Токтогул районунда эл аралык туристтик фестиваль өттү
Токтогул районундагы Чычкан жайлоосунда 26-июнда “Чычкан өрөөнү – 2025” III эл аралык туристтик фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев, Ош, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, КР Соода-ѳнѳр жай палатасынын өкүлдөрү, коңшу Өзбекстандын Фергана жана Наманган облусунан келген делегация курамы, чет өлкөлүк меймандар жана район тургундары катышты.
Тилек Текебаев жалпы фестивалдын катышуучуларын куттуктап, бул иш-чараны үчүнчү ирет өткөрүлүп жатышы — Жалал-Абад облусунун, анын ичинде Токтогул районунун туризм тармагын өнүктүрүүгө жана Чычкан өрөөнүнүн уникалдуу жаратылышын дүйнөгө таанытууга жасаган аракеттердин бири экенин белгиледи.
Туристтик фестивалга катышкан коңшу Өзбекстандан атайын делегациянын келиши, эки элдин достук мамилелеринин өнүгүүсүнүн бир мисалы экенин кошумчалады.
Өкүл иш-чаранын алкагында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн бал аарычылык, кол өнөрчүлүк, айыл чарба азыктарынын көлөмүн көбөйтүү, экспортко жол ачууга көмөк көрсөтүүлөрүн айтты.
Саамалыкта улуттук оюндардын түрлөрү көрсөтүлүп, концерттик программа жана жарманке менен коштолду. Ошондой эле Жалал-Абад облусу менен Фергана облусунун ортосунда туризм жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
