койгон иш пландары тууралуу баяндама кылды.

Ал эми өткөрүлгөн коллегияда энергетика министри Т. Ибраев 2025-2026-жылдагы куз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин сапаттуу жана оз убагында аткарылышын жана бул боюнча жоопкерчилик каралаарын жетекчилерге эскертип отту. Быйылкы жылга коюлган пландарды өз убагында аткаруу, долбоорлорду ишке ашыруу, керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, учурдун талабы экенин баса белгиледи.

2025-жылдын 1-жарым жылдыгында энергетика тармагында бир катар иштер аткарылды. Алардын катарын төмөнкүлөр толуктайт:

1. 2025-жылы 6 айдын жыйынтыгы менен Республика боюнча жалпы керектөө 10,0 млрд киловатт-саатты түздү. ГЭСтерден – 6,616 млрд киловатт-саат, Жылуулук электр борбордон – 1,132 млрд киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлду. Ал эми коңшу өлкөлөрдөн 2,050 млрд киловатт-саат электр энергиясы импорттолду. Мындан тышкары жеке чакан ГЭСтерден жана «Чакан ГЭС» ААКынан – 219,7 млн кВт/c, Күн электр станцияларынан – 0,141 млн кВт/c өндүрүлдү.

2025-жылдын март айында Токтогул ГЭСинин акыркы гидроагрегаты реконструкцияга берилди. Азыркы учурда №3 гидроагрегаттын ротору генератор шахтасына ийгиликтүү түшүрүлдү. 768 тонналык жүк эки даана 400 тонналык кран менен орнотулду. Бул иш-чара Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштеринин алкагында аткарылды.

Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатын реабилитациялоо аяктап, кубаттуулугу кошумча 60 мегаваттка жогорулайт. Тагыраак айтканда, кошумча 525,3 млн киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлот. Төрт агрегатты жаңылоонун натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу 240 МВтка жогорулап, кошумча 24 000 кожолукка электр энергиясы берилет.

Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегаты март айында модернизауиялоого берилген. Иштердин алкагында маанилүү этабы – салмагы 132 тонна болгон статорду генератор шахтасына ташуу жана орнотуу ийгиликтүү аяктады. Ташуу 250 тонналык көпүрө краны менен жүргүзүлдү. Статор март айында жыйнала баштап, ташууга чейин толугу менен даярдалган.

Үч-Коргон ГЭСинин №-4 агрегатын реабилитациялоо жумуштары аяктап, кубаттуулугу дагы 9 мегаваттка жогорулады. Бул 140,6 млн килловат-саат дегенди тушундурот.

3. “CASA-1000” долбоорунун алкагында Датка-Сугд 500 кВ электр аба чубалгысы толук аяктады

4. Кылым долбоору аталган Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоорунун 2014-жылы иштелип чыккан ТЭНин актуалдаштырууга сынак өткөрүлүп, аткаруучу менен келишим түзүлүп, иштер аткарылууда. Бүгүнкү күнгө карата ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталды. Бул иш-чараларды ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан мурда бөлүнгөн 5 млн АКШ долларына кошумча дагы 13,6 млн АКШ доллары бөлүнүп берилип, ал эми Камбарата-1 ГЭСинин негизги курулуш иштерине дагы Дүйнөлүк банк тарабынан үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан) 1,5 млрд. АКШ долларын бөлүп берүүсү каралууда.

Аткарылган иштери:

Бишкек-Ош трассасынын 318-км № 2 бөлүнгөн жерге чейин Камбар-Ата ГЭС-1 створунун кирүүчү автожолду куруу:

  • 90% жер иштери аткарылды;
  • 80% бетондоо иштери аткарылды;

Чыгуу порталы менен Т-2 туннелинин бүтпөгөн участогун (126 п.м.) куруу:

  • 100% туннелди өтүү жана үстүн, жактарын бетондоо аткарылды;
  • 93% ички жолун бетондоо иштери аткарылды;

Камбар-Ата ГЭС-1 створунун 110 кВ АЧ (18 км) жана 110/6кВ көмөк чордонун куруу:

  • 57% линиясын тартуу иштери аткарылды;
  • 88% темир мамычаларды орнотуу иштери аткарылды.

№ 2 прорезден Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш аянтына чейин кирүүчү жаңы автожолдорду куруу:

  • 90% жер иштери аткарылды;
  • 22,3% бетондоо иштери аткарылды;

Нарын дарыясы аркылуу Камбар-Ата ГЭС-1 створун көздөй оң жээкте көпүрөнү куруу:

  • 90% үймөктөрдү бургулоо жана бетондоо иштери аткарылды;
  • 25% үйүлгөн пайдубалдын үстүнкү бөлүгү аткарылды;
  • жалпы көпүрөнүн 10% иштери аткарылды;

Куруучулар үчүн убактылуу поселокту куруу:

  • 45% фундамент иштери аткарылды;
  • Камбар-Ата-1 ГЭС жолбоору боюнча 2025-жылга пландар:
  • Автожол участогу № 4, 5, 6, 7, 8, 9: 6,27 км бетондоону аяктоо;
  • Автожол участогу №10, 11, 12, 13, 14, 15: 8,7 км бетондоону аяктоо;
  • Транспорттук туннелбоюнча иштерди аяктоо;
  • 110 кВ АЧ жана 110/6 кВ көмөк чордонун курулушу: узундугу 8,21 км болгон АЧ жана 110/6 кВ көмөк чордонун курулушу аяктоосу;

Көпүрөнүн курулушу: 12 даана үймөктөрдү бургулоо жана бетондоо, 3 даана үйүлгөн пайдубалдын үстүнкү бөлүгү бетондоо жана көпүрөнүн аралыгын орнотуу боюнча иштерди аяктоо;

Куруучулар үчүн убактылуу поселок: иштин толук көлөмүн аяктоо.

5. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү.

Азыркы учурда ЕТӨФдөн 1-Лот турбина жана генератор орнотуу боюнча тендерди уткан подрядчы менен келишим түзүлгөн. 2 жана 3-Лоттор боюнча баалоо отчеттору ЕТӨФ кө кароого жөнөтүлгөн.

6. Быйыл жалпы кубаттуулугу 78,57 МВтты түзгөн 18 чакан ГЭСти ишке берүү пландалууда. Алардын ичинен 2 чакан ГЭСтин курулушу аяктап, учурда тесттик режимде иштеп жатат. Бул эки станциянын жалпы кубаттуулугу 10,29 МВтты түзөт.

Азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 1,43 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат. Ал эми жыл башынан бери 1 күн электр станциясын (300 МВт) жана 1 шамал электр (100 МВт) станциясын куруу максатында фундаменттик кутучалар орнотулду.

Ушул жылдын дагы бир жагымдуу жаңылыгы – кубаттуулугу жалпы 1000 МВтты түзгөн 3 күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду.

Ошондой эле Орто-Токой суу сактагычында жана “Кара-Көл” чакан ГЭСинде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Мындан тышкары, Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери да активдүү түрдө жүргүзүлүүдө.

“Чакан ГЭС” ААК Папан ГЭСинде курулушка карата даярдык иштерин улантууда. Аны менен катар KRED долбоорунун алкагында Ылдыйкы Тар ГЭСин курууга жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоого консультациялык кызматтарды тандоодо.

Мындан тышкары, “Чакан ГЭС” ААК 2025-жылы өлкөбүздүн автоунаа инфраструктурасын жаакшыртуу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү максатында өз каржы эсебинен 10 электрозаряддоочу станцияны орнотууну мерчемдеп, ишке ашырууда.

7. “Кыргызкөмүр” МИ 514,0 миң тонна көмүр казылып, 3,365 млн м³ кыртыш ачуу иштери жүргүзүлдү.

“Кыргызкөмүр” МИси кендерди иштетүүгө жана чалгындоого 21 лицензия алган, учурда алардын төртөө толук кандуу ишке берилген. Анын ичинен “Загара-2” жана “Урмизан-3 кендери Республиканын түштүк аймагында жайгашкан. Калган лицензиялар боюнча чалгындоо жана долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.

Күз-кыш мезгилин өткөрүү учурунда калкты өз убагында арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында, “Кыргызкөмүр” МИ республиканын облустарында жайгашкан 75 отун базалары менен келишимдер түзүлүп иштер алынып барылган.

8. 2025-жылы Новопокровка айылын (4 263 кожолук) газдаштыруу улантылууда. Мындан тышкары, Ак-Босого, Военно-Антоновка турак жай жана калктуу конуштарын (7 776 кожолук) газдаштыруу пландаштырылган. Ошондой эле, Эне-Сай, 69 Га (Арча-Бешик) жана Селекция турак жай жана калктуу конуштарын газдаштыруу үчүн долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми ушул жылдын башынан бери 100 чакырым газ түтүгү курулуп, жалпысынан газ тармагына 6 800 абонент кошулду.

2025-жылдын июль айына карата жаратылыш газын сатуунун көлөмү 265,4 млн м³ түздү. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине карата 263,8 млн м³ (0,6 %) көбөйгөн. 2025-жылга жаратылыш газын жеткирүүнүн болжолдуу көлөмү 540,0 млн м³ пландалууда.

“Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 349 чечими менен бекитилип, тиешелүү органдар жана банктар тарабынан иш-чаралар аткарылууда. Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 3 кожолука жалпы суммасы 259,0 миң сом кредиттер берилди.

9. “Түндүк Сох” жана “Чоңгара Галча” кендеринде мунай жана газ өндүрүү үчүн № 2 Лицензиялык келишим алынды. “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы менен "Кыргызтранснефтегаз" МИ биргеликте мунай скважиналарында оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда мунайды кайра иштетүүчү заводту куруу иштери 99%га аяктады. Толук ишке киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын август айына пландалууда. 7 скважиналарды тазалоо, бургулоо иштери жүргүзүлдү. Учурда 50гө жакын жумушту иш алып барууда. Долбоор толук ишке кирген соң 350-400 жумушчу орун түзүлөт.

10. Электр энергиясы менен камсыздоо кызматтарынын сапатын жана ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында Жалал-Абад жана Нарын облустарында 5 райондук электр тармактарынын (РЭТ) жаңы административдик имараттарынын курулушу жүрүүдө:

  • Жалал-Абад облусу: Майлуу-Суу РЭТ, Чаткал РЭТ;
  • Нарын облусу: Нарын РЭТ, Ат-Башы РЭТ, Жумгал РЭТ.

Ош электр тармактар ишканасы тарабынан ижаралык төлөмдөрдү кыскартуу максатында төмөнкү 2 участок курулуп бүткөрүлдү:

  • Кулатов участогу (Ноокат РЭТ);
  • Чек-Абад участогу (Араван РЭТ).

Мындан тышкары "Электр станциялар" ААКнын башкы административдик имаратынын курулушу башталган. Атаган имаратты ушул жылдын август айында пайдаланууга беруу пландалган.

11. 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында энергетика тармагына оздүк каражаттын эсебинен 82 даана атайын техника сатып алынды.(“Кыргызкомур” МИ - 8 техника, “Чакан ГЭС” ААК - 2 жеңил автоунаа, “КУЭТ” ААК- 70 даана атайын техника, "Электр станциялар" ААК 2 атайын техника сатып алынды.)

12: Курулуп жаткан көмөк чордондор

  1. 110 кВ «Мурас» көмөк чордону (Бишкек шаары);
  2. 110 кВ «Дача» көмөк чордону (Жалал-Абад облусу);
  3. 110 кВ «Промышленная» көмөк чордону (Баткен облусу);
  4. 35 кВ «Талды-Суу» көмөк чордону (Нарын облусу);
  5. 35 кВ «Абшыр» көмөк чордону (Ош облусу);
  6. 35 кВ «Кожомкул» көмөк чордону.

13: Муну менен катар 2025-жылдын башынан тартып республика боюнча 10/0,4 кВ электр тармактарында аткарылган иш-чаралар:

  • Кошумча трансформатордук көмөк чордондор орнотулуп, учурдагы трансформатордук кубаттуулуктар 190 бирдикке жогорулатылды;
  • 216,5 чакырым электр берүү линиялары курулуп жана реконструкцияланды, анын ичинен 205,5 чакырым эски зымдар СИП-2 маркасындагы изоляцияланган зымдарга алмаштырылды.

-8200 даана жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды;

-250 миң даана «акылдуу эсептегичтер» орнотулду.

14. Капиталдык ремонт иштери:

  • 35-500 кВ чыңалуудагы 116 көмөк чордондордун жабдуулары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
  • 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 1654 даана трансформатордук көмөк чордондор оңдолду;
  • 35-500 кВ чыңалуудагы 414 чакырым аба чубалгылары оңдолду;
  • 10-0,4 кВ чыңалуудагы 1588 чакырым аба чубалгылары оңдолду.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2025-жылы бир катар маанилүү макулдашууларга кол коюу менен эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрдү.

(Мисалы: Азербайжан, Өзбекстан, Россия Федерациясы, Түркия, Япония, Түштүк Корея жана башка чет мамлекеттер менен меморандумдарды түздү)